Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 13-январы № 2
2016-жылы аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарындагы "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн аткаруучулук тартибинин абалын иликтөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында бул маселени кароону өз убагында даярдоо максатында:
1. Жумушчу топ 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарындагы аткаруучулук тартиптин 2016-жылдагы абалын - 2017-жылдын 16-январынан 28-февралына чейинки мөөнөттө 2-тиркемеге ылайык иликтесин;
- 2017-жылдын 16-январынан 28-февралына чейинки мөөнөттө 2016-жылы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы жарандардын кайрылуулары менен иштөнүн абалын 3-тиркемеге ылайык иликтесин
- жүргүзулгөн иштердин натыйжалары боюнча конкреттүү тыянактары менен маалымкаттарды даярдасын.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл болгон маалыматты сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топко материалдарды жана тиешелүү маалыматтарды берүүдө зарылдыгына жараша көмөк көрсөтүүну камсыздашсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү. каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыздашсын:
- жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык жетектөөнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына материалдарды өз убагында даярдоону жана киргизүүнү.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев |
1 -тиркеме
2016-жылы аткаруу бийлигинин мамлекеттик
органдарындагы жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн
жана аткаруучулук тартиптин абалын иликтөө боюнча жумушчу
топтун курамы
Конурбаева И.Ж.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы, аткаруучулук тартиптин абалын изилдөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Солтонбекова А.К.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Молтоева А.Э | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн эксперти; |
Самыкбаев А.А | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо белүмүнүн эксперти; |
Алыкулов P.M.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-ииспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти; |
Абдыкалыков Э.Ш. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн референти; |
Орозов Б.С. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн референти; |
Курманов АА. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмүнүн референти; |
Сокеев А.Б.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн референти; |
Олжобаева В.К. | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыздоо боюнча топтун башкы адиси.
|
2-тиркеме
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.
3-тиркеме
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.