Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-октябры № 502-б
Бишкек шаарынын борбордук жылуулук камсыздоо системасынын насостук станцияларын куруу жана реконструкциялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 420-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоорунда:
- III беренесинин 3.01 (1) бөлүмүндөгү ", ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасына ылайык" деген сөздөр алып салынсын.
Премьер-министр | С.Исаков |