РаспоряжениеКүчүндө

КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР 2017-жылдын 21-февралындагы № 31 (Комиссия түзүү жөнүндө) буйругу

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР

 

БУЙРУК

2017-жылдын 21-февралы № 31

Нарын облусунун юстиция башкармалыгынын начальниги В.М.Жумабаеванын кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү жүргузүү максатында:

1 Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:

 

Саралаева Ж. У.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасы;

 

Чынбаева А.Р.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы:

 

Джумалиев К.С.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн  эксперти;

 

Рысбекова Т.Б.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын мыйзамдуулукка мониторинг жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Чынтемиров Б.Ч.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын оперативдүү башкармалыгынын l-бөлүмүнун улук оперкызматкери.

 

 

Өкмөттүн Аппарат

жетекчиси-министр

 

А.Ш.Осмоналиев