Редакцияот 22.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 22-сентябры № 420-б

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 502-б буйругунун редакциясына ылайык)

Бишкек шаарын борбордук жылуулук менен камсыздоо үчүн насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын :

- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;

- Кыргыз Республикасынын, "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

  

Премьер-министр

С. Дж.Исаков