Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 15-декабры № 242
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 72 чечимине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмду тандоо (конкурс өткөрүү) максатында:
1.Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- Евразия экономикалык бирлигинин алкагындага эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу үчүн уюмду тандоонун критерийлерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын, ишканалардын, уюмдардын адистерин жана көз каранды эмес эксперттерди ишке тартуу;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө Кыргыз Pecпубликасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына алдын ала тандоо (конкурс; жарыялоо менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмду тандасын (конкурс өткөрсүн).
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тандоонун (конкурстун) жыйынтыгында, которуу жөнүндө келишим түзүү үчүн зарыл болгон мөөнөттө, уткан уюмдун реквизиттерин жана байланыш маалыматтарын көрсөтүү менен Евразия экономикалык комиссиясына уюм жөнүндө сунушту жиберсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.С. Момуналиев
|
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Уметалиев Санжар Болотбекович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын экономикалык бирлигиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси.
|
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
|
|
Кайкиев Эмил Абдыкалыевич
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
|
Сарымсаков Манас Болотович
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
|
Сазбаков Алмаз Замирбекович
| Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
|
Байгончоков Мирланбек Конушбекович
| Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
|
Аким уулу Медербек
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Кубанычбеков Жоомартбек
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн эксперти, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.
|