Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-ноябры № 534-б
Жалпы билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептерин өз убагында каржылоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин басып чыгарууга кошумча 60 567,000 (алтымыш миллион беш жүз алтымыш жети мин) сом бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |