Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2016-жылдын 7-октябры № 207
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн жана аны финансы рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндө Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге ылайык келтирүүнүн алкагында, мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун сунуштарын көңүлгө алып:
1. Финансы рыногун мамлекеттик жөнгө салуунун заманбап моделин түзүү сунуштарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ институттук формаларды жана финансы рыногуна көзөмөл жүргүзүү функцияларын жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө макулдашылган сунуштарды 2017-жылдын 31-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жумушчу топтун ишин методикалык коштоп жүрүү жүктөлсүн.
4. Жумушчу топко министрликтердин, административдик ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси |
Ф. А. Ниязов
|
Тиркеме
Финансы рыногун мамлекеттик жөнгө салуунун заманбап
моделин түзүү сунуштарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
КУРАМЫ
Карашев Аалы Азимович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Сейткасымова Раушан Рыскулбековна
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Исмаилов Анарбек Касымович
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;
|
Аалиев Азиз Кубанычбекович | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы;
|
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы;
|
Джусупов Тимур Джолчуевич
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсү;
|
Пирназаров Марат Туголбаевич
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Иманалиев Данияр Шаршенбекович
| Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
|
Азимов Алмаз Курбаналиевич
| Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Сулайманбекова Жылдыз Сагыналиевна
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө жана лицензиялоо методологиясы башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
|
Шамшиев Насиридин Шамшиевич
| Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;
|
Джолдошалиева Дамира Джолдошалиевна
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Ташиева Перизат Жапаркуловна
| Кыргыз Республикасыиын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү боюнча башкармалыгынын башкы адиси.
|