Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-октябры № 472-б
Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы маалымат жана басма сөз жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маалымат жана басма сөз жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколдун кыргыз тилинде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрине жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маалымат жана басма сөз жаатындагы кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛ
Мындан ары - Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү,
1997-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин 8-беренесин жетекчиликке алып,
өздөрүнүн өлкөлөрүнүн жана элдеринин ортосундагы достук мамилелерди жана байланыштарды тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын тең умтулуусуна шыктанып,
өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун маанилүү фактору катары маалыматты эркин таратууну эске алып,
жана Түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстердин алкагында маалымат жана басма сөз жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Басма сөз жана маалымат башкы башкармалыгынын ортосундагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар жыл сайын эки мамлекеттин учурдагы экономикалык, саясий, маданий жана социалдык абалдары жөнүндө өз ара түшүнүүнү жогорулатуу үчүн журналисттик иш боюнча мамлекеттик жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн визиттерин алмашып турууну жана пикир алышууларды колдоого алышат.
3-берене.
Тараптар эки мамлекеттин жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кесиптик байланыштарын бекемдөө үчүн мамлекеттик жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен басма сөз жана маалымат тармагындагы семинарларды өткөрөт.
4-берене.
Тараптар эки мамлекеттин экономикалык, маданий жана социалдык өнүгүшүн жана элдеринин жетишкендиктерин көрсөткөн жаңылыктарды жарыялашат, анын ичинде:
- социалдык, маданий, саясий жана өлкөнүн экономикалык жашоосун жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү маалыматтык материалдар;
- даректүү жана хроникалык телепрограммалар жана репортаждар, ошондой эле билим берүү программалары;
- музыкалык, оюн-зоок жана балдар телепрограммалары ишке ашырылат.
5-берене.
Тараптар өз ара макулдашылган негизде аракет жумшап, жалпыга маалымат каражаттарынын журналисттери жана техникалык персоналдары үчүн билимди жогорулатуучу иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк түзүшөт.
6-берене.
Тараптар экинчи Тараптын мамлекеттик жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кесиптик иштерин жүргүзүүдө кабыл алган мамлекеттин улуттук мыйзамдарына ылайык зарыл колдоолорду көрсөтүшөт.
7-берене.
Пландаштырылган өз ара визиттердин жана окутуучу программалардын чоо-жайы тууралуу Тараптар бирин-бири дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдап турушат. Ар бир учурда өзүнчө финансылык камсыздоо каралат.
8-берене.
Жиберип жаткан Тарап кабыл алып жаткан Тараптын жайгашкан жерине чейин өз делегациясынын эл аралык транспорттук чыгымдарын көтөрөт, ошол эле мезгилде Тараптардын регламентине ылайык, эки тараптык макулдашуу боюнча кабыл алуучу Тарап ички орун которуунун жана жайгашуунун чыгашаларын көтөрөт.
9-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары төмөндөгүлөр болуп саналат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги,
Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Басма сөз жана маалымат башкы башкармалыгы,
алар өз мыйзамдарына жана эл аралык укуктук ченемдерге ылайык учурдагы Протоколдун аткарылышы боюнча жооптуу мамлекеттик органдар болуп саналышат.
10-берене.
Ушул Протокол ар бир Тараптын алар катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарын жана милдеттенмелерин козгобойт.
11-берене.
Тараптар пайдаланылган, алмаштырылган материалдардын (жаңылыктардын, макалалардын, аналитикалык маалыматтардын) мазмунунун, маанисинин, мүнөзүнүн өзгөрүлбөшүнө жана эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарына негизделген автордук укуктарды бузбоого милдеттенишет.
12-берене.
Ушул Протоколду чечмелөөдө жана/же колдонууда келип чыккан ар кандай талаштар өз ара сүйлөшүүлөр жана кеңешүүлөр аркылуу жөнгө салынат.
13-берене.
Ушул Протоколго өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын өз ара макулдугу боюнча киргизилет, алар өзүнчө протокол менен таризделет, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана бул Протоколдун 13-беренесине ылайык күчүнө кирет.
14-берене.
Ушул Протокол, Тараптар бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу алардын тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболорунун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу түрүндө билдирүү келип түшкөн күндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Протокол 1 (бир) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири кийинки мөөнөт аяктаганга чейин бул иш-аракеттерди токтотуу жөнүндө жазуу түрүндө 3 (үч) ай мурда кайрылбаса, автоматтык түрдө дагы бир жылга узартылат.
20____ "____"-_______________ шаарында түзүлдү. Ар бири кыргыз, түрк жана англис тилинде эки түп нускада жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Протоколду талкуулоо учурунда кайчы пикирлер келип чыккан учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |