КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-декабры № 582-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бийик тоо биологиясы жана медицинасы жаатында биргелешкен илимий-изилдөө иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |