Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-сентябры № 609
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Планды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча баардыгын камтыган чараларды көрүшсүн;
- ар апта сайын, жума күнү, Пландын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана көчүрмөсүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги апта сайын, ишембиде Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жооптуу экендиги белгиленсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программасын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Биринчи кезектеги ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер/чаралар | Индикатор/күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу органдар | Каржылоо булагы |
1 | Бишкек шаарында "Акылдуу шаар" пилоттук долбоорун ишке киргизүү | Бишкек шаарынын Чүй жана Манас проспектилеринде видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу | 01.10.2017 | Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча), МТБМК | Жеке инвестициялар жана донордук каражаттар |
2 | "Кыргыз Республикасынын электрондук визасы" системасын ишке киргизүү | Чет мамлекеттердин жарандары тарабынан 90 күнгө чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын туристтик жана ишкер визаларын Интернет аркылуу онлайн режиминде алуу | 02.10.2017 | ТИМ, МТБМК, УКМК (координациялоочу орган) | Республикалык бюджеттин чегинде |
3 | Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында "Электрондук кезек" системасын киргизүү | Коррупциялык тобокелдиктерди нивелирлөө менен электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү | 02.10.2017 | МТБМК, БИМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин чегинде |
4 | "IТ-академиясын" түзүү маселелерин иштеп чыгуу | "Маалыматтык-технологиялык билим берүү кластери" пилоттук (эксперименттик) долбоор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 05.10.2017 | БИМ (БОКБА) | Республикалык бюджеттин чегинде |
5 | Билим берүү уюмдарынын Интернет тармагын пайдалануусун камсыздоо | Интернет тармагына 1242 мектепти кошуу | 01.10,2017 | БИМ, МТБМК | Республикалык бюджеттин чегинде |
6 | "Электрондук КУП" долбоорун киргизүү | Кылмыштарды каттоо боюнча бирдиктүү маалыматтар базасы | 02.10.2017 | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), МТБМК, ИИМ, УКМК, Финансы полициясы, ЖАМК, МБК | Республикалык бюджеттин чегинде |
7 | "Электрондук транспорттук контролдоо" автоматташтырылган системасын киргизүү | "Электрондук транспорттук контролдоо" (ЭТК) автоматташтырылган системасын киргизүү үчүн компьютердик жана атайын жабдууларды орнотуу жана ЭТК системасын "Кулунду", "Кызыл-Бел", "Кок-Талаа", "Эркечтам", "Сары-Таш", "Карамык", "Жаңы-Арык", "Достук" жана "Ноокат" транспорттук контролдоо пункттарынын борбордук серверине интеграциялоо | 02.10.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
8 | Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында жана Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында пилоттук программа катары электрондук медициналык карталарды (оорунун электрондук таржымалы) киргизүү | Программа ишке киргизилген | 02.10.2017 | ССМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
9 | Мамлекеттик сатып алуулар порталын киргизүү | Мамлекеттик уюмдарды бириктирүү боюнча бирдиктүү платформа түзүү. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын киргизүү | 05.10.2017 | МТБМК | Республикалык бюджеттин чегинде |
10 | Уруксат берүү документтерин алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, консультацияларды өткөрүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, чакан жана орто бизнестин финансыларга ж.б. жеткиликтүүлүгү жеңилдетүү боюнча бизнести тейлөө борборлорун (БТБ) түзүү концепциясын иштеп чыгуу | БТБ түзүү концепциясын бекитүү | 05.10.2017 | ЭМ, Мамкаттоо, МТБМК, ММБК, ФМ | Жеке жана донордук каражаттар, республикалык бюджеттин каражаттары |
11 | Электрондук башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин кабыл алуу: - Бирдиктүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча жобону; - "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасынын концепциясын; - мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларынын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу үчүн "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы жөнүндө жобону; электрондук кызмат көрсөтүүлөр тизмесин; - Электрондук төлөө шлюзу жөнүндө жобону | 05.10.2017 | МТБМК | Республикалык бюджеттин чегинде |
12 | "Кыргыз почтасы" МИнин базасында калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтык күркөлөрдү түзүү | Маалыматтык күркө өзүнчө кураштырма модулдан турат (калкты тейлөөнүн чакан борбору) жана төмөнкү компоненттерди камтыйт: 1) санариптик фотоаппарат менен жабдылган фотобудканы; 2) күтүү жана тейлөө үчүн жерди; 3) Мамкаттоонун электрондук системасына кошулган оператордун жумушчу ордун | 02.10.2017 | МТБМК, Мамкаттоо, "Кыргыз почтасы" МИ | Республикалык бюджеттин чегинде |
13 | "Төлөм шлюзу" мамлекеттик маалыматтык системасын киргизүү | Төлөө фактыларын белгилөө процесстерин автоматташтыруу, кыска убакытта жана аз эмгек коротуп түрдүү ыкмалар менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү, төлөм шлюзу менен төлөмдөрдү кабыл алуучу уюмдардын маалыматтык системаларынын ортосундагы корголгон интерактивдүү маалыматтык өз ара байланышты уюштуруу, төлөмдөр жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгууда юридикалык жактан маанилүү болгон электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү | 02.10.2017 | МТБМК, Мамкаттоо, "Кыргыз почтасы" МИ | Республикалык бюджеттин чегинде |
14 | Электрондук патентти киргизүү | Электрондук патентти киргизүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу жана КР Өкмөтүнө киргизүү | 05.10.2017 | МСК, МТБМК, ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан текшерүүлөрдү онлайн режиминде жүргүзүү системасын пилоттук долбоор катары киргизүү | Текшерүүлөрдү онлайн режиминде жүргүзүүгө өтүү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууну аяктоо жана аны төмөнкүлөрдү камсыз кылуу максатында тесттик режимде ишке киргизүү: - текшерүүлөрдүн сапатын жогорулатуу; - КРда бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртуу; Экотех-инспекциянын инспекторлору тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ачык-айкындыгы жана субъективдүүлүктү азайтуу; - ишкердик субъекттерине кошумча талаптарды азайтуу; - коррупциялык опурталдарды азайтуу | 05.10.2017 | Экотех-инспекция | Республикалык бюджеттин чегинде |
16 | Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо боюнча долбоорду ишке ашырууну баштоо | Республикалык бюджеттен 350 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүү | 05.10.2017 | ФМ, ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
17 | Чыгарылуучу тамак-аш азыктарынын сапат жана коопсуздук менеджментинин, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген эл аралык системасын ишке киргизген компаниялардын санын көбөйтүү | Чыгарылуучу азыктардын сапатын жана коопсуздугун, анын ичинде ХАССП принциптерине негизделген тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджментинин системасын киргизүү аркылуу жогорулатуу максатында ишкердик субъекттерин жеңилдетилген каржылоо боюнча долбоорду ишке берүү | 05.10.2017 | ЭМ, ФМ, АЧТӨЖММ, Ветинспекция | Тартылган каражаттар |
18 | Салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча мурда тандалган шарттарды сактоого мүмкүндүк берүүчү турукташтыруу режимин колдонуунун тартибин жана шарттарын регламентациялоо жолу менен инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | Инвесторлор үчүн стабилдештирүү режимин колдонуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу КР Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | 15.09.2027 | ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
19 | Тендерлерди өткөрүү жол-жоболорун жана кызыкдар болгон жактардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө шарттарын жөнөкөйлөтүү | "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана коомдук талкууга чыгаруу | 05.10.2017 | ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
20 | Инвестициялык саясат боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана коомдук талкууга чыгаруу (зарыл болсо мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу) | 10.10.2017 | ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
21 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүн кыскартуу жана коррупциялык түзүүчүлөрдү четтетүү | Апостил берүүнүн мөөнөтүн эки күнгө чейин кыскартуу | 02.10.2017 | ЮМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
22 | Жылытуу, ысык суу менен камсыз кылуу, тамак-аш даярдоо жана электр менен жылытуу үчүн электр энергиясын пайдаланууга чектөөлөрдү алып салуу маселесин чечүү | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" КР Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | 10.10.2017 | МТБМК | Республикалык бюджеттин чегинде |
23 | Бишкек шаарынын эли көп участокторун үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылуу жана электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу | "Орто-Сай", "Спорт" подстанцияларын ишке киргизүү | 05.10.2017 | "УЭХК" ААКы, "Түндүкэлектр" ААКы | Эл аралык донорлордун каражаттарынын жана чет өлкөлүк инвестициялардын каражаттарынын эсебинен |
24 | "Ала-Тоо" турак жай массивин газдаштыруу | "Ала-Тоо" турак жай массивиндеги 2 миңден ашык үй ээлерин жаратылыш газы менен камсыз кылуу | 10.10.2017 | МТБМК, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы | "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын каражаттары |
25 | Соода операцияларын эсепке алуу жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соода операцияларын эсепке алуу жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү жөнүндө токтомун кабыл алуу, төмөнкүдөй жоболорду бекитүү: - электрондук эсеп-фактуралардын системасын киргизүү жөнүндө; - акча каражаттарын эсепке алуу системасын маалыматтарды онлайн-режимде берүүчү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен модернизациялоо жана интеграциялоо жөнүндө; - "виртуалдык кампалуу" электрондук эсеп-фактуралар системасын киргизүү боюнча жана товарларды идентификациялоо каражаттары (контролдук идентификациялык белгилер) менен маркалоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке компанияларды тандоо жана ишке тартуу | 30.09.2017 | ЭМ, ЮМ, ФМ, МСК, МТБМК | Республикалык бюджеттин чегинде |
26 | Салыктарды администрациялоонун электрондук системасын киргизүү | Сынамык долбоорлорду ишке ашырууга жеке компанияларды тартуу боюнча конкурс (конкурстарды) жарыялоо | 05.10.2017 | МСК, МТБМК | Республикалык бюджеттин чегинде |
27 | Салыктарды администрациялоонун электрондук системасын жана салыктарды администрациялоонун дистанциялык методдорун киргизүү үчүн бирдиктүү ченемдик укуктук базаны түзүү | "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 30.09.2017 | ЭМ, МСК | Республикалык бюджеттин чегинде |
28 | Салык кызматынын органдарына сынамык райондордо мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү эреже бузгандык үчүн администрациялык жоопко тартуу чараларын колдонууга укук берүү | "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | 20.09.2017 | ЭМ, МСК, СФ | Республикалык бюджеттин чегинде |
29 | Салык кызматынын органдарына сынамык райондордо социалдык которууларды эсептөөнүн жана өз убагында төлөөнүн тууралыгын текшерүүгө укук берүү | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | 20.09.2017 | ЭМ, МСК, СФ | Республикалык бюджеттин чегинде |
30 | Социалдык которууларды администрациялоо функциясын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү | "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Социалдык фонд жөнүндө", "Жекече эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 30.09.2017 | ЭМ, МСК, СФ | Республикалык бюджеттин чегинде |
31 | Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын 2017-2040-жылдарга карата узак мөөнөттүү концепциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдашылган бирдей позициясын аныктоо | Кыргыз Республикасынын 2017-2040-жылдарга карата фискалдык саясатынын концепциясынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 30.09.2017 | ЭМ, МСК, МБК | Республикалык бюджеттин чегинде |
32 | Мамлекеттик кызматчылар үчүн Бирдей (салыктык) декларациянын формасын кабыл алуу | Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларациянын формаларын бириктирүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 01.10.2017 | МСК, ЭМ, МКК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин чегинде |
33 | Айыл чарбалык кооперативдер, айыл чарбалык соодалык-логисттик борборлор, МТСтар үчүн салык салуунун оптималдуу шарттарын түзүүгө багытталган иш-чаралардан комплексин аткаруу | "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | 30.09.2017 | ЭМ, МСК, МБК | Республикалык бюджеттин чегинде |
34 | ЭЭЗ субъекттери үчүн ыңгайлуу режим түзүү | Товарларды эркин бажылык зона жол-жобосу менен жайгаштырганда ЭЭЗ субъекттерин бажылык акы төлөөдөн бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | 20.09.2017 | ЭМ, МБК | Республикалык бюджеттин чегинде |
35 | Чет өлкөлүк жана ата мекендик авиакомпаниялардын иши үчүн бирдей шарттарды түзүү | Бир тараптуу тартипте "аба эркиндигинин" бешинчи даражасын киргизүү | 05.10.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
36 | Өтө муктаж болгон оорулууларды гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздоо | Өтө муктаж болгон оорулууларды жеңилдетилген шарттарда гемодиализ менен камсыздоо | 01.10.2017 | ССМ, ММКФ | Республикалык бюджеттин чегинде |
37 | Бишкек шаарынын калкын репродуктивдүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун жогорулатуу | Бишкек шаарындагы перинаталдык борборунун курулушунун пайдубалына капсулдарды коюу | 10.09.2017 | ССМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
38 | Онкологаялык оорулуулар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу | Онкологиянын улуттук борборунун 7 объектисинин капиталдык ремонтун аяктоо, аймакты, инфраструктураны абаттоо жана гамма-терапевттик аппаратты инсталляциялоо | 01.10.2017 | ССМ, Курулуш агенттиги | Республикалык бюджеттин чегинде |
39 | Курорттук-рекреациялык багыттагы объекттерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу | "Кыргыз туризм" мамлекеттик башкаруучу компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | 06.10.2017 | ЭМ, ММТМ, ММБФ | Республикалык бюджеттин чегинде |
40 | Мамлекеттик мүлккө карата ишенимдүү башкаруу практикасын киргизүү | "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү | 06.10.2017 | ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
41 | Экологиялык коопсуз биопрепараттар өндүрүшүн жана экологиялык таза айыл чарба продукция өндүрүшүн көбөйтүү | Баткен облусунун облустук борборунда жаңы биофабриканы ишке киргизүү | 05.10.2017 | АЧТӨЖММ, КРӨнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү | Республикалык бюджеттин чегинде |
42 | Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү | "Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 05.10.2017 | АЧТӨЖММ, ЭМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
43 | Кант кызылчасын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү | "Кошой" ААКы кант кызылчасын кайра иштетүү боюнча реконструкцияланган заводду ишке киргизүү | 01.10.2017 | АЧТӨЖММ | Республикалык бюджеттин чегинде |
44 | Капиталдык жана орточо ремонтту аяктоо: - асфальт бетон төшөө түзүлүшү - 124,4 км; - шагыл төшөө түзүлүшү - 140,2 км; - кара шагыл төшөө түзүлүшү - 29,8 км | Асфальт бетон төшөө - 124,4 км; ШТТ - 140,2 км; кара шагыл төшөө - 29,8 км | 01.10.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
45 | Райондук борборлордун асфальт бетон төшөө түзүлүшү менен 122,2 км узундуктагы көчөлөрүн аяктоо | Райондук борборлордун көчөлөрүн асфальт бетон менен төшөө - 122,2 км | 20.09.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
46 | Төмөнкүлөрдү аяктоо: - Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу көпүрөнүн курулушун; - Кара-Үңкүрсай дарыясы аркылуу жөө жүрүүчү көпүрөнүн курулушун; - Нарын дарыясы аркылуу көпүрөнүн ремонтун | Төмөнкүлөрдү аяктоо: |
| ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
- Базар-Коргон-арсланбап автожолунун 28 км узундугу 36 м Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу көпүрөнү куруу; | 20.09.2017 |
|
| ||
- Кара-Үңкүрсай дарыясы аркылуу 100 м узундуктагы жөө жүрүүчү көпүрөнү куруу; | 01.10.2017 |
|
| ||
- Автомобиль жолу боюнча Нарын дарыясы аркылуу көпүрөнү ремонттоо (Нарын дарыясы аркылуу көпүрөгө жакындоо | 15.09.2017 |
|
| ||
47 | Өзгөчө кырдаалдарга бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүү: - Куршаб-Жалпак-Таш автомобиль жолу боюнча ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин аяктоо; - Өзгөн-Заргер автожолдорун 6,9 жана 21,0 км участокторунда дамбаны курууну жана жээктерин бекемдөөнү аяктоо; - Мырзаке-Кара-Шоро автожолу боюнча ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин аяктоо | Куршаб-Жалпак-Таш автомобиль жолу боюнча ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин аяктоо. | 10.10.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
Өзгөн-Заргер автожолдорунун 6,9 жана 21,0 км участокторунда дамбаны курууну жана жээктерин бекемдөөнү аяктоо. | 01.10.2017 | ||||
Мырзаке-Кара-Шоро автожолу боюнча ремонттоо-калыбына келтирүү иштерин аяктоо | 10.10.2017 | ||||
48 | Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо боюнча долбоорду ишке ашырууну улантуу, II фаза I км 75-105 | Узундугу 14 км асфальт бетон төшөөнүн жогорку катмарынын түзүлүшүн аяктоо, 5000 п.м. т/б лотоктор түзүлүшү | 10.10.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
49 | Сергек турмуш образы боюнча калктык маалыматтуулугунун деңгээлин жогорулатуу | Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарына тийиштүү маселелерди чагылдыруу үчүн адистештирилген "Саламат" студиясын ачуу жана калкты медициналык камсыздандыруу менен камтууну көбөйтүү | 05.10.2017 | ММКФ | ММКФнын каражаттары |
50 | Окуу жайларына жакын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо | Окуу жайларына жакын үн чыгаруучу светофорлорду 43 бирдикке орнотуу II этап) | 05.10.2017 | ТЖМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
51 | "Таза суу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында айыл жана шаар калкынын коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болуусун жакшыртуу | Ичүүчү суу менен жабдуу жана калктуу конуштардан суу бөлүү сектору үчүн 36,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит жана грант берүү жөнүндө КР менен ДБкын ортосундагы макулдашууга кол коюуга карата алдын ала жол-жоболорду аяктоо | 05.10.2017 | Курулуш агенттиги | Республикалык бюджеттин чегинде |
Балыкчы, Майлуу-Суу, Өзгөн жана Токтогул шаарлары үчүн КР менен ЕБРР ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо | 05.10.2017 | Курулуш агенттиги | Республикалык бюджеттин чегинде | ||
52 | Тарыхый-маданий мурастын объектилеринин сакталышын жана ар тараптуу натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин капиталдык оңдоону бүтүрүү- | 05.10.2017 15.11.2017 | Курулуш агенттиги, ММТМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
53 | Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу | Төмөнкүлөрдүн курулушун бүткөрүү: - Баткен облусундагы Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Эрматов атындагы мектептин; - Баткен облусундагы Баткен районунун Бөжөй айылындагы К.Абдраимов атындагы мектептин; - Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кызыл-Туу айылындагы Э.Арстанбеков агындагы № 18 мектептин; - Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Кыргызстан айылындагы бала бакчанын; - Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Мазар-Суу айылындагы Жоомарт атындагы мектептин; - Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы К.Чокоев атындагы мектептин; - Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы Осмоналиев атындагы мектептин; - Нарын облусундагы Кочкор районунун Чекилдек айылындагы Темиров атындагы мектептин; - Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Жар айылындагы З.Төрөбеков атындагы мектептин; - Ош облусундагы Ноокат районунун Барын айылындагы А.Абдуллаев агындагы мектептин спорт залынын; - Ош облусундагы Ноокат районунун А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиянын жаңы имаратын; - Ош облусундагы Өзгөн районунун Беш-Абышка айылындагы А.Жунусов атындагы мектептин; - Ош облусундагы Өзгөн районунун Большевик айылындагы бала бакчанын | 01.10.2017 | ФМ, Курулуш агенттиги, БИМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Республикалык бюджеттин чегинде |
54 | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын инфраструктурасын жакшыртуу | Төмөнкүлөрдүн курулушун бүткөрүү: - Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Күйө-Таш айылындагы Капа-Кулжа аймактык ооруканасынын филиалынын; - Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Арашан айылындагы оорукананын | 01.10.2017 | ФМ, Курулуш агенттиги, ССМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
55 | Айыл калкынын суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануусун камсыздоо | Төмөнкүлөрдү бүткөрүү: - Нарын облусунун Нарын шаарындагы башкы суу чыгаргычты жана суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо, 2-кезек (суу чыгаргычтан резервуарга чейинки суу өткөргүч); - Ош облусундагы Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы суу өткөрүү тармагын реабилитациялоо | 01.10.2017 | ФМ, Курулуш агенттиги | Республикалык бюджеттин чегинде |
56 | Айыл чарба продукцияларын экспортко багытталган өндүрүүчүлөрдүн тиешелүү лабораторияларды куруу аркылуу тышкы рынокторго чыгуу шарттарын жакшыртуу | 1. Төмөнкүлөрдүн курулушун бүткөрүү: - Баткен облусундагы Баткен шаарындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза боюнча Баткен зоналык борборунун алдындагы ветеринардык лабораториянын; - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы ветеринардык диагностика жана экспертиза боюнча лабораториялык борборунун; - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы диагностика жана экспертиза боюнча ветеринардык лабораториянын; - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Мамсанэпидемкөзөмөлдөө республикалык борборунун; - Талас облусунун Талас шаарындагы диагностика жана экспертиза боюнча ветеринардык лабораториянын. 2. Төмөнкүлөрдүн капиталдык ремонтун бүтүрүү: - Ош облусунун Өзгөн райондук борборунун ветеринардык диагностика жана экспертизанын имаратынын; Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук борборунун ветеринардык диагностика жана экспертиза имаратынын; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ветеринардык диагностика жана экспертизанын Жалал-Абад мамлекеттик зоналык борборунун имаратынын; - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы ветеринардык диагностика жана экспертиза боюнча райондор аралык борбордун имаратынын | 01.10.2017 | ФМ, Курулуш агенттиги, Ветинспекция, ССМ | Республикалык бюджеттин чегинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
ТИМ - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ЮМ - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги
АЧТӨЖММ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
ТЖМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
УКМК - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
ӨЭЖМК - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
МТБМК - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
Курулуш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
МСК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
МБК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
Мамкаттоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы
ЖАМК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
Финансы полициясы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат
ММКФ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
ММБФ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд
Ветинспекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Экотех-инспекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
СФ - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду
Башкы прокуратура - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
МКК - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы
КРӨ ЫӨ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
БОКБА - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттиги
МИ - мамлекеттик ишкана
ААК - ачык акционердик коом
ЖЧК - жоопкерчилиги чектелген коом
"УЭХК" ААК - "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому
а/ж - автомобиль жолу
МТС - машина-трактордук станция
ЭЭА - эркин экономикалык аймак
ХАССП - Hazard Analysis and Critical Control Point (тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук түйүндөрдү аныктоо)