Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 25-апрели № 129-б
Кыргыз Республикасы менен Бразилия Федерациялык Республикасынын жарандарынын, дипломаттык жана расмий/кызматтык паспортторунун ээлеринин өз ара жол жүрүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 10-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жана. кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдирүү менен,
дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери болуп эсептелген эки өлкөнүн жарандары үчүн барып-келүү жол-жоболорун жеңилдетүү зарылчылыгын таануу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин жарандары, жарактуу дипломаттык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери башка Тараптын мамлекетинин аймагына визасы жок кирүүгө, чыгууга, анда болууга жана кирген күндөн тартып токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзит менен өтүүгө укуктуу.
2-берене.
1-беренеде аталган болуу мөөнөтү келген өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарында дипломаттык өкүлчүлүктүн же болбосо аккредиттөөчү мамлекеттин консулдук мекемесинин жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча узартылышы мүмкүн.
3-берене.
Тараптардын мамлекеттеринде аккредиттелген, Тараптардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери болбосо, дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери келген өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине кайрылышат.
4-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин жарандары, дипломаттык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин мүчөлөрү же экинчи Тараптын мамлекетинде аккредиттелген эл аралык уюмдардын расмий өкүлдөрү болуп саналышкан дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери, ошондой эле алар менен бирге жашаган жана дипломаттык, расмий/кызматтык колдонуудагы паспорттору бар үй-бүлө мүчөлөрү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга жана экинчи Тараптын аккредиттөөгө карата талаптарына ылайык келген шартта аларга белгиленген мөөнөттүн ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу транзит менен өтүүгө укуктуу.
5-берене.
Ушул Макулдашууда аталган жарандар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүгө, транзит менен өтүүгө жана эл аралык катнаштар үчүн ачык болгон мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу чыгууга укуктуу.
6-берене.
Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоого тийиш.
7-берене.
Бул Макулдашуу ар бир Тараптын өзүнүн аймагына экинчи Тараптын жарандарынын кирүүсүнө уруксат берүүдөн баш тартуу же болуу мөөнөтүн кыскартуу укугун чектебейт; бул жобо талашсыз болуп саналат.
8-берене.
1. Тараптар дипломаттык каналдар аркылуу дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле аларды пайдалануунун тартиби жөнүндө маалыматты ушул Макулдашууга кол койгон күндөн тартып отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде алмашышат.
2. Тараптар жаңы дипломаттык жана расмий/кызматтык паспорттор тууралуу, киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө дипломаттык каналдар аркылуу бири-бирине маалымдашат, ошондой эле мүнөздөмөлөрү менен бул паспорттордун үлгүлөрүн мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин отуз (30) күндөн кечиктирбестен алмашышат.
9-берене.
Ар бир Тарап коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында, бул Макулдашуунун колдонулушуна убактылуу чектөө киргизүүгө же толугу менен же болбосо жарым-жартылай токтото турууга укуктуу. Экинчи Тарап дипломаттык каналдар аркылуу мындай чектөөлөрдүн коюлгандыгы же токтото туруу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы жөнүндө токтоосуз кабардар болушу керек.
10-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык кайчы пикирлер же талаш-тартыштар сүйлөшүүлөрдү же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
11-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аяктагандыгын ырастоочу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломаттык каналдар аркылуу алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү өзүнчө протокол менен таризделет.
12-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аяктагандыгын ырастоочу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломаттык каналдар аркылуу алган күндөн тартып отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун дипломаттык каналдар аркылуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен токтото алат. Ушул Макулдашуу мындай билдирүүнү экинчи Тарап алган күндөн тартып токсон (90) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет,
__________________ шаарында 201___-жылдын "___" _________________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, португал, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтү үчүн |