Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 27-апрели № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун ортосундагы кызматташуунун 2018-2022-жылдарга карата алкактык программасынын долбоорун даярдоо максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө Программанын долбоорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын aгроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун
Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун
ортосундагы кызматташуунун 2018-2022-жылдарга карата алкактык
программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
курамы
Далбаев Таалайбек Абасканович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Керималиев Жаныбек Калканович
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Акматбеков Улан Акматбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнун эксперти, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Джеенбекова Надира Бабырбековна
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донорлук жардам башкармалыгынын начальниги;
|
Акжолов Нурбек Акжолович
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын программалык жардам жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк бөлүмүнүн башчысы;
|
Эсенгельдиева Сайкал Манасбековна
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин 1-катчысы |
Касымбекова Лира Байысбековна
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;
|
Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна
| Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин реалдуу сектордун статистикасы башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
|
Курамаев Байкадам Курашович
| Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
|
Токторбаева Жылдыз Айтбековна
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмунүн начальниги;
|
Салыкмамбетова Баглан Нурстановна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн начальниги;
|
Матеев Азиз Уларбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун кеңешчиси.
|
Дорджи Кинлай | Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Армен Седракян | Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасынын адиси (макулдашуу боюнча);
|
Каныкей Улан кызы
| Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Программалык адиси (макулдашуу боюнча).
|