Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 811 (Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 811
Кабыл алынган
2017-жылдын 21-ноябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Реестрде

Минюст коду
216050

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция21.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Премьер-министринин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 688 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

 2017-жылдын 21-ноябры № 811

Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга конкурс өткөрүүдөгү уюштуруу маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

Республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасындагы дене тарбия жана спорт темасын эң мыкты чагылдырууга жыл сайын республикалык конкурс өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр, конкурстук комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары.

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Спорттук журналисттер федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн начальниги.

 

  

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.