Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 29-ноябры № 542-б
1. Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоковго жогоруда аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер, Шанхай кызматташтык уюмунун 2002-жылдын 7-июнундагы Хартиясынын 12-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
ШКУ же уюм - Шанхай кызматташтык уюму;
Мүчө мамлекеттер - ШКУга мүчө мамлекеттер;
башкы катчы - ШКУнун башкы катчысы;
ШКУнун туруктуу иштеген органдары - ШКУ катчылыгы, ШКУнун региондук терроризмге каршы түзүмүнүн аткаруу комитети (мындан ары - РТКТ) жана ШКУ алкагында түзүлгөн туруктуу иштеген башка түзүмдөр;
директор - РТКТ аткаруу комитетинин директору;
аванстар - ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңеши (мындан ары - ӨБК) тарабынан үлүштүк акылардын өлчөмдөрүнө ылайык бекитилген ШКУ бюджетине мүчө мамлекеттер тарабынан бир жолу чегерилген жана Уюм ишин токтоткон же андан чыккан учурда кайтарылган сумма;
бюджет (туруктуу) - ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыздоо үчүн арналган акча каражаттарын түзүү жана пайдалануу формасы. Ал тийиштүү бюджеттик жылга үлүштүк акыга жапа башка түшүүлөргө жараша түзүлөт;
бюджеттик (финансылык) жыл - 1-январдан 31-декабрга чейинки мезгил;
акылар (үлүштүк) - бул финансылык жылда ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын ишине байланышкан чыгымдарды каржылоо үчүн ШКУга мүчө мамлекеттерге белгиленген (эсептелген) сумма;
ички аудит - чыгымдарды түзүүнү контролдоо, пландык көрсөткүчтөрдөн жана ченемдерден четтөөлөрдү табуу, четтөө себептерин талдоо, финансылык-чарбалык иштин резервдерин издөө жана Башкы катчыны зарыл болгон маалымат менен камсыздоо;
ички аудит - ӨБК тарабынан дайындалган адам же институт жүргүзгөн ШКУнун финансылык-чарбалык ишин текшерүү;
финансылык контролдоо - бюджетти түзүү, кароо жана аткаруу тартибин, ошондой эле бюджеттик каражаттарды толтурууну, бөлүштүрүүнү жана пайдаланууну ички жана тышкы текшерүү жана контролдоо;
милдеттенме - келишимдик мамилеге же ШКУнун финансылык жоопкерчилигине алып келген аларга карата тийиштүү уруксаттарды алган торуктардын түрлөрү;
түшүүлөр - белгиленген (эсептелген) үлүштүк акы жана башка түшүүлөр түрүндө ШКУ бюджетине түшкөн каражат;
башка түшүүлөр - белгиленген үлүштүк, максаттуу ыктыярдуу акылардан тышкары түшүүлөрдүн жана акчалай түрдөгү сыйлыктардын, ошондой эле учурдагы финансылык мезгилдеги чыгымдарды түздөн-түз кайтаруунун натыйжасында алынган суммалардын жана алынган аванстардын бардык түрлөрү;
жалпы фонд - Уюмдун туруктуу бюджети боюнча түшүүлөрдү жана чыгымдарды эсепке алуу үчүн ачылган эсеп;
жүгүртмө каражаттар фонду - мүчө мамлекеттерден белгиленген акылар түшкөнгө чейин туруктуу бюджет боюнча чыгымдарды каржылоо максатында ШКУга мүчө мамлекеттерден бир жолку түшүүлөрдү эсепке алуу үчүн ачылган эсеп;
резервдик фонд - Уюмдун ишине байланышкан күтүлбөгөн жана өзгөчө чыгымдарды каржылоо максатында акча каражаттарынын кыймылынын эсебин алуу үчүн ачылган эсеп;
максаттуу фонд - Уюмдун ишине байланышкан максаттуу чыгымдарды каржылоо максатында акча каражаттарынын кыймылынын эсебин алуу үчүн ачылган эсеп;
атайын эсеп - белгилүү бир иш-чараларды жана максаттарды жүргүзүү үчүн багытталган акча каражаттарынын кыймылынын эсебин алуу үчүн пайдаланылган эсеп.
2-берене.
Уюмдун бюджети бир календардык жылга түзүлөт, ал финансылык жыл болуп саналат жана ӨБК тарабынан бекитилет.
Уюмдун бюджети алар тиешелүү болгон финансылык жылга бардык түшүүлөрдү жана чыгымдарды камтыйт жана АКШ долларында түзүлөт. Акылар жана аванстар ар жылы АКШ долларында эсептелет жана төлөнөт.
3-берене.
Мүчө мамлекеттер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемеге ылайык Уюмдун бюджетине жыл сайын үлүштүк акыны төлөйт.
Үлүштүк акынын өлчөмдөрү бир же бир нече мүчө мамлекеттин сунушу боюнча жана башка мүчө мамлекеттердин макулдугу менен, ошондой эле мүчө мамлекет Уюмдан чыккан же жаңы мамлекет ШКУга мүчө катары кирген учурда өзгөрүшү мүмкүн.
ШКУга жаңы мүчө мамлекеттин үлүштүк акысынын өлчөмү ШКУну түзүүчү мамлекеттин минималдуу үлүштүк акысынын өлчөмүнөн төмөн болууга тийиш.
Үлүштүк акынын өлчөмдөрүнүн өзгөрүшү ушул Макулдашуунун 11-беренесинде каралган тартипте бекитилет.
4-берене.
Мүчө мамлекеттер тарабынан үлүштүк акы төлөө бекитилген бюджеттин чегинде ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын эсебине өзүнчө төлөнөт.
Эсептелген акы Башкы катчыдан эсептелген акы жөнүндө билдирүү келген учурдан отуз күндүн ичинде же календардык жылдын биринчи күнүнө карата толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш.
Эгерде мүчө мамлекет эсептелген акыны бул мөөнөттө толук көлөмдө төлөө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда аларды этап-этабы менен төлөй алат, ал бул жөнүндө Башкы катчыга алдын ала билдирет. Ошол эле учурда биринчи кварталдын биринчи айында милдеттүү (эсептелген) акынын жалпы суммасынан 30 пайыздан кем эмеси жана экинчи жана үчүнчү кварталдын биринчи айларында 35 пайыздан кем эмеси төлөнүүгө тийиш.
Финансылык жылдын башына чейин Уюмдун бюджети бекитилбеген учурда мүчө мамлекеттер Уюмдун бюджети бекитилгенге чейин ай сайын мурдагы бюджеттик жылдын туруктуу бюджетин 12/1 аткаруу өлчөмүндө акы төлөйт.
5-берене.
Башкы катчы кийинки финансылык жылга бюджеттин долбоорун ШКУнун дайыма иштеген органдарынын сунуштарына ылайык негиздүү, натыйжалуу жана реалдуу керектөөлөрдүн принциптеринин негизинде түзөт.
Башкы катчы бюджеттин долбоорун кезектеги финансылык жыл башталганга чейин сегиз ай мурда бардык мүчө мамлекеттерге берет. Бюджеттин долбоору ШКУга мүчө мамлекеттердин эксперттеринин финансылык-бюджеттик маселелер боюнча атайын жумушчу тобу тарабынан каралат жана ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук координаторлорунун кеңеши (УКК) тарабынан жактырылгандан кийин ӨБКга бекитүүгө берилет.
ӨБК тарабынан Уюмдун бюджети бекитилгенден же каралгандан кийин Башкы катчы төлөнүүчү үлүштүк акы жана аванстар жөнүндө мүчө мамлекеттерге маалымдайт.
Башкы катчы үлүштүк акылардын түшкөндүгү жөнүндө маалыматты мүчө мамлекеттерге дайыма берип турат.
Башкы катчы аларды оңдоп-түзөтүү зарылдыгы пайда болгондо ушул Макулдашуунун негизинде финансылык жобону жана эрежелерди иштеп чыгат. УККнын макулдугу менен аларды ӨБКнын бекитүүсүнө киргизет.
Уюмдун бюджетин аткаруу жөнүндө жылдык отчет Башкы катчы тарабынан түзүлөт, ШКУга мүчө мамлекеттердин эксперттеринин финансылык-бюджеттик маселелер боюнча атайын жумушчу тобу тарабынан каралат жана УККнын жактыруусу менен ӨБКнын бекитүүсүнө киргизилет.
Башкы катчы аталган ыйгарым укуктарды жазуу жүзүндө өзүнүн орун басарларына өткөрүп берет алат.
6-берене.
Башкы катчы жана Директор ӨБК тарабынан бекитилген бюджеттин суммасынын чегинде ал тиешелүү болгон финансылык жылдын ичинде милдеттенмелерди кабыл алуу жана төлөмдөрдү жүргүзүү укугуна ээ болот.
Башкы катчы жана Директор финансылык жыл аяктагандан кийин 3 айдын ичинде ушул финансылык жылда жеткирилген товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле калган башка финансылык милдеттенмелерди толугу менен жабат.
ӨБК тарабынан финансылык жылдын башына чейин бюджет бекитилбеген учурда Башкы катчы жана Директор мурдагы туруктуу бюджетти аткаруунун 12/1 суммасынын чегинде ай сайын милдеттенмелерди кабыл алууга жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болот.
7-берене.
Туруктуу бюджет боюнча түшүүлөрдү жана чыгымдарды эсепке алуу үчүн Жалпы фонд түзүлөт. Анын акчалай каражаттарынын булагы болуп учурдагы финансылык мезгилде мүчө мамлекеттер тарабынан төлөнгөн үлүштүк акылар, башка түшүүлөр, ошондой эле ушул беренеге ылайык түзүлгөн Жүгүртмө каражаттар фондунан берилген каражаттар саналат.
Тышкы аудиттин жыйынтыгы боюнча Жалпы фонддун калдыктары текшерилген мезгилде карызы болбогон ШКУга мүчө мамлекеттерге акылардын пропорционалдуу белгиленген шкаласы менен кийинки финансылык жылга үлүштүк акыны төлөө катары эсептелет.
Белгиленген үлүштүк акы түшкөнгө чейин акча каражаттарына болгон керектөөлөрдү жабуу үчүн Жүгүртмө каражаттар фонду түзүлөт. Анын акча каражаттарынын булагы мүчө мамлекеттердин аванстары болуп саналат.
Уюмдун ишине байланышкан күтүлбөгөн жана өзгөчө чыгымдарды жабуу үчүн Резервдик фонд түзүлүшү мүмкүн. Резервдик фондду түзүү чечими, ошондой эле анын каражаттарынын көлөмү жана аны пайдалануу тартиби УККнын сунушу боюнча ӨБК тарабынан аныкталат.
Башкы катчы УККнын макулдугу менен максаттуу фонддорду жана атайын эсептерди түзө алат. Ар бир максаттуу фонддун жана атайын эсептердин каражатынын багыты жана чектүү көлөмү так аныкталууга тийиш.
Жогоруда аталган фонддорду жана эсептерди башкаруу ушул Макулдашуунун 5-беренесинде баяндалган финансылык жоболорго жана тартиптерге ылайык жүргүзүлөт.
Ыктыярдуу акылар, акча түрүндөгү же башка формадагы сыйлыктар УККнын жана Директордун, РТКТ кеңешинин. жактыруусу менен жана Башкы катчынын макулдугу менен бул каражаттардын багыты Уюмдун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген учурда белгиленген тартипте Башкы катчы тарабынан кабыл алынат.
ШКУнун дайыма иштеген органдары тарабынан акча каражаттарын алуунун кандайдыр бир формаларына жол берилбейт.
8-берене.
Уюмдун башкы кызмат адамы болуп саналган Башкы катчы Уюмдун ишинин бардык финансылык аспекттери үчүн жоопкерчилик тартат жана ушул Макулдашууга ылайык Уюмдун финансылык ресурстарын тийиштүү түрдө жана натыйжалуу башкаруу үчүн УККга жана ӨБКга отчет берет.
Уюмда ички жана тышкы аудитти кошкондо финансылык контролдоонун зарыл болгон механизми камсыздалат.
9-берене.
Үлүштүк акылардын жыл сайын эсептелген, мүчө мамлекеттер тарабынан төлөнбөгөн суммасы бул мамлекеттин Уюмга болгон карызы болуп саналат, ал милдеттүү түрдө тындырылууга жатат.
Ушул жылдын 1-октябрынан тартып аларга эсептелген акыларды толук көлөмдө төлөбөгөн мүчө мамлекеттер карыздын суммасынан айына 0,1% өлчөмүндөгү пайызды төлөөгө тийиш.
Карызынын суммасы мурдагы бюджеттик жылда андан алынуучу акылардын суммасынан ашып кеткен мүчө мамлекет карызы толук тындырылганга чейин ШКУнун туруктуу иштеген органдарындагы кызматтарга өз жарандарын көрсөтүү укугунан ажырашы мүмкүн. ӨБК Тышкы иштер министрлер кеңешинин (мындан ары - ТИМК) сунушу боюнча бул мамлекеттен көз карандысыз болгон кырдаалдарга байланыштуу акы төлөнбөгөн болсо бул чараны колдонбоо чечимин кабыл алышы мүмкүн.
Карызынын суммасы мурдагы эки бюджеттик жылда андан алынуучу акылардын суммасынан ашып кеткен мүчө мамлекетке карата Шанхай кызматташтык уюмунун Хартиясынын 13-беренесинде каралган тартипте анын Уюмдагы мүчөлүгүн токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. ӨБК ТИМКнын сунушу менен бул мамлекеттен көз карандысыз болгон кырдаалдарга байланыштуу акы төлөнбөгөн болсо бул чараны колдонбошу мүмкүн. Мүчө мамлекеттин Уюмдун алдындагы финансылык милдеттенмелери бул мамлекеттин ШКУдагы мүчөлүгүнүн токтотулгандыгына (мүчөлүктү токтотуу, ыктыярдуу чыгуу) карабастан толук аткарылууга жатат.
Ушул берененин аткарууга байланышкан конкреттүү маселелерди жөнгө салуу тартиби ушул Макулдашуунун 5-беренесинде баяндалган финансылык жоболор жана тартиптер менен аныкталат.
10-берене.
Уюмдун же анын туруктуу иштеген өзүнчө органдарынын иши токтотулган учурда Уюмдун мүлкүн сатып алуу жана сатуу маселелерин кошкондо, буга байланышкан финансылык, мүлктүк маселелерди жөнгө салуу тартиби ушул Макулдашуунун жоболорун эске алуу менен ӨБК тарабынан аныкталат.
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган акча каражаттары милдеттенмелер аткарылгандан кийин учурдагы бюджеттик жылга аныкталган акылардын пропорционалдуу өлчөмдөрүндө мүчө мамлекеттер арасында бөлүштүрүлөт.
Уюмдун ишинин токтогондугуна байланыштуу милдеттенмелерди аткаруу үчүн акча каражаты жетишсиз болгон учурда мүчө мамлекеттер тарабынан учурдагы бюджеттик жылга аныкталган акылардын пропорционалдуу өлчөмдөрүндө жабылат.
Уюмдан чыккан же мүчө мамлекеттен чыгарылган учурда бул мамлекет тарабынан Жүгүртмө каражаттар фондуна чегерилген аванстар ага кайтарылат. Эгерде бул мамлекеттин милдеттүү акыларды төлөө боюнча карызы болгон учурда кайтарылган каражаттардын суммасы бул карыздын суммасына азайтылат. Аванстардын эсебинен тындырылбаган карыз бул мамлекеттин каражаттарынын эсебинен тындырылат.
11-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын чечими боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
12-берене.
Ушул Макулдашууну түшүндүрүүдө же колдонууда пайда болгон талаш-тартыштуу маселелер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
13-берене.
Ушул Макулдашуу ШКУ Хартиясына мүчө мамлекеттер тарабынан 2018-жылдын 1-январынан тартып убактылуу колдонулат жана Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун алар тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Тараптарга төртүнчү жазуу жүзүндө билдирүүнү депозитарий алган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууга кол койгон жана мамлекеттик ички жол-жоболорду кийин аткарган мамлекеттер үчүн депозитарий тарабынан мындай жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө билдирилген датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ал Хартияга кошулган мамлекеттин кошулуусу ачык болуп саналат.
Кошулган мамлекеттер үчүн ушул Макулдашуу депозитарий тарабынан кошулуу жөнүндө документтер алынган датадан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу убактылуу колдонула баштаган датадан тартып 2003-жылдын 29-майындагы ШКУ бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну жана 2004-жылдын 24-ноябрындагы ШКУ бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду убактылуу колдонуу токтотулат.
14-берене.
Ушул Макулдашуунун депозитарийи ШКУ катчылыгы болуп саналат, ал Тараптарга күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү жиберет.
2017-жылдын ___ ____________ бир нускада орус жана кытай тилдеринде түзүлдү, эки текст бирдей күчкө ээ.
Индия Республикасы үчүн |
|
|
Казакстан Республикасы үчүн |
|
|
Кытай Эл Республикасы үчүн |
|
|
Кыргыз Республикасы үчүн |
|
|
Пакистан Ислам Республикасы үчүн |
|
|
Россия Федерациясы үчүн |
|
|
Тажикстан Республикасы үчүн |
|
|
Өзбекстан Республикасы үчүн |
|
|
|
| Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуунун тиркемеси |
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин үлүштүк акыларынын өлчөмдөрү
Индия Республикасы - 5,9 пайыз
Казакстан Республикасы - 17,6 пайыз
Кытай Эл Республикасы - 20,6 пайыз
Кыргыз Республикасы - 8,8 пайыз
Пакистан Ислам Республикасы - 5,9 пайыз
Россия Федерациясы - 20,6 пайыз
Тажикстан Республикасы - 6 пайыз
Өзбекстан Республикасы - 14,6 пайыз