РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 555-б (Кыргыз Республикасынын делегациясын түзүү жөнүндө) буйругу

Редакция11.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 11-декабры № 555-б

2017-жылдын 14-15-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 76-жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 76-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Асанкожоева Зина Мукаевна

-

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы;

Урмат уулу Мират(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти.

Эскертүү:

(*) - Москва шаарына 2017-жылдын 14-16-декабрында эксперттик кеңешмеге катышуу үчүн командировкага жиберилет.