Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-декабры № 547-б
Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2017-жылдын 1-6-декабрында болуучу кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча "Жол картасынын" долбоорун талкуулоо максатында казакстан тарап менен сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министрдин убактылуу милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр |
| Д.Кенекеев |
Тиркеме
Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2017-жылдын 1-6-декабрында болуучу кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча "жол картасынын" долбоорун талкуулоо үчүн казакстан тарап менен сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Уметалиев Санжар Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Сулайманов Азамат Талапбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы; |
Осмонов Замирбек Бабакулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы; |
Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы; |
Жумаканов Калысбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Жеенбаев Кубатбек Артыкбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу, Башкы штабдын начальниги; |
Исаев Амангелди Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору; |
Абдралиева Гульмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Кадыров Радмил Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин кеңешчиси; |
Абдылдаев Акылбек Таалайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укук департаментинин 3-катчысы; |
Маткеримов Руслан Акылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 1-саясий департаментинин Борбордук Азия бөлүмүнүн башчысы; |
Пирназаров Болот Коеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык контролдоо башкармалыгынын начальниги; |
Бейшеев Марсалбек Жумабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук башкармалыгынын начальниги; |
Дусумбаев Нурлан Жапсарбаевич | - | "Кыргыз Темир Жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тариф саясаты башкармалыгынын начальниги; |
Иманалиев Эркинбек Эмилевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тобокелдиктерди профилдөө бөлүмүнүн начальниги; |
Аспекова Валерия Талантбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык бирлигин координациялоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу; |
Касымали уулу Каныбек | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык бирлиги менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Жумабеков Нурлан Кадыржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кыйыр салыктар боюнча бөлүмүнүн начальниги. |