Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-декабры № 583-б
Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк жана үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 111-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун 1-пункту менен бекитилген 2017-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
"2017-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ
| Уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин аталышы | сом |
1 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 3858654,50 |
2 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставдык жана башка органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 7786338,81 |
3 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитет | 1587590,00 |
4 | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 33437377,34 |
5 | Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу бюджети | 3635000,00 |
6 | Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык операциялары, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык трибуналдары | 3635000,00 |
7 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 3086354,90 |
8 | Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы | 16501936,17 |
9 | Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмү | 11353641,39 |
10 | Экономикалык кызматташтык уюму | 1855188,00 |
11 | Түрк маданиятынын эл аралык уюму | 5855100,21 |
12 | Ислам кызматташтык уюму | 12705115,22 |
13 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 2729789,15 |
14 | Бириккен Улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму | 8163954,68 |
15 | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 4735540,75 |
16 | Дүйнөлүк соода уюму | 2527917,35 |
17 | Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм | 161269,73 |
18 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы | 16511043,70 |
19 | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясы | 4451544,78 |
20 | Парламенттер аралык союз | 657651,00 |
21 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясы | 117166,65 |
22 | Кылмыштуулук полициясынын эл аралык уюму | 1208763,46 |
23 | Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик | 967215,86 |
24 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдындагы Интернационалист аскерлердин иштери боюнча комитет | 60810,50 |
25 | Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк туристтик уюму | 3758855,56 |
26 | Евразия экономикалык бирлиги | 152847135,54 |
27 | Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы | 43191794,21 |
28 | Ислам өнүктүрүү банкы | 10154582,29 |
29 | Азия өнүктүрүү банкы | 3080000,05 |
30 | Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 13862716,92 |
31 | Миграция боюнча эл аралык уюм | 64708,75 |
32 | Дүйнөлүк метеорологиялык уюм | 943058,58 |
33 | Бириккен Улуттар уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму | 2570259,45 |
34 | Эл аралык жарандык авиация уюму | 3190736,64 |
35 | Эл аралык авиациялык комитет | 2978495,52 |
36 | Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши | 14636461,64 |
37 | Эл аралык эмгек уюму | 523125,71 |
38 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Нанотехнологиялар эл аралык инновациялык борбору | 608105,00 |
| Жыйынтыгы: | 400000000,00 |
".