Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 30-сентябры № 168
Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлгөн талаш-тартыштуу кырдаалга байланыштуу, жашоочулардын келип түшкөн даттанууларында жана кайрылууларында баяндалган фактыларды иликтөө жана объективдүү текшерүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылууларында баяндалган фактыларды объективдүү жана ар тараптуу текшерүү жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жыйынтыктарын жана конкреттүү сунуштарын берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарылдыгына жараша министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын эксперттерин, тийиштүү адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ведомстволор аралык комиссияга анын ишине зарыл болгон сураган маалыматтарды беришсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев
|
Ведомстволор аралык комиссиянын
Курамы
Тиркеме
Халитов Михаил Гилфанович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Султаналиев Туруспек Оморович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
|
| Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
|
Джантаев Азисбек Темирбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору;
|
Усенов Абас Халилович
| Чүй облусунун Сокулук районунун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Абдылдаев Сагын Токонович
| Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Джумагазиев Канат Сагынович
| Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги; |
Абдыкадыров Нурлан Ыдырысович
| Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн прокурору (макулдашуу боюнча); |
Жолдошалиева Дамира Жолдошалиевна
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана экспертиза боюнча башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
|
Кенжебаева Айнура Абдрасуловна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жерди пайдаланууну жана кайтарууну контролдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Сооронова Нурия Рахманбердиевна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жерге жайгаштыруу жана жер кадастры боюнча бөлүмүнүн начальниги; |
Тогонбаев Эсен Алтымышович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин коомдук бирикмелер менен иштеө боюнча бөлүмүнүн башчысы.
|