Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 29-ноябры № 545-б
Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын жарандарынын - жалпы жарандык паспортторунун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сербия Республикасынын Өкмөтү,
эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана эки өлкөнүн жарандары үчүн жол жүрүү шарттарын жеңилдетүү ниетинде,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Жалпы жарандык паспорттору бар Тараптардын мамлекеттеринин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирген күндөн баштап 180 (жүз сексен) күндүк мөөнөттө токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга жана экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзит менен жүрүүгө укуктуу.
2-берене.
Жалпы жарандык паспорттору бар бир Тараптын мамлекетинин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирүүгө, транзит менен жүрүүгө жана чыгууга эл аралык каттамдар үчүн ачылган мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу етүүгө укуктуу.
3-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына келгенде, ал өлкөнүн мыйзамдарын сактоого тийиш.
2. Ар бир Тарап мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чет өлкөлүк жарандар үчүн анын аймагында кирүү, жүрүү жана калуу шарттарын жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн киргизилгендиги тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу түрүндө маалымдайт.
4-берене.
Ар бир Тарап өз жарандарын эч кандай кошумча жыйымдарды албастан жана атайын иш-чараларды өткөрбөстөн, кайрадан өзүнүн аймагына киргизүүгө милдеттүү.
5-берене.
Бул Макулдашуу ар бир Тараптын өз аймагына башка Тараптын жагымсыз деп табылган жарандарын киргизүүдөн баш тартуу жана анын аймагында болуусун токтотуу укугун чектебейт.
6-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу жалпы жарандык паспорттордун үлгүлөрүн ушул Макулдашууга кол койгон күндөн тартып отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде алмашат.
2. Тараптар жаңы жалпы жарандык паспорттор тууралуу жана жалпы жарандык паспортторго карата киргизилген өзгөртүүлөр, аталган паспорттордун үлгүлөрүн алардын мүнөздөрү жана пайдалануу тартиптери жөнүндө мындай өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин, отуз (30) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине маалымдашат.
7-берене.
1. Ар бир Тарап мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти сактоону же айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоодо ушул Макулдашуунун колдонулушу таасир этсе, анда аны толугу менен же жарым-жартылай токтото турууга укуктуу.
2. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушунун токтотулгандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине мүмкүн болгон кыска мөөнөттөрдө билдиришет. Ушул Макулдашуу кайрадан колдонулуп баштагандан кийин, ар бир Тарап белгиленген тартипте иш-аракеттерди жүргүзө баштайт.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу менен ушул Макулдашууга, ушул Макулдашуунун 9-беренесинин биринчи абзацына ылайык күчүнө кирген, өзүнчө Протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
9-берене.
1. Ушул Макулдашуу мөөнөтсүз түзүлөт жана ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор тууралуу акыркы жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып, отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун дипломатиялык каналдар аркылуу экинчи тарапты жазуу жүзүндө кабарлоо менен токтотушу мүмкүн. Бул Макулдашуу, ушундай кабарлоону экинчи Тарап алгандан кийин да токсон (90) күндүн ичинде колдонулат.
_____________ шаарында 201__-жылдын "__" ____________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, серб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Сербия Республикасынын Өкмөтү үчүн |