Редакцияот 21.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 21-апрели № 125-б

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча даярдыгын текшерүү, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, өзгөчө абал режимин киргизүүгө жана камсыздоого даярдыктын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:

1. 2017-жылдын 25-апрелинен баштап 27-апрелине чейинки мезгилде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын райондук администрациялары менен биргеликте командалык-штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2017" машыгуусу (мындан ары - машыгуу) өткөрүлсүн.

2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Чүй облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаарынын райондук администрациялары машыгууга катышсын.

4. Чүй районунун мамлекеттик администрациясы, Бишкек жана Токмок шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) өзүнчө резервдик роталар менен машыгууну уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков