РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 303-б (Чүй облусунун аймагындагы сугат жерлердин суу менен камсыздалышын жакшыртуу максаты жөнүндө) буйругу

Редакция21.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 21-июлу № 303-б

Чүй облусунун аймагындагы сугат жерлердин суу менен камсыздалышын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги 2017-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жана мамлекеттик сатыш алуулардан үнөмдөлгөн 12 600 000 (он эки миллион алты жүз мин) сом өлчөмүндөгү каражаттын эсебинен төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыздасын:

- Сокулук районунун Гавриловка айыл аймагындагы "Шалта" ички чарбалык каналын курууну;

- Кемин районунун Ильич айыл аймагындагы ички чарбалык суткалык жөнгө салуу бассейнин ондоо-калыбына келтирүү иштерин.

2. Ушул буйруктун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков