РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 301-б (Расмий тилдеги (расмий эмес котормо) - «Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жана «Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору жактыруу жөнүндө) буйругу.

Редакция21.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2017-жылдын 21-июлу № 301-б

1. Расмий тилдеги тиркелгендер (расмий эмес котормо) жактырылсын:

- "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна жана Келишимдин долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков