Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 19-апрели № 123-б
Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция боюнча БУУнун комитетинин корутунду сунуштамаларын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасына карата Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция боюнча БУУнун комитетинин корутунду сунуштамаларын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-аракеттер планынын жооптуу аткаруучусу болуп эсептелген мамлекеттик органдар:
- Иш-аракеттер планын сапаттуу аткарууну камсыздасын;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы менен, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Иш-аракеттер планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалыматты берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-аракеттер планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу жалпы маалыматты берсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасына карата Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция боюнча БУУнун комитетинин корутунду сунуштамаларын ишке ашыруунун иш-аракеттер ПЛАНЫ
№ | Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча БУУнун комитетинин корутунду сунуштамалары (англис тилинен расмий эмес котормо) | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтыктар/индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1 | Комитет катышуучу мамлекетти үй-бүлөдөгү, коомдогу эркектердин жана аялдардын ролу жана милдеттери жөнүндө патриархалдык ой-пикирлерди жана стереотиптерди болтурбоого багытталганы жана аялдар басмырлоого дуушар болгон практиканын зыяндуу түрлөрүнүн таасирлүү жана иреттүү чараларын камтыган ар тараптуу стратегияны тезинен кабыл алууга көптөн-көп өтүнүү менен чакырат | 1.1. Үй-бүлөдөгү, коомдогу эркектердин жана аялдардын ролу жана милдеттери жөнүндө патриархалдык түшүнүктөрдүн стереотиптерин жана аялдар басмырлоого дуушар болгон практиканын зыяндуу түрлөрүн жоюуга багытталган дин чөйрөсүндөгү маалыматтык кампанияны өткөрүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Патриархалдык түшүнүктөрдүн стереотиптерин жоюу маселелери боюнча калктын маалыматтуулугун жогорулатуу. Маалыматтык кампания өткөрүлдү | ДИМК (макулдашуу боюнча), БИМ, ЭСӨМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
1.2. Үй-бүлөдө эркектин жана аялдын ролу жана милдеттери жөнүндө гендердик стереотиптер жана патриархалдык түшүнүк маселелери боюнча изилдөөнү жүргүзүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Изилдөө жүргүзүлдү жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштар иштелип чыкты | ЭСӨМ, БИМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
1.3. Бишкек, Баткен, Исфана шаарларында медреседе окуган кыздар үчүн гендер маселеси боюнча пилоттук окутуу программасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Пилоттук окутуу программасы иштелип чыкты жана киргизилди | ДИМК, (макулдашуу боюнча) ЭСӨМ, ЮНФПА жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
1.4. Медреселердин окутуучуларын репродуктивдүү ден соолукту коргоо, сактоо жана үй-бүлөнү пландоо маселеси тууралуу методикалык материалдарды иштеп чыгуу жана камсыздоо | 2017-2018-жылдар | Медреселердин окутуучуларынын потенциалы жогорулатылды | ССМ, ДИМК (макулдашуу боюнча) ЮНФПА жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
1.5. Дин кызматкерлери жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү үчүн репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландоо маселелери боюнча колдонмону иштеп чыгуу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Колдонмо иштелип чыкты. Дин кызматкерлеринин жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн потенциалы жогорулатылды | ССМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ДИМК (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
1.6. АИВ-позитивдүү аялдарга карата стереотиптерди жоюу маселелери боюнча калкты окутуучу иш-чараларды өткөрүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Калктын маалымат алуу деңгээли жогорулатылды | ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
1.7. АИВ-позитивдүү кош бойлуу аялдарды энеден балага АИВ өтүүсүнүн алдын алуу боюнча алгачкы медициналык санитардык жардам комплекси менен камсыздоо | 2017-2018-жылдар | Позитивдүү кош бойлуу аялдарга АИВ өтүүсүнүн алдын алуу боюнча алгачкы медициналык санитардык жардам комплекси көрсөтүлдү | ССМ, ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
1.8. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн дин сабаттуулугун окутуу методикасы боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин потенциалы жогорулатылды | БИМ, ЭСӨМ, ДИМК (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
2 | Комитет катышуучу мамлекетти эркектер менен аялдардын ортосундагы реалдуу теңчиликти терең түшүнүүгө жетүү үчүн массалык маалымат каражаттарын тартууга багытталган новатордук чараларды колдонууга жана аялдардын образынын оң жана эркин стереотиптерин түзүү үчүн билим берүү системасын колдонууга көптөн-көп өтүнүү менен чакырат(16 с) | 2.1. КТРК, ЭлТР, жана башка ЖМК өкүлдөрү менен гендер маселелери боюнча новатордук чараларды илгерилетүүдө медиа-пландарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, медиа-пландар иштелип чыкты жана бекитилди | ММТМ, ЭСӨМ, БИМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
2.2. Жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринде "Журналистиканын гендердик аспектилери" окуу программасын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Окуу программасы иштелип чыкты жана киргизилди | БИМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
3 | Комитет курмандыктарды дестигматизациялоо, полиция кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мындай жосундардын жаза берүүчү мүнөздөмөсү тууралуу маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу аркылуу аялдар тиричилик жана сексуалдык зомбулуктар боюнча аксакалдар сотуна эмес, укук коргоо органдарына маалымдоосуна катышуучу мамлекеттин көмөк көрсөтүүсүнө көптөн-көп өтүнүү менен чакырат (18 с) | 3.1. Никеге турууга мажбурлоо, ошондой эле иштердин бул категориясын иликтөө учурларынын алдын алуу жана таасир этүү боюнча иштердин тартиби тууралуу Методикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Методикалык колдонмолор иштелип чыкты жана бекитилди | ИИМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу менен) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
4 | Комитет катышуучу мамлекетти укук коргоо органдарынын аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоону камсыздоого кепилдик берүү жана кыз ала качуу практикасынан коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жана катышуучу мамлекеттин бардык аймактарында полиция бөлүмдөрүндө изилдөөлөрдүн гендердик аспектилерин жана курмандыктар менен иштөөнү эске алган стандарттык протоколду жүргүзүүгө, ошондой эле аялдарды арыз менен кайрылууга чакырат (20 b) | 4.1. Аялдарды жана кыздарды зомбулуктан коргоо, никеге турууга мажбурлоо жана никеге туруу үчүн кыз ала качуу практикасы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдардын (ички иштер органдары, прокуратура, соттор) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарга мониторинг жүргүзүү жана топтоо механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Мониторинг механизми иштелип чыкты жана киргизилди | ИИМ, ЭСӨМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
4.2. Сотко чейинки этаптарда никеге турууга мажбурлоо боюнча арызга таасир этүүдө статистикалык отчеттун формаларын киргизүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Статистикалык отчеттун жаңы формалары иштелип чыкты жана киргизилди | ИИМ, УСК (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
4.3. Психологиялык жардам көрсөтүү, чоңдор жана балдар үчүн сексуалдык зомбулук маселелери тууралуу кеңеш берүү боюнча медициналык кызматкерлер үчүн колдонмону иштеп чыгуу жана киргизүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Медициналык кызматкерлер үчүн колдонмо иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
4.4. Сексуалдык зомбулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү боюнча клиникалык протоколду киргизүүдө саламаттык сактоонун медициналык кызматкерлери үчүн стратегияны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Клиникалык протоколду киргизүү боюнча стратегия иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
4.5. Сексуалдык зомбулук/никеге туруу үчүн кыз ала качууну болтурбоо максатында аялдарды жана кыздарды коргоо үчүн маалыматтык кампанияны өткөрүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Маалыматтык кампания өткөрүлдү | ЭСӨМ, ИИМ, БИМ, ММТМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
5 | Комитет катышуучу мамлекетке сойкулук кылган аялдарга карата полиция кызматкерлери тарабынан зомбулук учурларын белгилөөгө мүмкүндүк берген көзөмөлдөө механизмин түзүүнү жана АИВ/АИСЖ жана жыныстык катнаш аркылуу жугуучу башка ооруларга тестирлөөдөн мыйзамсыз мажбурлап өткөрүүнү полициялык рейддердин жүрүшүндө практикалоону токтотууну сунуштайт (22 с) | 5.1. АИВ жана ИППП мажбурлап күбөлөндүрүүнү кошо алганда басмырлоонун формаларына дуушар болгон аялдарга карата милиция кызматкерлери тарабынан зомбулуктун фактыларын белгилөө боюнча көзөмөлдөө механизмин күчөтүү боюнча чараларды караган нускаманы иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Нускаманын долбоору иштелип чыкты | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЭСӨМ, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппараты (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
5.2. Аялдарга карата зомбулуктун бардык формаларын жоюу маселелери боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлерин окутуу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциалы жогорулатылды | ИИМ, ЭСӨМ, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппараты (макулдашуу боюнча), Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
6 | Комитет катышуучу мамлекетке атайын баш калкалоочу жайларды жана кризистик борборлорду, сойкулук менен иштөөнү токтотууну каалаган аялдар үчүн реинтеграциялоо программасын, ошондой эле сойкулук менен иштөөнү калтыргысы келген аялдар үчүн киреше алуунун альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу менен сойкулук проблемасын чечүүгө комплекстүү ыкманы аныктоону жана суроо-талапты кыскартуу чараларын көрүүнү сунуштайт (22 d) | 6.1. Секс-иштер, секс-кызматындагылар жана ден соолук, адам укуктары, социалдык колдоо жаатында секс-кызматындагылар аткарган программалар маселелери боюнча учурдагы кырдаалды талдоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү | 2018-жылдын II жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, талдоонун жыйынтыгы боюнча отчет берилди | ССМ, ИИМ, ЭСӨМ, БИМ, ММТМ, ГТУК, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппараты, (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
7 | Комитет катышуучу мамлекетке жумуштуулук чөйрөсүндөгү аялдарга карата басмырлоого тыюу салуу жөнүндө мамлекеттик жана жеке секторлордогу иш берүүчүлөргө маалымат берүү жолу менен аялдардын экономикалык көз карандысыздыкты көбүрөөк алуусуна көмөк көрсөткөн шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттерди активдештирүүнү, ошондой эле аларга кесиптик-техникалык даярдык көрсөтүү жолу менен, ошондой эле балдарды багууну камсыздоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана мектепке чейинки мекемелерди түзүү жолу менен формалдуу экономика секторунда аялдарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча күч аракеттерди активдештирүүнү сунуштайт (28 а) | 7.1. Төмөнкүлөргө маалыматтык кампанияларды өткөрүү: - жумуштуулук чөйрөсүндө аялдарга карата басмырлоого тыюу салуу боюнча мамлекеттик жана жеке секторлордогу жумуш берүүчүлөр үчүн; - шаардык жана айылдык аялдардын кесиптик-техникалык билим алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Маалыматтык кампания өткөрүлдү | ЭСӨМ, ММТМ, БИМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
7.2. Бишкек жана Ош шаарларында тигүүчүлөр тобу жана Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу боюнча фермердик чарбалардын мүчөлөрү үчүн дайыма билим берүү иш-чараларын өткөрүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Тигүүчүлөр тобунун жана фермердик чарбалардын мүчөлөрүнүн потенциалы жогорулатылды | ЭСӨМ, АЧТММ ЭАУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
8 | Комитет катышуучу мамлекетке эмгек акы төлөөдө эркектер менен аялдардын ортосундагы айырмачылыкты кыскартууну жана жоюу максатында бирдей баадагы эмгек үчүн бирдей төлөм принцибин сактоого кепилдик кылган мыйзамдарды кабыл алууну жана натыйжалуу колдонууну, ошондой эле аялдар көп иштеген сектордогу айлык акынын деңгээлин дайыма кайра кароону сунуштайт | 8.1. Аялдар топтолгон тармактарда эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү азыркы практикага талдоо жүргүзүү жана эмгек акы төлөөдөгү кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, талдоо жүргүзүлдү жана анын жыйынтыгы боюнча сунуштар иштелип чыкты | ЭСӨМ, ФМ, МКК (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
9 | Комитет катышуучу мамлекетке формалдуу эмес сектордо базалык укуктарды жана кош бойлуулук, төрөт боюнча өргүүгө базалык укуктарды бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, ошондой эле үй кызматкерлеринин татыктуу эмгеги жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун кабыл алынган № 189 конвенциясын (2011-жыл) ратификациялоону сунуштайт (28 d) | 9.1. Аялдардын эмгек укуктарынын сакталышына, формалдуу эмес сектордо кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө базалык укуктарды жана укуктарды бекитүүгө мониторинг жүргүзүү | 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Мониторинг өткөрүлдү, отчет даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилди | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппараты, (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
9.2. Аялдардын үйдөгү эмгегинин азыркы практикасын изилдөө | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Изилдөө өткөрүлдү жана сунуштар берилди | Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппараты (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
10 | Комитет катышуучу мамлекетке эненин, ымыркайдын жана баланын өлүмүн кыскартуу боюнча программаны активдештирүүгө жана тиешелүү мамлекеттик программаларды натыйжалуу жүзөгө ашырууну жана талаптагыдай каржылоону камсыздоого, ошондой эле медициналык мекемелерге жана квалификациялуу медициналык кызматкерлерге жетүүнү камсыздоого чакырат (30 а) | 10.1. Эненин, ымыркайдын жана баланын өлүмүн кыскартуу боюнча программанын негизинде үй-бүлөнү пландаштыруу жана аборттун санын азайтуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Үй-бүлөнү пландоо боюнча чаралар комплекси кабыл алынды | ССМ, БИМ, элеттик саламаттык сактоо комитеттери (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
10.2. Психоактивдүү заттарды колдонгон аялдардын өзгөчө абалын эске алуу менен кош бойлуулук боюнча клиникалык колдонмого медициналык, психологиялык, социалдык аспектилерди чагылдырган, ошондой эле үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу тиркемесин иштеп чыгуу | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Тиркеме иштелип чыкты жана бекитилди | ССМ, БИМ, элеттик саламаттык комитеттери (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
10.3. Ош жана Нарын облустарында төрөткө даярдык мектептеринде гендердик теңчиликти киргизүү жана позитивдүү аталык боюнча колдонмону адаптациялоо | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Энелер мектеби позитивдүү аталыкка багытталган кеңеш берүү жана окутуу кызматтарынын спектрин кеңейтилди | ССМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында | ||
11 | Комитет катышуучу мамлекетке бардык аялдардын жана кыздардын, тактап айтканда элеттик райондордо жашагандардын базалык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусун кеңейтүүгө чакырат (30 b) | 11.1. Саламаттык сактоо системасынын биринчи деңгээлдеги дарыгерлерин басмырлабоочу ыкмага негизделген калктын аярлуу топторуна медициналык жардамды көрсөтүү боюнча окутууну өткөрүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы жана 2018-жылдын I жарым жылдыгы | Саламаттык сактоо системасындагы биринчи деңгээлдеги дарыгерлердин потенциалы жогорулатылды. Окуудан өткөн дарыгерлердин саны | ССМ, ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
12 | Комитет катышуучу мамлекетке өзүнүн жынысын расмий таанууну каалаган трансгендер аялдардын ким экендигин ырастаган күбөлүктөрдө "Жынысы" деген графага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча оперативдүү, транспаренттүү жана жеткиликтүү расмий жол-жобону иштеп чыгууну жана кабыл алууну аяктоону сунуштайт (34 d) | 12.1. Жынысын өзгөртүү тартибин караган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыкты | ССМ, Мамкаттоо, ГТУК (макулдашуу боюнча), ЭАУ жана КЭУ (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
13 | Комитет катышуучу мамлекетке 22 с пунктунда жана 28 b жана d пункт камтылган сунуштарды аткаруу максатында кабыл алынган кадамдар тууралуу жазуу жүзүндөгү маалыматты эки жылдын ичинде берүүнү суранат | 13.1. 22 с, 28 b жана d пункттарындагы сунуштардын аткарылышы боюнча баяндама даярдоо, CEDAW Комитетине берүү | 2017-жылдын II жарым жылдыгы | 22 с пунктту, 28 b жана d пункттарын ишке ашыруу боюнча отчет CEDAW Комитетине берилди | ЭСӨМ | Мамлекеттик органдардын каралган бюджеттик каражаттарынын, донорлордун каражаттарынын алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси:
Этностор агенттиги |
| Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги; |
Башкы прокуратура |
| Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
МКК |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы; |
Мамкаттоо |
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы; |
ДИМК |
| Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы; |
АИВ |
| Адамдын иммунодефицит вирусу; |
ИППМ |
| Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялар; |
АБЖК |
| Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенция; |
ССМ |
| Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ИИМ |
| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; |
ММТМ |
| Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ЭСӨМ |
| Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ЭАУ |
| Эл аралык уюм; |
БИМ |
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
АЧТММ |
| Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ФМ |
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ГТУК |
| Кыргыз Республикасынын Гендердик теңчилик боюнча улуттук кеңеши; |
Улутстатком |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети; |
КЭУ |
| Коммерциялык эмес уюмдар; |
КТРК |
| Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; |
КРӨ облустардагы ЫУӨ |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; |
ЭлТР |
| "Эл ГР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы; |
CEDAW |

ЮНФПА |
| БУУнун калкты жайгаштыруу фонду. |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ