Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУГУ
2017-жылдын 18-майы № 69
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тикелей мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүүнүн тартибин иштеп чыгуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тикелей мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүүнүн тартибин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тикелей мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
3. Жумушчу топко зарыл болгон учурда өз ишине эксперттик жана финансылык жардам көрсөтүү үчүн көз карандысыз эксперттерди жана донорлорду белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| А.Ш.Осмоналиев |
Тиркеме
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тикелей мамлекеттик башкарууну жана анын режимин киргизүүнүн тартибин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Иминов Махамаджан Саитович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Курманбаева Аида Маратовна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, укук коргоо органдары жана сот системасы чөйрөсүндөгү мыйзам чыгаруу башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кускаков Камчыбек Казыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Алыкулов Рамис Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти; |
Бакасов Султан Бакасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Исакова Эльмира Ашимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги; |
Нурунбетов Сыймык Балтахунович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын бюджеттер аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Калмырзаев Мирбек Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык пландаштыруу жана региондорду өнүктүрүү башкармалыгынын региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Атакулов Мирлан Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин финансы саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Усеналиев Марат Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик, мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги; |
Жумагулов Жамбулбек Басымбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Кучкакова Лилия Султанбековна | - | Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Мамбетисаева Гульнура Эрнисовна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Ашырбаев Мирлан Шекербекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана укук коргоо органдарында, юстиция, тышкы иштер жана коопсуздук органдарында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |