Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-июлу № 302-б
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-июнундагы № 87 Мыйзамы менен ратификацияпанган, 2013-жылдын 16-декабрында түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, ошондой зле "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен:
- 2013-жылдын 16-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан түшкөн каражаттардын эсебинен 2017-жылга республикалык бюджеттин киреше белүгүн 20 400 000 (жыйырма миллион төрт жүз миң) сомго көбөйтсүн;
- 2013-жылдын 16-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууда каралган (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) калктын корголбогон тобуна карата социалдык камсыздоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана улуттук саясатты бекемдөөнү колдоого багытталган иш-чараларды каржылоого Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сметасы боюнча 2017-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн 31 677 000 (отуз бир миллион алты жүз жетимиш жети миң) сомго көбөйтсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизуү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2013-жылдын 16-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ишке ашыруу боюнча иш-чараларга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |