Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-февралы № 134
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 528, 2012-жылдын 30-августундагы № 595 , 2013-жылдын 18-мартындагы № 138, 2014-жылдын 3-февралындагы № 65, 2014-жылдын 29-сентябры № 551 , 2015-жылдын 2-февралы № 35, 2015-жылдын 23-апрели № 245, 2015-жылдын 5-июну № 346, 2015-жылдын 23-июлу № 525, 2017-жылдын 17-февралындагы № 111, 8 июня 2017 года № 348, 2017-жылдын 18-августундагы № 493, 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641, 2018-жылдын 8-августундагы № 368, 2019-жылдын 16-декабрындагы № 681, 2020-жылдын 17-февралындагы № 82, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер башкармалыгы, Түндүк аймактык башкармалыгы жана Түштүк аймактык башкармалыгы мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго кошуу жолу менен өзгөртүп уюштурулсун.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу функцияларын кошпогондо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин укук улантуучусу болуп саналары;
- (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
-(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилген чыгашалар сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун каржылоосун жүзөгө ашырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фонду жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө. Бабанов |