Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 21-июлу № 303-б
Чүй облусунун аймагындагы сугат жерлердин суу менен камсыздалышын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2017-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жана мамлекеттик сатыш алуулардан үнөмдөлгөн 12 600 000 (он эки миллион алты жүз мин) сом өлчөмүндөгү каражаттын эсебинен төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыздасын:
- Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы "Шалта" ички чарбалык каналын курууну;
- Кемин районунун Ильич айыл аймагындагы ички чарбалык суткалык жөнгө салуу бассейнин ондоо-калыбына келтирүү иштерин.
2. Ушул буйруктун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |