Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-февралы № 30-б
"Ак-Кеме отели" биргелешкен кыргыз - малайзия ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү ачык соодада сатылбаган кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчикке алуу, Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун 2012-жылдын 5-октябрындагы чечимин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобонун 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 93-үй дареги боюнча жайгашкан, наркы 860 224 707 (сегиз жүз алтымыш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз жети) сом болгон, курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мейманкана комплекси 3,374 га аянтындагы жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0522-01), мамлекеттин менчигине алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаары, Тынчтык проспекти, 93-үй дареги боюнча жайгашкан, наркы 860 224 707 (сегиз жүз алтымыш миллион эки жүз жыйырма төрт миң жети жүз жети) сом болгон, курулушу бүтпөгөн объект - "Ак-Кеме" мейманкана комплексин 3.374 га аянтындагы жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-01-11-0059-0522-01), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |