Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 490-б (Протоколго Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жактыруу жөнүндө ) буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 490-р
Кабыл алынган
2017-жылдын 23-октябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Реестрде

Минюст коду
216054

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция23.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2017-жылдын 23-октябры № 490-б

1. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Долбоор

2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол

Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 1-беренесинин үчүнчү абзацын жетекчиликке алуу менен

төмөнкүлөр жөнүндө ушул Протоколду түзүштү:

1-берене.

2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия, экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

№ 1 тиркемесинин 37-пунктунун үчүнчү абзацындагы "24" деген цифра "48" деген цифрага алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Протокол 2017-жылдын 12-августунан баштап убактылуу колдонула баштайт жана күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттердин аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мыйзамдарында эл аралык келишимдерди убактылуу колдонуу мүмкүнчүлүгү каралбаган Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттер үчүн ушул Протокол, Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттер ушул Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарган күндөн баштап колдонулат.

 

_________________ шаарында 2017-жылдын "___" ______________ орус тилинде бир түп нускада түзүлдү.

Ушул Протоколдун түп нускасы:

2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин,

2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык союзунун укугуна кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык союзунун органдарынын актыларын колдонуу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдун,

жана ушул Протоколдун депозитарийи болуп эсептелген Евразия экономикалык комиссиясында сакталат,

ушул Протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир мүчө мамлекетке жиберет.

 

Армения Республикасы үчүн

 

 

Беларусь Республикасы үчүн

 

 

Казакстан Республикасы үчүн

 

 

Кыргыз Республикасы үчүн

 

 

Россия Федерациясы үчүн

 

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.