Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 783
Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 430, 2017-жылдын 14-августундагы № 477 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча иш-чараларды жетектөө жана координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык конвенциясынын жана ага Киото протоколунун талаптарына ылайык Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия түзүлүп жана ага климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук органдын функциялары тапшырылсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын курамы, 2-тиркемеге ылайык.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
| 2-тиркеме |
Климаттын өзгөрүшү боюнча координациялык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 430, 2017-жылдын 14-августундагы № 477 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын (айлана-чөйрөнү коргоо маселесин тейлеген) вице-премьер-министри, Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын (мындан ары - Координациялык комиссия) төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары (айлана-чөйрөнү коргоо маселесин тейлеген), Координациялык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Энергиянын кайра жаңылануучу булактары" ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.