РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 582-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бийик тоо биологиясы жана медицинасы жаатында биргелешкен илимий-изилдөө иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

Редакция18.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 18-декабры № 582-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бийик тоо биологиясы жана медицинасы жаатында биргелешкен илимий-изилдөө иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган Меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков