Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-октябры, № 134
Кыргыз Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптация боюнча стратегиялык программасынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптация боюнча стратегиялык программасынын долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ (мындан ары- жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2017-жылдын 20-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүнө карата адаптация боюнча стратегиялык программасынын долбоорун толуктап иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 токтому менен түзүлгөн Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин жана эксперттик коомчулуктун, алардын ичинен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн зарыл болгон учурда ишке тартууга белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жумушчу топтун ишине белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмү жумушчу топтун жумушчу органы болуп аныкталсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси-министр
| Н. С. Момуналиев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Климаттын өзгөрүүсүнө карата
адаптация боюнча стратегиялык программасынын долбоорун
толуктап иштеп чыгуу үчүн жумушчу топтун
курамы
Уметалиев С. Б. | . - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
ДалбаевТ. А. | . - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кемелова Д.А. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Иманалиев Д.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Оморов А.К. | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
|
Керималиев Ж.К. | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Абдралиева Г. К. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Горин О.В. | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Рыспеков А. А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Кокочаров У.К. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Жусупов А.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
|
Жундубаев К.Ш.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Текеева Л А.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Токторалиев Б.А.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик;
|
Касымов О.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий өндүрүштүк бирикмесинин директору;
|
Асанходжаев Р.Г.
| - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары;
|
Сапарбаев А.
| - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери;
|
Эсенаманова Н.
| - Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы инвестициялар боюнча адис (макулдашуу боюнча).
|