Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-июлу № 269-б
Араб координациялык тобунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Бишкек шаарында 2017-жылдын 11-12-июлуна пландаштырылган "тегерек столдун" үчүнчү жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө төмөнкүлөрдү бекитсин:
- Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен үчүнчү "тегерек столду" өткөрүүгө чыгымдардын сметасын;
- араб тарапка жиберүү үчүн артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери ыкчам тартипте ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты беришсин жана анын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Үчүнчү "тегерек столду" өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Араб координациялык тобунун өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча жооптуу жана координациялоочу орган болуп аныкталсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралар планын (мындан ары - План) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Планды өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - Ислам өнүктүрүү банкындагы Кыргыз Республикасынан башкаруучусуна Араб координациялык тобу менен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты жиберип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 377-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Араб координациялык тобунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен үчүнчү "тегерек стол" жыйынына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абулгазиев Мухаметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Ислам өнүктүрүү банкындагы Кыргыз Республикасынан башкаруучу, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; |
Калилов Жамшитбек Калилович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Казаков Тугелбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; |
Исраилов Улан Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча), Ислам өнүктүрүү банкындагы Кыргыз Республикасынан башкаруучусунун альтернаты; |
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу; |
Айылчиев Улан Сайырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Коеналиев Туруспек Кармышевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу; |
Аалиев Азизбек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Далбаев Таалайбек Абасканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Акматалиев Адилет Искендербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Сагынбаев Дамир Казакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Акматов Мирбек Султанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы. |