РаспоряжениеКүчүндө

КР 2017-жылдын 29-ноябры № 543-б КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 543-б (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу № 2 протоколдун расмий тилде долбооруна макулдук берүү жөнүндө) буйругу

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 29-ноябры № 543-б

Россия Федерациясынын Москва шаарында 2014-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу № 2 протоколдун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Долбоор

Москва шаарында 2014-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү жөнүндө макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу № 2 ПРОТОКОЛ

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир тарап, жана Россия Федерациясынын Финансы министрлиги экинчи тарап, мындан ары Тараптар деп аталат, Москва шаарында 2014-жылдын 4-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүүсү тууралуу макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 7-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Макулдашуунун 1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

- "9. Ош шаарынын Ленинград көчөсү боюнча Тилеке-Баатыр көчөсүнөн Сай-Бою көчөсүнө чейин, жөө киши өтчү көпүрөнү, аятчасы менен курууну каржылоо.".

2-берене.

Бул Протокол ага кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2017-жылдын "__" ____________ орус тилиндеги эки нускада түзүлдү, эки нуска тең бирдей күчкө ээ.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн

 

Россия Федерациясынын Финансы министрлиги үчүн

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

 

Россия Федерациясынын Финансы министринин орун басары

А.Касымалиев

 

С.Сторчак