Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2016-жылдын 11-октябры № 176
1. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын онкология жана гематология кызматтарын кайра уюштурууга багытталган ишти координациялоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- 2016-жылдын 10-ноябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын онкология жана гематология кызматтарын кайра уюштурууну жана алардын базасында жаңы кызматты түзүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине киргизсин;
- жаңы түзүлгөн кызмат толук иштеп баштаганга чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине уюштуруучулук жана методикалык жардам көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө ушул буйруктун 2-пунктунун экинчи абзацында аталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.
4. Жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- топчолорду түзүүгө;
зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын көз карандысыз эксперттерин белгиленген тартипте ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан өз функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
А.Ш.Осмоналиев
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын
онкология жана гематология кызматтарын кайра уюштурууга
багытталган ишти коордииациялоо боюнча жумушчу топтун
курамы
Исаев Санжарбек Эркинович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Мурзалиев Амангельди Джолдошбекович | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
|
| Жумушчу топтун мүчөлөрү:
|
Ешходжаева Анара Сагынбаевна
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Тойматов Самат Шакеевич
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгынын начальниги;
|
Джумабаева Индира Турганбаевна
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык секторунун башчысы;
|
Абдылдаев Дамир Керимович
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу;
|
Шаимбетов Бакыт Орозобекович
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун илимий иш боюнча директорунун орун басары; |
Джакыпбаев Ормонбек Асанбекович | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз гематология илимий борборунун гематология бөлүмүнүн башчысы.
|