Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-февралы № 45-б
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 97-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсун.
2. Жоюу комиссиясынын төрагасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекцияны жоюу жана кызматкерлерин бошотуу жол-жоболорун аяктоо үчүн биринчи кол коюу укугу берилсин.
3. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик
икспекцияны жоюу жол-жоболорун ишке ашыруучу жоюу комиссиясынын
курамы
Курманова А.Э. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы, жоюу комиссиясынын төрагасы.
|
| Жоюу комиссиясынын мүчөлөрү:
|
Ахмеджанова А.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
|
Баетов А.Б. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо бөлумүнүн башчысы;
|
Жолдошева С. X. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча секторунун башчысы;
|
Курманова А. А. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин финансылык пландоо жана эсепке алуу бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Молдокулова Э.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын метрологиялык көзөмөлдү талдоо жана административдик колдоо башкармалыгынын башкы адисинин милдетин аткаруучу;
|
Черткиева Н.К. | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын метрологиялык көзөмөлдү талдоо жана административдик колдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
|