Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-ноябры № 714
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү, 1-тиркемеге ылайык;
- ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмеги, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 30-августундагы № 593 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди БӨЛҮШТҮРҮҮ
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (Исаков С.Ж.)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик жана контролдоо жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары - Өкмөт) баш ийген органдардын иштерин координациялайт.
Өкмөттүн ишинин негизги багыттарын аныктайт.
Мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле коргонуу жөндөмүн, улуттук коопсуздукту жана укуктук тартипти чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат.
Мыйзамдуулуктун, жарандардын эркиндигинин жана укуктарынын сакталышын камсыз кылат.
Коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялайт.
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү, жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттик коопсуздукка зыян же коркунуч келтирген диний уюмдардын иштерине бөгөт коюу маселелери боюнча укук коргоо органдарынын эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Кызматтык кылмыштарды, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча укук коргоо органдарынын иштерин координациялайт.
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы бирдиктүү саясатты жүргүзүү боюнча иштерди координациялайт.
Жазаларды аткаруу тутумунун маселелерин координациялайт.
Коргоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруучу жана коргоочу, чек аралык контролдоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуу маселелерин координациялайт.
Юстиция, тышкы саясатты ишке ашыруу маселелерин координациялайт, Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сыртта Өкмөттүн атынан чыгат, мыйзамдарда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт.
Мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу, бюджеттик саясатты ишке ашыруу маселелерин жалпы координациялайт.
Соттордо Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо маселелерин координациялайт.
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялайт.
Өкмөттүн Ардак грамотасы, энчилүү курал жана башка өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлык менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, Кыргыз Республикасынын ардактуу жана атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт, класстык чендерди ыйгарат.
Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү соттору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, Шанхай кызматташтык уюму, эл аралык финансылык-кредиттик мекемелер менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген кадр маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри (финансы-экономикалык блок, Евразия экономикалык бирлиги) (Абдыгулов Т.С.)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Экономиканы өнүктүрүүнү талдоо, болжолдоо жана пландоо, тышкы экономикалык иш, инвестицияларды тартуу, өлкөнү өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгуу, техникалык жөнгө салуу, инвестициялык, финансылык, тарифтик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу, монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү, финансы рыногун өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу маселелерин, салыктар, бажы, салыктык эмес төлөмдөр жана жыйымдар чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу боюнча ишти, тейлеген чөйрөлөрүндөгү тармактык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну координациялайт.
Фискалдык саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгууну координациялайт.
Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча иштерди координациялайт.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы маселелерин координациялайт.
Лицензиялык-уруксат берүү тутумун оптималдаштыруу, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды баалоо боюнча мониторинг, аналитикалык жана маалыматтык иштер, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин координациялайт.
Маалыматтык технологиялар, байланыш жана электрондук башкаруу маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтүү жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу маселелерин координациялайт.
Өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматы, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери, Евразия экономикалык комиссиясы, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттер, Экономикалык кызматташтык уюму, ошондой эле башка өлкөлөр, эл аралык өнүктүрүү агенттиктери, эл аралык экономикалык уюмдар менен кызматташууну камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (өнөр жай, энергетика, кен пайдалануу) (Зилалиев Д.Т.)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Калкты жана аймакты өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелерин координациялайт.
Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын жана минералдык ресурстарды пайдалануу маселелерин координациялайт.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик мүлк объекттерин башкаруунун мамлекеттик саясаты, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун иштерин, эркин экономикалык аймактардын иштөө маселелерин координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (социалдык блок) (Султанбекова Ч.А.)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөлөрүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Социалдык саясат, социалдык кепилдиктер, миграция, эмгек, ишке орноштуруу, үй-бүлө, балдар, жаштар, санитардык көзөмөл, билим берүү, илим, спорт, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү саясат, этностук өнүктүрүү, гендердик саясат, маданиятты өнүктүрүү, басма сөз жана телерадиоберүү, маалыматтык саясат, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга социалдык кепилдик берүү жана колдоо көрсөтүү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо иштери боюнча маселелерди координациялайт.
Этностор аралык мамилелер, интеллектуалдык менчикти жана салттуу билимдерди коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыздоо маселелерин координациялайт.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, "Кыргызстан элинин ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассамблеясы, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коомчулук менен Өкмөттүн эриш-аркак иштөөсүн камсыз кылат.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндөгү маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (региондук жана инфраструктура өнүктүрүү) (Кенекеев Д.А.)
Өкмөткө баш ийген мамлекеттик органдардын ишин, мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча иштерди, ошондой эле тейлеген чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын иштерин координациялайт.
Региондук өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Республиканын административдик-аймактык түзүлүш тутумун реформалоо, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын иши, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу бөлүгүндөгү иштер боюнча маселелерди координациялайт.
Мамлекеттик агрардык саясатты жүргүзүүнү жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнү, жер реформасын, суу ресурстарын башкаруу чөйрөлөрүндөгү саясатты жүргүзүүнү, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча контролдоо жана көзөмөлдөө маселелерин координациялайт.
Транспорт, автомобиль жана темир жолдорун оңдоо жана күтүү, мамлекеттик жана мобилизациялык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоо, сактоо жана пайдалануу маселелерин координациялайт.
Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба маселелерин координациялайт.
Трансчекаралык дарыялардын суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо жана чек аралык аймактарды өнүктүрүү маселелерин координациялайт.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылат.
Мамлекеттик стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча ишти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо чөйрөсүндөгү өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин жана чек аралык аймактарды өнүктүрүүнү координациялайт.
Тейлеген чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын демилгелерине макулдук берет.
Тейлеген тармактарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындоого каралып жаткан талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет.
Тейлеген чөйрөлөрүндө маселелерди иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзөт.
2-тиркеме
Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (Исаков С.Ж.)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жалпы жетекчилик кылат жана контролдойт.
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мамлекеттик бюджетти аткаруу бөлүгүндө);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри (финансы-экономикалык блок, Евразия экономикалык бирлиги) (Абдыгулов Т.С.)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын.
3. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (өнөр жай, энергетика, кен пайдалануу) (Зилалиев Д.Т.)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын жана мамлекеттин үлүштүк катышуусу бар акционердик коомдордун.
4. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (социалдык блок) (Султанбекова Ч.А.)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (этностор аралык мамилелер бөлүгүндө);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын;
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн;
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн;
"Эркин Too" гезитинин;
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын.
5. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (региондук жана инфраструктуралык өнүктүрүү) (Кенекеев Д.А.)
Төмөнкүлөрдүн ишин координациялайт:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери бөлүгүндө);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын.