Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-марты № 79
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 94 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2012-жылдын 3-июлундагы № 180 буйругу менен бекитилген Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун уставына ылайык:
1. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун Байкоочу кеңешинин курамы 1- тиркемеге жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун Башкармасынын курамы 2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 30-августундагы № 198 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси |
С. Дж. Исаков
|
1-тиркеме
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын
"Мурас" фондунун Байкоочу кенешинин курамы
Карыбаева Мира Аскеровна
| Кыргыз Республикасынын Президентинин кенешчиси; |
| Байкоочу кенештин мүчөлөрү:
|
Казаков Түгөлбай Токтогулович
| Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
|
Жекшеев Жыпар Жекшеевич
| коомдук ишмер;
|
Асанканов Абылабек Асанканович
| Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарыхый жана маданий мурастар институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, мүчө-корреспондент;
|
Омурбеков Токторбек Наматбекович
| Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана Азия жана Африка өлкөлөрү кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору.
|
2-тиркеме
Кыргызстан элинин тарыхый жана ма шипи мурастарынын
"Мурас" фондунун Башкармасынын курамы
Чороев Тынчтыкбек Кадырмамбетович
| Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, Башкарманын төрагасы;
|
Тюмонбаев Шаазадан Акылбекович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнүн тарых жана маданият маселелери боюнча секторунун башчысы;
|
Молдокасымов Кыяс Сатарович
| Чүй университетинин социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты;
|
Турдалиева Чолпон Джапарбековна
| Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология программасынын профессору;
|
Раев Султан Акимович
| Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург
|