Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 22-декабры № 590-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
аймактык бүтүндүк жана чек аранын бузулбастыгы жөнүндө эл аралык укуктун принциптерин жетекчиликке алуу менен,
эки мамлекеттин ортосундагы чек ара муундан муунга түбөлүк достуктун жана тынчтыктын чек арасы болуп кала берүүсү үчүн бардык күчтү жумшоого умтулуп,
эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында туруктуулукту жана чек арага жакын райондордо тынчтыкты камсыздоо, чек ара маселелерин бири-бирин урматтоо, ишеним көрсөтүү, тең укуктуулук, ынтымактуулук жана кызматташуу аркылуу жөнгө салуу максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-глава. Түшүнүктөр аппараты
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) авариялык куткаруу кызматы - өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана аны жоюу маселелерин чечүүгө багытталган жана негизин авариялык куткаруу түзүмдөрү түзгөн бирдиктүү системага бириккен күчтөрдүн жана каражаттардын, башкаруу органдарынын жыйындысы;
2) авариялык куткаруу түзүмү - авариялык куткаруу иштерин аткарууга багытталган өз алдынча же авариялык куткаруу кызматынын курамына кирген түзүм, анын негизин атайын техника, жабдуулар, шаймандар, аспаптар жана материалдар менен жабдылган куткаруучулар бөлүкчөлөрү жана кинология эсептери түзөт;
3) көлмө - табигый же жасалма куймаларда (көлдөрдө, суу сактагычтарда, жасалма көлмөлөрдө ж.б.) акпаган же жай аккан суунун дайыма же убактылуу топтолуусу;
4) суу каналы - суу агымын багыттоочу жасалма курулма;
5) аба кемеси - аба менен өз ара аракеттенүүнүн эсебинен атмосферада учкан аппарат, анын ичинде дирижаблдер, аэростаттар, учактар, тик учактар жана башка учуучу аппараттар;
6) мамлекеттик чек ара, чек ара - ушул Макулдашуунун текстинде бирдей мааниге ээ, сызыкты жана аймакты (кургактыкты, сууну, жер казынасын жана аба мейкиндигин) бөлүү чегин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик эгемендиктин колдонуунун мейкиндик чегин аныктоочу вертикалдуу тегиздикти билдирет;
7) жүк жана мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүлүүчү башка мүлк (мындан ары - жүк жана башка мүлк) - мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүлүүчү коммерциялык жана коммерциялык эмес жук, товарлар, жаныбарлар, буюмдар, материалдар, каражаттар, заттар, кол баштыктар (багаж) жана транспорт каражаттары;
8) делимитациялоо - 2001-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим менен таризделген мамлекеттик чек аранын абалын жана багытын аныктоо;
9) демаркациялоо - 2001-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге ылайык жеринде мамлекеттик чек араны чек ара белгилери менен аныктоо жана белгилөө,
2017-жылдын "___"_______________ Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим менен таризделген;
10) чек араны делимитациялоо жөнүндө документтер - 2001-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, 1999-жылдын 25-августундагы Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиш чекити жөнүндө макулдашуу, 2001-жылдын 15-июнундагы Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жама Өзбекстан Республикасынын ортосундагы үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиш чекити жөнүндө макулдашуу;
11) чек араны демаркациялоо жөнүндө документ - 2017-жылдын "___" _______________ Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишим;
12) биргелешкен текшерүүлөрдүн документтери - чек араны демаркациялоо жөнүндө документтин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин биргеликте текшерүүдөн кийин калыптанган укуктук документтер (кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүнүн сүрөттөмө протоколу, мамлекеттик чек ара картасы, чек ара белгилеринин протоколдору, чек ара белгилеринин координаттарынын жана бийиктигинин каталогу, чек ара белгилеринин мамыларынын жайгашуу схемасы, биргелешкен текшерүүлөрдүн протоколу жана башка документтер);
13) биргеликте пайдалануудагы жолдор - Тараптардын эки мамлекети тең мүчө болгон эл аралык келишимдерге ылайык Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары, ошондой эле чек аралар аралык курулмаларын тейлөө персоналы тарабынан пайдаланылуучу мамлекеттик чек ара сызыгында же аны бойлой жайгашып, аны бир нече жолу кесип өткөн айыл ортолорундагы жолдору (чыйыр жолдор);
14) өзгөчө кырдаалды жоюу - издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунда өткөрүлүүчү жана адамдардын өмүрүн куткарууга жана ден соолугун сактоого, зыяндын жана материалдык жоготуулардын өлчөмүн азайтууга, ошондой эле өзгөчө кырдаал зоналарын локалдаштырууга багытталган башка иштер;
15) жергиликтүү тургундар - чек арага жакын райондордо туруктуу жашаган калк;
16) уюшкан туристтик топ - Тараптардын биринин мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык Тараптардын экинчи мамлекетинин аймагында саякаттоо максатында уюшкан туристтик топ;
17) жабдык - материалдар, техника жана транспорт каражаттары, авариялык-куткаруу кызматтарынын жана түзүмдөрүнүн шаймандары жана алардын мүчөлөрүнүн шаймандары;
18) мамлекеттик чек ара аркылуу өтүү - жүктүн жана башка мүлктүн мамлекеттик чек ара менен иш жүзүндө кесилишкен учуру;
19) мамлекеттик чек араны кесип өтүү - адамдардын жана транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек ара менен иш жүзүндө кесилишкен учуру;
20) чек ара белгилери - мамлекеттик чек ара сызыгында же анын эки тарабында орнотулган жана жергеде мамлекеттик чек аранын белгиленишин көрсөткөн мамылар. Алардын географиялык координаттары чек араны демаркациялоо жөнүндө документтерде же мамлекеттик чек аранын белгиленишин биргелешкен текшерүү документтеринде аныкталган жана бекитилген. Чек ара белгилери негизги жана арадагы болуп бөлүнөт;
21) чек ара чыр-чатагы - мамлекеттик чек арадагы мамлекеттик чек ара режими менен байланышкан жана Тараптардын биринин же эки мамлекетинин тең жана үчүнчү чектеш (кесилиш) мамлекеттин кызыкчылыгын козгогон окуя;
22) чек ара тилкеси - Тараптардын улуттук мыйзамдары менен аныкталган, мамлекеттик чек ара режими колдонулган, эки тарабынан мамлекеттик чек ара сызыгына кошулган аймактын бөлүгү;
23) чек ара өкүлдөрү - ушул Макулдашуу менен белгиленген мамлекеттик чек ара режимин сактоого, чек ара чыр-чатагын чечүүгө жана алдын алууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Тараптардын мамлекеттеринин чек ара кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн арасынан дайындалуучу ыйгарым укуктуу кызмат адамдары;
24) чек ара токой жолдору - мамлекеттик чек ара сызыгынын эки тарабы боюнча мамлекеттик чек ара сызыгына байкоо жүргүзүүнү жана коңшу чек ара белгилеринин ортосунда көрүүнү камсыздоо максатында анын эки тарабы боюнча ушул Макулдашуу менен аныкталган кеңдик чегинде бак-дарактардан, бадалдардан жана башка өсүмдүктөрдөн тазаланган жер тилкеси;
25) чек арага жакын райондор - Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арага жанаша жайгашкан райондору;
26) мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү өткөрүү жана чек ара аркылуу өткөрүү - ушул Макулдашуунун текстинде бирдей мааниге ээ жана бул Макулдашууга жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык адамдардын, транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек араны кесип өтүүсүнүн жана жүктү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүнүн мыйзамдуулугун Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары тааныгандыгын (кесип өтүүгө уруксат бергендигин) билдирет;
27) мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту (мындан ары - өткөрүү пункту) - Тараптардын мамлекеттеринин темир жол, автомобилдик бекетинин же станциясынын, эл аралык аэропортунун же аэродромунун чегиндеги аймак, ошондой эле чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлгөн, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык атайын бөлүнгөн жана жабдылган, мамлекеттик чек арага түздөн-түз жакын жайгашкан жер тилкеси;
28) мамлекеттик чек ара режими - мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкелеринде колдонулган, ушул Макулдашуу менен аныкталган жана өзүнө төмөнкү тартипти камтыган эрежелер:
мамлекеттик чек араны күтүү;
адамдар, транспорт каражаттары тарабынан мамлекеттик чек араны кесип өтүүсү жана ал аркылуу жүктү жана башка мүлктү алып өтүү;
мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү өткөрүү;
мамлекеттик чек аранын жана чек ара тилкесинин үстүнөн учууларды ишке ашыруу;
мамлекеттик чек арада, чек ара тилкелеринде, ошондой эле чек арадагы суулардын чегинде (анын ичинде аларды пайдалануу) чарбалык, өндүрүштүк жана башка ишти жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү;
чек ара чыр-чатагын чечүү;
29) мамлекеттик чек ара режимин сактоо боюнча биргелешкен аракеттер - максаттары, жери, убактысы боюнча макулдашылган жана мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде, чек ара райондорунда жана чек арадагы суулардын чегинде бирдиктүү ой-болжом боюнча өткөрүлүүчү чек ара кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдардын ушул Макулдашуу жана Тараптардын улуттук мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик чек ара режимин сактоо боюнча аракеттери;
30) мамлекеттик чек араны күтүү - чек ара белгилерин орнотуу, оң абалда сактоо жана күтүү тартиби, аларды көзөмөлдөп текшерүү, токой жолдорун (чыйыр жолдорду) талапка ылайык жабдуу жана күтүү, ошондой эле мамлекеттик чек аранын өтүшүн (белгиленишин) жана чек ара белгилеринин абалын биргеликте текшерүү тартиби;
31) чек ара белгилерин күтүү - чек ара белгилерин сактоо (кароо, кайтаруу, демонтаждоо жана коопсуз жерге чыгаруу) жана оң абалда кармоо (тейлөө, калыбына келтирүү, оңдоо жана кайрадан орнотуу), аларды көзөмөлдөп текшерүү, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери тарабынан чек ара белгилеринин абалын биргеликте текшерүү тартиби;
32) Тараптардын бир мамлекетинин аймагы аркылуу транзиттик өтүү - адамдардын, транспорт каражаттарынын, жүктүн жана башка мүлктүн Тараптардын бир мамлекетинин аймагы аркылуу жүрүүсү жана алардын бул мамлекет аймагы аркылуу жүрүү жолу башка Тараптын аймагында башталган жана аяктаган толук каттамдын бир бөлүгү болуп саналат;
33) чек аралар аралык курулмалар - мамлекеттик чек араны кесип өтүүчү темир жолдор, автомобилдик жолдор, түтүк өткөргүчтөр, электр зымдары, кабелдер, көпүрөлөр, плотиналар, шлюздар, суу канал курулмалары жана башка курулмалар, ошондой эле башка Тараптын аймагында чек арага жакын аймактын (чек ара зонасынын) чегинде жайгашкан объекттер;
34) ыйгарым укуктуу органдар - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен аныкталган органдар, алардын компетенциясына ушул Макулдашууга ылайык маселелерди чечүү кирет;
35) форс-мажор жагдайлары - объективдүү мүнөздөгү, алдын ала билүүгө, алдын алууга жана тоскоолдук кылууга мүмкүн болбогон шарттар;
36) өзгөчө кырдаал - адам курмандыгына алып келиши мүмкүн болгон же алып келген, адамдын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирген, олуттуу материалдык чыгымдарга кабылдырган жана адамдардын тиричилик шарттарын бузган авариянын, кооптуу жаратылыш кубулушунун, катастрофанын, табигый жана башка кырсыктын натыйжасында Тараптардын мамлекеттеринин (Тараптардын биринин) аймагында пайда болгон жагдай;
37) чек ара өкүлдөрүнүн эксперттери - чек ара өкүлдөрүнүн ишин камсыздоо үчүн тартылуучу (дайындалуучу), Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын түрдүү профилдеги компетенттүү адистери.
2-глава. Мамлекеттик чек ара режиминин укуктук негиздери
2-берене.
Мамлекеттик чек ара режими Тараптардын мамлекеттеринин Биргелешкен аракеттери менен сакталат жана пайда болгон маселелер ушул Макулдашуу, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары жана Тараптардын эки мамлекети тең мүчө болгон эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат, атап айтканда:
1. 2001-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны кайтарууда кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
2. 2001-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Чек ара районунда ишеним көрсөтүү чаралары боюнча макулдашуу.
3. 2001-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Чек ара өкүлдөрү жөнүндө макулдашуу).
4. 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуу).
5. 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуу.
6. 2009-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (коргоо), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жөнүндө макулдашуу.
7. 2000-жылдын 21-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чу жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарба курулмаларын пайдалануу жөнүндө макулдашуу.
8. 2000-жылдын 30-ноябрындагы Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн, Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын визасыз кирип-чыгуусу жөнүндө макулдашуу.
3-глава. Мамлекеттик чек араны күтүү
3-берене.
Мамлекеттик чек араны күтүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт жана мамлекеттик чек ара режимин камсыздоого жана сактоого багытталат.
4-берене.
1. Тараптардын ар бири чек ара белгилерин коргоо боюнча чара көрөт, алардын бузулушун, ордунан жылышын, кыйрашын же жоголушун болтурбайт, ошондой эле ушул Макулдашуунун, демаркациялоо жөнүндө документтердин жана биргелешкен текшерүү документтеринин жоболоруна ылайык өз мамлекетинин аймагында жабдылган токой жолдорун жана өзү орноткон чек ара белгилерин күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдар улуттук мыйзамдарга жана Тараптардын мамлекеттери мүчө болгон эл аралык келишимдерге ылайык өз Тарабынын мамлекетинин чек ара белгилерин күтүү боюнча иштерди жүргүзөт.
Тараптардын мамлекеттеринин биринин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан чек ара белгилеринин бузулгандыгы, ордунан жылдырылгандыгы, кыйрагандыгы же жоголгондугу аныкталган учурда башка Тараптын мамлекетинин чек ара кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына шашылыш билдирилет.
Бир Тараптын мамлекетинин чек ара белгилерин күтүү үчүн жооптуу болгон чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органы жоголгон чек ара белгилерин издөө жана жоголуу шарттарын териштирүү боюнча чара көрөт, ал эми башка Тараптын мамлекетинин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы бул маселени өз мамлекетинин аймагында чечүүгө көмөк көрсөтөт.
5-берене.
1. Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар чек ара белгилеринин абалын өз алдынча же биргеликте текшерет.
Чек ара белгилеринин абалын биргелешкен текшерүүнү өткөрүү мөөнөтү чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда күн мурун макулдашылат.
Аталган биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыктары Чек ара белгилеринин абалын биргелешкен текшерүү протоколу менен орус тилинде эки нускада таризделет.
Чек ара белгилерин күтүү үчүн жооптуу болгон чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аларды оңдоо, калыбына келтирүү жана мурдагы ордуна кайрадан орнотуу боюнча чара көрөт, ошондой эле мындай иштерди жүргүзүүнү баштоодон 10 күн муруң экинчи Тараптын мамлекетинин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына кабарлайт.
2. Тараптардын биринин мамлекетинин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан жогоруда аталган иштерди өткөрүүсү башка Тараптын мамлекетинин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Иштин аягында ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча орус тилинде эки нускада акт түзүлөт.
Аталган жумуштарды жүргүзүү үчүн Тараптардын бирөөсүндө чек ара белгисине өз мамлекетинин аймагынан. жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда экинчи Тарап өз мамлекетинин аймагынан бул белгиге жетүү үчүн мүмкүндүк берет.
6-берене.
Жаратылыш кырсыктарынын (жер көчкүнүн, суу ташкынынын ж.б.) кесепетинен чек ара белгилеринин бузулуу коркунучу пайда болгон учурда чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар чек ара белгилерин сактоо боюнча чара көрөт, ал эми аларды сактап калуу мүмкүн эмес болгон учурда жоголуудан сактоо максатында чек ара белгилерин демонтаждоо аркылуу коопсуз жерге чыгарып, ар бир факт боюнча акт түзүлөт.
Чек ара белгилеринин кыйроо коркунучу пайда болгондугу жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Тараптардын бир мамлекетинин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы Тараптардын экинчи мамлекетинин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына тез арада билдирет.
7-берене.
1. Форс-мажор шартына байланыштуу чек ара белгисин калыбына келтирүү же ордуна кайра орнотуу мүмкүн болбогон учурда ушул Макулдашуунун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча чек ара белгисин калыбына келтирүүгө же кайра мурунку ордуна орнотууга жолтоо болгон себептерди көрсөтүү менен эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде акт түзүлөт жана бул маселе ушул Макулдашуунун 47-беренесине ылайык түзүлгөн Мамлекеттик чек ара режими боюнча биргелешкен кыргыз-казак комиссиясынын кароосуна киргизилет (мындан ары - чек ара режими боюнча биргелешкен комиссия).
Чек ара режими боюнча биргелешкен комиссия чек ара белгисин орнотуу үчүн мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн өзгөртпөй башка жай аныктоо боюнча чечим кабыл алат.
2. Жаңы жерге чек ара белгисин орнотуу үчүн чек ара режими боюнча биргелешкен комиссия геодезиялык, жер бөлүштүрүү кызматтарынын адистеринен жана эксперттерден, Тараптардын мамлекеттеринин башка ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен топту (мындан ары - биргелешкен эксперттер тобу) түзөт.
Жүргүзүлгөн жумуштардын жыйынтыгы боюнча биргелешкен эксперттер тобу ушул Макулдашуунун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде акт тариздейт жана жаңы чек ара белгисинин протоколун, чек ара белгилеринин мамыларынын жайгашуу схемасын жана чек ара белгилеринин координаттарынын жана бийиктигинин каталогунун фрагментин, бул участокто мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн сүрөттөмө протоколун жана жаңы орнотулган чек ара белгисинин жайгашуусуна тийиштүү мамлекеттик чек ара картасын түзөт.
Аталган документтер 2017-жылдын "___" ___________________ Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимге ылайык түзүлгөн мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин текшерүү боюнча биргелешкен Комиссиянын кароосуна жиберилет.
Аталган Комиссия тарабынан мамлекеттик чек ара сызыгынын белгилениши биргеликте текшерилгенден кийин бул документтер биргелешкен текшерүү протоколу менен таризделет, протокол мамлекеттик чек араны демаркациялоо документтеринин ажыратылгыс бөлүгү болуп калат.
3. Чек ара белгисин оңдоо, калыбына келтирүү, кайрадан орнотуу же жылдыруу, ошондой эле формасы, өлчөмү, аны жасоочу материал жана анын жайгашуу жайы чек араны демаркациялоо жөнүндө документтердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
4. Тараптардын бири да мамлекеттик чек ара сызыгында же сызыктын эки тарабында чек ара белгилерин же чек араны демаркациялоо жөнүндө документтерде айтылбаган анын башка белгилерин бир тараптуу орното албайт.
5. Тараптар чек ара белгилерин бузган, жылдырган же жок кылган юридикалык же жеке жактарды өз мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартат, ошондой эле бузулган же жок кылынган чек ара белгилерин калыбына келтирүү менен байланышкан чыгымдарды кайтарып берүү тартибин аныктайт.
8-берене.
1. Тараптар туурасы 15 метрди (мамлекеттик чек ара сызыгынын эки тарабынан 7,5 метрден) түзгөн чек ара токой жолдорун жабдуу жана күтүү боюнча чара көрөт, бак-дарактар, бадалдар жана башка өсүмдүктөр менен жабылып калуусунан сактайт.
Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар өз мамлекетинин аймагынын чегинде токой жолдорунун абалын текшерүүнү өз алдынча же биргеликте жүргүзөт.
Токой жолдорунун абалын биргелешип текшерүүнүн мөөнөтү чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда күн мурун макулдашылат.
Аталган биргелешкен текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен эки нускада, орус тилинде таризделет.
Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар токой жолдорун байкоо жүргүзүүгө жолтоо болгон бак-дарактардан, бадалдардан жана башка өсүмдүктөрдөн өз алдынча же биргелешип тазалайт.
Өз аймагындагы токой жолдорун тазалоо боюнча иштерди жүргүзүүдө бир Тараптын чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы бул тууралуу экинчи Тараптын чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына жумушту баштоодон 10 күн мурун кабарлайт.
2. Токой жолдорун тазалоодо өрт коюуга, химиялык препараттарды жана Тараптардын мамлекеттерине зыян келтире турган ыкмаларды пайдаланууга тыюу салынат.
3. Ушул Макулдашууда жана Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы башка эл аралык келишимдерде каралган учурлардан башка учурда жер айдоого, жер казууга, курулуш жана башка чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
9-берене.
1. Чек араны демаркациялоо жөнүндө документтер күчүнө киргенден кийин Тараптар 10 жылда бир жолу мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин биргеликте текшерет.
Тараптар мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин биргелешип текшерүү алдында дипломатиялык каналдар аркылуу аны өткөрүү мөөнөтүн макулдашат.
Тараптар менен макулдашуу аркылуу мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин биргелешип текшерүү мөөнөтүн өзгөртүүгө же чек аранын айрым гана участокторунда мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин биргелешип текшерүүгө жол берилет.
2. Аталган биргелешкен текшерүү жүргүзүү үчүн Тараптар Мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин текшерүү боюнча биргелешкен комиссияны түзөт. Тараптардын делегацияларынын курамдарын жана алардын ыйгарым укуктарын Тараптар өз алдынча бекитишет. Биргелешип иш жүргүзүү тартиби Мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин текшерүү боюнча биргелешкен комиссия тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин биргелешип текшерүүнүн жыйынтыктары ушул Макулдашуунун 1-беренесинин 12-пунктунда белгиленген тийиштүү документтер менен эки нускада, кыргыз, казак жана орус тилдеринде таризделет.
4-глава. Адамдардын, транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек араны кесип өтүү жана мамлекеттик чек ара аркылуу жүктү жана башка мүлктү алып өтүү тартиби. Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү өткөрүү тартиби
10-берене.
1. Адамдардын, транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек араны кесип өтүшү жана мамлекеттик чек ара аркылуу жүктү жана башка мүлктү алып өтүү төмөнкүчө ишке ашырылат:
1) кургактыкта - эл аралык темир жол, автомобилдик жана башка байланыш жолдорунда орнотулган мамлекеттик чек араны кесип өтүү жайларында;
2) аба мейкиндигинде - эл аралык трассалар менен мамлекеттик чек араны кесип өтүү жайларында же мындай максатка атайын бөлүнгөн аба коридорлору аркылуу.
2. Мамлекеттик чек араны башка жерден кесип өтүүгө ушул Макулдашууда жана Тараптардын мамлекеттери мүчө болгон эл аралык келишимдерде каралган учурларда жол берилет.
11-берене.
Тараптар өзгөчө шарттарда (Тараптардын мамлекеттеринин улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгында, ошондой эле санитардык-карантиндик себептер боюнча, эпидемия жана эпизоотия учурунда, өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунда же башка форс-мажор шартында) айрым участокторунда мамлекеттик чек араны кесип өтүүнү убактылуу чектейт же токтотот:
1) орнотулган мамлекеттик чек араны кесип өтүү жайларында - Өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууда жана Тараптардын ортосундагы башка макулдашууларда каралган тартипте;
2) ушул Макулдашуу менен аныкталган мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн башка жайларында - аны киргизүүнүн пландаштырылган мөөнөтүнө чейин 48 сааттан кеч эмес, чектөөнүн себептерин жана мөөнөтүн көрсөтүп, чек ара өкүлчүлүк иштери аркылуу экинчи тарапка кабарлоо менен.
12-берене.
Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда мамлекеттик чек араны башка тартипте кесип өтүүгө, ошондой эле Тараптардын ортосундагы макулдашуу боюнча биргеликте пайдалануудагы жолдорду пайдаланууда мамлекеттик чек араны бир нече жолу кесип өтүүгө укук берилет.
13-берене.
1. Адамдардын, транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек араны кесип өтүүсүндө, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктү жана башка мүлктү алып өтүүдө мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын мүчө болгон эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
2. Адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу бир Тараптын мамлекетинен экинчи Тараптын мамлекетине өткөрүү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын мүчө болгон эл аралык келишимдерге ылайык орнотулган жана ачылган өткөрүү пункттарында жүргүзүлөт.
3. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары чек ара аркылуу өткөрүү маселелери боюнча кызматташуу механизмдерин аныктайт.
14-берене.
1. Өзгөчө учурларда Тараптар адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнү орнотулган өткөрүү пункттарынан тышкары жайларда, Өткөрүү пункттары жөнүндө Макулдашууда белгиленген тартипти сактоо менен жүргүзөт.
2. Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар бири-бири менен макулдашуу боюнча Тараптардын мамлекетинин аймагында убактылуу болуусу үчүн (транспорт, өнөр-жай, айыл-чарба жана суу-чарба курулуштарын, коммуникацияларды, электр байланыш түйүндөрүн жана электр зымдарын тейлөө, мал айдап өтүү максатында, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүдө) өткөрүүнү ушул Макулдашууда белгиленген тартипти сактоо менен Тараптардын мамлекеттеринин жарактуу улуттук документтеринин (өздүк күбөлүктөрүнүн) жана кызматтык күбөлүктөрүнүн (жергиликтүү тургундардан тышкары) негизинде, чек ара өкүлдөрү аркылуу чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алдын ала берилген, уюмдун (жергиликтүү аткаруу органдарынын) жетекчилиги тарабынан кол коюлган ысымдык тизме боюнча өткөрүү пункттарынан тышкары жерде жүргүзөт.
3. Тараптар өзгөчө учурларда (Тараптардын мамлекеттеринин улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгында, ошондой эле санитардык-карантиндик себептер боюнча, эпидемия жана эпизоотия учурунда, өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунда же башка форс-мажор шартында) чек ара аркылуу өткөрүүнү убактылуу чектейт же токтотот.
15-берене.
Тараптардын мамлекетинин биринин аймагынан экинчи мамлекетинин аймагына адамдардын, транспорт каражаттарынын өтүүсүндө, жүктү жана башка мүлктү алып өтүүдө чек арадан өткөрүү пунктуна чейин же өткөрүү пунктунан чек арага чейинки багытта төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) бекитилген каттам кыймылын өзгөртүүгө;
2) токтоого, адамдарды түшүрүүгө (салууга), товар жана жүк түшүрүүгө (жүктөөгө), кандай гана болбосун учуучу аппаратты, анын ичинде учкучсуз аппаратты абага көтөрүүгө, кондурууга же кабыл алууга.
16-берене.
Тараптардын мамлекетинин биринин аймагынан экинчи мамлекетинин аймагына учуп бара жаткан аба кемелери аба мейкиндигинде бара жаткан мамлекеттин улуттук мыйзамдарын, ошондой эле талаптарын сактоого милдеттүү.
17-берене.
1. Тараптардын биринин жарандарын экинчи мамлекеттин аймагына өткөрүү Тараптардын ортосундагы эл аралык келишимдер менен бекитилген бири-бирине кирип-чыгуу үчүн колдонуудагы документтердин негизинде жүргүзүлөт.
2. Тараптардын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык анын аймагына кирүүгө же киргизүүгө тыюу салынган же чектелген жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө болбойт. Тараптардын бир мамлекетинин аймагынан экинчи мамлекетинин аймагына келген жана чек арадан өткөн, өтүүгө негизи болбогон андай жарандар, транспорт каражаттары, жүк жана башка мүлк келген мамлекеттин аймагына кайра жиберилет.
Мында Тараптардын мамлекетинин биринин аймагынан экинчи мамлекетинин аймагына аба кемеси менен келген үчүнчү мамлекеттин жарандары өзү жараны болгон өлкөсүнө аба кемеси менен кайтуусуна жол берилет.
Жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү жана башка мүлктү автомобилдик жана темир жол өткөрүү пункту аркылуу башка Тараптын мамлекетинин аймагынан өз Тарабынын мамлекетинин аймагына өткөрбөгөн ар бир факты боюнча чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар бири-бирин чек ара өкүлдөрүнүн иш чөйрөсү аркылуу кабарлайт.
18-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин аймагы аркылуу транзиттик өтүүдө мамлекеттик чек араны бир нече жолу кесип өтүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) өткөрүү жол-жоболорунан тышкары:
темир жол транспортуна - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун аймагы аркылуу өткөн Казакстан Республикасынын "Тараз-Шымкент" темир жол тилкеси боюнча;
транспорт каражаттарына - Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун аймагы аркылуу өткөн Кыргыз Республикасынын "Бишкек-Нарын-Торугарт" автомобилдик жол тилкеси боюнча;
Тараптардын мамлекеттеринин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө - мамлекеттик чек араны бир нече жолу кесип өткөн, биргелешип пайдалануудагы жолдор (чыйыр жолдор) боюнча;
Мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин текшерүү боюнча биргелешкен комиссиянын өкүлдөрүнө биргеликте иш жүргүзүү мезгилинде;
2) өткөрүү жоболорун сактоо менен:
жергиликтүү тургундарга - айыл чарба, суу чарба, токой чарба (дары чөптөрдү, мөмө-жемиш терүү), мергенчилик жана башка чарба иштердин жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары (айдын так эмес күндөрү) жана Казакстан Республикасынын жарандары (айдын так күндөрү) Чүй облусунун Панфилов районундагы бир нече жолу мамлекеттик чек араны кесип өтүүчү жолдорун, чыйыр жолдорун (Жамбыл облусунун Мерке районунун Аспара капчыгайын) пайдаланууда - чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өз жарандары үчүн аныкталган кирүү жерине чейин жана андан соң капчыгайдан чыгуучу жерден кийин (жана тескерисинче);
чек аралар аралык курулуштардын тейлөө персоналына аларды тейлөө учурунда - биргеликте пайдалануудагы жолдор, чыйыр жолдор (чек аралар аралык курулуштарды бойлой чыйыр жолдор) боюнча, мамлекеттик чек араны чек аралар аралык курулуштар кесип өткөн жерлерде жана бул курулуштарга алып баруучу жолдордо (чыйыр жолдордо) - бир суткага күзөткө (сменага) чыгуу алдында жана анын аягында;
уюшкан туристтик топторго - Тараптар менен макулдашылган, чек араны бир нече жолу кесип өткөн чек аралар аралык тоо каттамдары боюнча - каттамга чыгуу алдында жана анын аягында.
2. Бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда:
бекитилген каттам кыймылын өзгөртүүгө, транспорт каражатын токтотууга, жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө (отургузууга), жүктү жана башка мүлктү түшүрүүгө (жүктөөгө), кандай гана болбосун учуучу аппаратты, анын ичинде учкучсуз аппаратты абага көтөрүүгө, кондурууга же кабыл алууга тыюу салынат.
Өзгөчө кырдаалдын пайда болуусу, техникалык бузулуу, адамдарга медициналык тез жардам көрсөтүү (андан кийин чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды кабарлоо менен), ошондой эле Мамлекеттик чек ара сызыгынын белгиленишин текшерүү боюнча биргелешкен комиссия тарабынан иш жүргүзүү сыяктуу өзгөчө шарттарда жогоруда аталган аракеттерге жол берилет.
3. Бул берененин 1-пунктунун 2) пунктчасында көрсөтүлгөн адамдарды өткөрүү төмөнкүчө ишке ашырылат:
1) жергиликтүү тургундарды, тейлөө персоналын - Тараптардын мамлекеттеринин колдонуудагы улуттук документтеринин (ким экендигин тастыктаган күбөлүктөрүнүн) жана кызматтык күбөлүктөрүнүн (жергиликтүү тургундардан башкалар) негизинде, чек ара өкүлдөрү аркылуу чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алдын ала берилген уюмдун (жергиликтүү аткаруу органдарынын) жетекчилиги тарабынан кол коюлган ысымдык тизме боюнча;
2) уюшкан туристтик топторду - бири-бирине кирип-чыгуу үчүн жарактуу документтердин (туристтик топтун тизмеси, туристтик топтун тизмесине кирген адамдардын көрсөтүлгөн документтеринин көчүрмөлөрү, чек арадан өтүү күнү, убактысы жана өтүүчү жери), чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алдын ала (өткөрүүгө чейин 15 күндөн кечиктирбей) көрсөтүү жана макулдашуу менен туристтик топтордун тизмесинин негизинде.
19-берене.
1. Чек аралар аралык курулуштардын тейлөө персоналы, анын ичинде мамлекеттер аралык пайдалануудагы суу чарба курулуштарынын тейлөө кызматы тарабынан мамлекеттик чек арадан өтүү жана аларды чек ара аркылуу өткөрүү бул Макулдашуунун 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн курулуштар мамлекеттик чек арада турган жерлерде жана бул курулуштарга алып баруучу жолдордо (чыйыр жолдордо) жүргүзүлөт.
2. Бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн персоналдын Тараптардын бир мамлекетинин аймагында болуусуна тейленүүчү чек аралар аралык курулуштардын жана алардын коммуникацияларынын аймагынын чегинде бир сутка (смена) мезгилине жол берилет.
3. Чек аралар аралык курулуштарды, ошондой эле машиналарды жана механизмдерди, бул курулуштарды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн дайындалган сырьену, материалдарды, тейлөөчү персоналды өткөрүү пункту аркылуу өткөрүү бул Макулдашуунун 14-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер болгондо биринчи кезекте жүргүзүлөт.
20-берене.
1. Тараптардын бири өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана аны жоюу үчүн жардам сураган учурда чек араны жана аба мейкиндигин кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарды мындай зарылдык жөнүндө алдын ала кабарлоо жана өтүү убакытын жана жерин макулдашуу менен Тараптардын авариялык-куткаруучу кызматтары жана түзүмдөрү тарабынан мамлекеттик чек араны башка жерден кесип өтүүсүнө жол берилет.
2. Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана аны жоюу үчүн Тараптардын авариялык-куткаруучу кызматтарын жана түзүмдөрүн мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү бул Макулдашуунун 14-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана шаймандардын тизмеги болгондо жүргүзүлөт:
1) өткөрүү пункттарында - кезексиз тартипте;
2) өткөрүү пунктунан тышкары - Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен белгиленген көзөмөлдөө тартибин сактоо менен.
5-глава. Мамлекеттик чек аранын жана чек ара тилкелеринин үстүндө учууларды жүргүзүү
21-берене.
1. Тараптар форс-мажор кырдаалдардан башка учурларда аба кемелеринин мамлекеттик чек араны кесип өтүү менен мыйзамсыз учууларын болтурбоо боюнча чара көрүшөт.
2. Чек ара тилкесинин чегинде өз аймагында аэрофото-сүрөткө тартуу жана/же башка ыкмалар менен дистанциялык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында аба кемелерин учурууну пландаштырган Тарап бул тууралуу экинчи Тарапты бул Макулдашуунун 4-тиркемесине ылайык чек ара өкүлдөрү аркылуу алдын ала кабарлайт.
6-глава. Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде, ошондой эле чек ара сууларынын чегинде чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүү (анын ичинде аларды пайдалануу), коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү тартиби
22-берене.
1. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди алып баруу, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды жүргүзүү чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен ушул Макулдашуу, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары жана Тараптардын экөө тең мүчө болгон эл аралык келишимдер тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүүгө, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүгө контроль жүргүзөт, ошондой эле бул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Тараптар бири-бирин чек ара өкүлү аркылуу мамлекеттик чек ара режимине таасир этүүсү мүмкүн болгон иштерди жүргүзүүнүн мөөнөтү жана конкреттүү жери тууралуу үч күн мурун кабарлайт.
2. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен аныкталган тартипте чек ара тилкесине кирүүгө жана анда болууга уруксат берилет.
Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик чек араны кайтаруу жана улуттук коопсуздук кызыкчылыгын эске алуу менен Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык андай уруксаттардын жарактуулугун чектөөгө же анын аракетин убактылуу токтотууга укуктуу.
3. Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасында, чек ара тилкесинде жүргүзүлүүчү (өткөрүлүүчү) чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштер, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чаралар зыян келтирбөөгө тийиш:
1) Тараптардын мамлекеттеринин улуттук коопсуздугуна зыян келтирбөөсү же зыян келтирүү коркунучун камтыбоосу шарт;
2) мамлекеттик чек араны күтүүгө жана ыйгарым укуктуу органдардын милдеттерди аткаруусуна жолтоо болбоосу зарыл;
3) мамлекеттик чек арада орнотулган тартипти бузбоосу керек.
4. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде өндүрүш максатында мергенчилик кылууга, ошондой эле чек ара аркылуу жаныбарлардын артынан түшүүгө жана экинчи Тараптын аймагын көздөй атууга тыюу салынат. Мындай чектөөлөр жерге чек ара тилкесинен тышкы чегинен тартып Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен белгиленген чекке чейин колдонулат.
23-берене.
1. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде, ошондой эле чек ара сууларында чарбалык, өндүрүштүк жана башка иштерди жүргүзүүдө (анын ичинде аларды пайдаланууда), коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүдө Тараптар бири-биринин мамлекеттик кызыкчылыктарына зыян келтиришпейт.
2. Мамлекеттик чек арадан 1000 метр аралыктын чегинде жардыруу иштерин жүргүзүү зарыл болсо аларды жүргүзүүнү пландаштырган Тарап экинчи Тарапты чек ара өкүлү аркылуу 48 саат мурун кабарлайт жана Тараптардын мамлекеттерине зыян келтирбөө боюнча чара көрөт.
24-берене.
1. Чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар үй жаныбарларынын мамлекеттик чек арадан өтүп кетпөөсүн контролдошот.
2. Үй жаныбарлары мамлекеттик чек арадан өтүп кеткен учурда, чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тез арада бири-бирин кабарлашат жана аларды издөө, кайтаруу жана Тараптар макулдашкан жерден өткөрүп берүү боюнча чара көрөт же алардын ооругандыгы аныкталганда же өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорунун кесепетинен жаныбар өлгөн учурда Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык илдетке чалдыккан малды жок кылат.
Аларды жашырууга, союуга же сатууга, ошондой эле чарбалык максатта колдонууга тыюу салынат.
25-берене.
1. Ыйгарым укуктуу органдар Тараптардын мамлекеттеринин аймагына адамдын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын, эпидемиянын жана эпизоотиянын, айыл чарба жана токой өсүмдүктөрүнүн жана чөптөрүнүн зыянкечтеринин, ооруларынын (анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдердин) кирүүсүн жана таркашын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык), ветеринардык жана фитосанитардык чараларды көрүшөт.
Чек арага жакын райондордо санитардык-эпидемиологиялык, эпизоотиялык абал начарлаганда, чек арага жакын райондордо адамдардын, жаныбарлардын саламаттыгына, өсүмдүктөргө жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган адамдын же жаныбарлардын жугуштуу оорулары, ошондой эле айыл чарба жана токой өсүмдүктөрүнүн жана чөптөрүнүн зыянкечтери, оорулары (анын ичинде карантиндик зыяндуу организмдер) аныкталганда жана алардын мамлекеттик чек ара аркылуу таркоосу мүмкүн болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тез арада бири-бирине кабарлашат.
2. Тараптардын мамлекеттеринин биринин аймагында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу оорулары пайда болгон учурда экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органы жүктү жана башка мүлктү алып кирүүдө (алып чыгууда), жарандардын, транспорт каражаттарынын мамлекеттик чек араны кесип өтүүсүндө жана аймактан чыгуусунда же Тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүүсүндө Эл аралык эпизоотиялык бюронун (мындан ары - ЭЭБ) талаптарына ылайык жаныбарларды, продукцияны жана сырьену алып кирүүгө тыюу салат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары ЭЭБ талаптарына ылайык жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу оорулары боюнча абалы жакшы эмес өлкөдөн абалы жакшы өлкөгө жаныбарларды, мал продукцияларын жана сырьелорун алып кирүүгө тыюу салат.
Ыйгарым укуктуу органдар карантиндик зыяндуу организмдердин таркоо чегин аныктоо боюнча биргелешкен текшерүүлөрдү, чек арага жакын райондордо карантиндик зыяндуу организмдердин таркоо уюгун токтотуу жана жок кылуу боюнча карантиндик иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат.
3. Ыйгарым укуктуу органдар зарылдыгы боюнча чек арадагы токойлорду, сууларды жана башка жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу, адамдын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларын, ошондой эле айыл-чарба жана токой өсүмдүктөрүнүн жана чөптөрүнүн зыянкечтерин жана ооруларын (анын ичинде карантиндик зыян организмдерин) профилактикалоо маселелери боюнча консультацияларды өткөрөт.
26-берене.
Чек арадагы сууларды пайдаланууда Тараптар бул Макулдашуунун жоболорун жана Тараптардын эки мамлекети тең катышкан эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
27-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин жарандары балык уулоону чек арадагы суунун мамлекеттик чек арага чейинки өз бөлүгүнүн чегинде жүргүзүшөт.
Чек арадагы сууларда жардыруучу жана химиялык заттарды, электр тогун же балыкты жана башка биологиялык суу ресурстарын жапырт жок кылуунун башка ыкмаларын колдонууга тыюу салынат. Ыйгарым укуктуу органдар чек арадагы сууларда мыйзамсыз балык уулоого жана башка биологиялык ресурстарды кармоого бөгөт коюу боюнча биргеликте же өз алдынча чара көрүшөт.
2. Илимий-изилдөө максатында балык уулоону кошпогондо, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен бекитилген мөөнөттөрдө жана жерлерде балык уулоого жана башка биологиялык ресурстарды кармоого уруксат берилбейт.
3. Чек арадагы суулардын чегинде балык жана суудагы башка биологиялык ресурстарын коргоо, көбөйтүү жана пайдалануу маселелерин ыйгарым укуктуу органдар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын эки мамлекети тең катышкан эл аралык келишимдерге ылайык чечишет.
28-берене.
1. Тараптар чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларынын нугунун өзгөрүшүнө жана жээгинин бузулушуна жол бербөө боюнча тиешелүү чараларды көрүшөт.
Тараптар чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларынын өз тараптагы жээктерин инженердик бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү учурунда экинчи Тараптын чек ара дарыясынын жээгине зыян келтирбейт жана көрсөтүлгөн иштерди баштоого чейин 10 күн мурун бири-бирин бул тууралуу кабарлайт.
Тараптар чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларынын жээгин коргоо маселелерин тең укуктуулук жана эки тарап үчүн тең пайда көрүү принцибинде макулдашат жана жөнгө салышат.
2. Ыйгарым укуктуу органдар Тараптар менен макулдашуудан кийин зарылдыгы боюнча чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларынын нугун тереңдетүү жана тазалоо иштерин жүргүзүшөт.
Тараптар чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларынын нугуна жана жээгине зыян келтирбөө максатында дарыянын түбүнөн чыгарылган грунтту талапка ылайык топтоо үчүн атайын жай тууралуу макулдашышат.
3. Тараптар чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларынын нугунун жасалма өзгөрүүсүнө бири-биринин макулдугусуз жол бербейт.
4. Тараптардын мамлекеттеринин жергиликтүү аткаруу органдарынын сунушу боюнча чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар экологиялык оң экспертиза болгондо жана суу булактары санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бергенде экинчи Тараптын чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды кабарлоо менен чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларында режимдик чектөөлөрдү убактылуу токтотуу мүмкүн болгон жерлерде суу алуу, сууга түшүү, малды сугаруу жерлерин аныкташат.
29-берене.
Чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларында же алардын жээгинде кандайдыр бир имараттарды же курулуштарды (анын ичинде чек аралар аралык курулмалардын объекттерин) курууда, реконструкциялоодо же бузууда бир Тарап экинчи Тараптын мамлекеттик кызыкчылыгына зыян келтирүүсүнө жол бербейт.
Чек ара дарыясында же анын жээгинде жүргүзүлүүчү жана чек арадагы суулардын чегинде дарыя нугунун же агымынын өзгөрүүсүнө алып келе турган, суу ресурстарын пайдаланууга, балыктардын миграциясына таасир эте турган, айлана-чөйрөгө жана чек арадагы суулардын чегинде Тараптардын башка мамлекеттик кызыкчылыктарына зыян келтире турган иш Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын эки мамлекети тең катышкан эл аралык келишимдерге ылайык жөнгө салынат.
30-берене.
1. Чек аралар аралык курулмаларды куруу, эксплуатациялоо жана оңдоо Тараптардын жетишилген келишимдерине ылайык жүргүзүлөт.
2. Чек арадагы суулардын чегиндеги чек ара дарыяларындагы чек аралар аралык объекттерди эксплуатациялоо үчүн жоопкерчиликтин чеги Тараптар башкасын сүйлөшпөгөн учурда объекттин борбору, анын ортосу же технологиялык огунан өтүүчү сызык боюнча аныкталат.
Кургактыктагы чек аралар аралык объекттерди эксплуатациялоого жоопкерчиликтин чеги Тараптардын жетишилген келишимдерине ылайык аныкталат.
Чек аралар аралык объекттерди эксплуатациялоого жоопкерчиликтин чеги жеринде мамлекеттик чек аранын өтүүсүнө таасир этпейт.
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин мамлекеттик чек аранын эки тарабынан беш метр аралыкта Тараптар башка шарт тууралуу сүйлөшпөсө, чек араны кайтаруу кызыкчылыгында пайдаланылуучу курулуштардан тышкары туруктуу курулуштарды курууга тыюу салынат.
31-берене.
Чек арага жакын райондордо табигый жана техногендүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда ыйгарым укуктуу органдар келишим боюнча жабыркаган Тарапка куткаруу, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча зарыл болгон жардамды көрсөтөт, ошондой эле экинчи Тараптын аймагына кырсыктын таркабоосу боюнча чара көрөт.
32-берене.
1. Ыйгарым укуктуу органдар өз алдынча чара көрүшөт, ошондой эле бул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын эки мамлекети тең катышкан эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик чек ара режимин сактоо жана күтүү боюнча биргеликте ишти жүргүзүшөт.
Бул максатта чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар Тараптардын мамлекеттеринин чек ара өкүлдөрү тарабынан макулдашылган мезгилде жана мөөнөттө мамлекеттик чек ара режимин аткаруу боюнча биргелешкен аракеттерди уюштурат жана өткөрөт.
Мамлекеттик чек ара режимин аткаруу боюнча биргелешкен аракеттерди өткөрүүдө чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын биргеликте пайдаланган жолдору боюнча жүрүүсү чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусу менен ишке ашырылат.
2. Тараптар мамлекеттик чек ара режимин аткаруу жана шарттарын камсыздоо, чек арага жакын райондордо тартипти сактоо, контрабандага, мыйзамсыз миграцияга, баңгизаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорун сатууга, тыюу салынган предметтерди сатууга жана алып өтүүгө жана башка чек аралар аралык кылмыштарга бөгөт коюу жана алдын алуу кызыкчылыгында кызматташууну жана кош аракеттенүүнү бекемдейт.
3. Мамлекеттик чек ара режимин сактоо, чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу жана чечүү маселелери боюнча кызматташууну камсыздоо максатында чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чек ара өкүлдөрү дайындалат, алар өз ишин бул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын эки мамлекети тең катышкан эл аралык келишимдерге ылайык уюштурат.
4. Тараптар бул Макулдашуунун 5-тиркемесине ылайык Чек арага жакын райондорду административдик бөлүштүрүү тизмегин аныктайт. Тараптардын бири чек арага жакын райондорунун административдик бөлүштүрүлүшүн кайрадан карап чыгуусу боюнча өзгөрүүлөр болгондо бул тууралуу экинчи Тарапты өз убагында кабарлайт.
7-глава. Чек арадагы чыр-чатактарды чечүү тартиби
33-берене.
1. Чек арадагы чыр-чатактар чек ара өкүлдөрү тарабынан чечилет.
2. Чек арадагы чыр-чатактарды чечүү бир тараптуу же биргеликте териштирүү, алардын жыйынтыктарын кароо же маалымат менен алмашуу, биргелешкен чечим кабыл алуу, себептерин жана кесепеттерин жоюу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, ошондой эле бул Макулдашууга ылайык мамлекеттик чек ара режимин калыбына келтирүү аркылуу жүргүзүлөт.
Териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталат: чыр-чатактын түрү, келип чыгышынын себеби, убактысы жана жери, катышуучулары, алардын аракеттеринин мүнөзү жана күнөөсү, күбөлөрдүн жана далилдердин болуусу, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн бекемдөө жана далилдерди сактоо үчүн зарыл болгон чаралар.
Чек арадагы чыр-чатактарды чечүүгө байланыштуу маселелердин баары тең укуктуулук негизинде чечилет, чек ара өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнүн бардыгы сылык түрдө жасалып, негиздүү мүнөздө болот жана Тараптардын мамлекеттик кызыкчылыгында чечилет.
3. Чек арадагы чыр-чатактарды чечүүдө чек ара өкүлдөрүн эксперт катары тартууга, ошондой эле Тараптардын мамлекеттериндеги башка ыйгарым укуктуу органдардын күчтөрүн жана каражаттарын колдонууга жол берилет.
4. Чек ара өкүлдөрү тарабынан жөнгө салынбаган чек арадагы чыр-чатактар дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
34-берене.
Чек арадагы чыр-чатактар келип чыкканда Тараптардын биринин чек ара өкүлү белгиленген тартипте экинчи Тараптын чек ара өкүлүн кабарлайт же андан тийиштүү маалыматты алат.
Чек арадагы чыр-чатактар боюнча чек ара өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чара көрүү өтүнүчү менен оозеки же жазуу жүзүндө арыз жиберилет.
35-берене.
1. Чек ара бузуу белгилери (издери) же башка Тараптын аймагынан чек ара бузуучусу аныкталган учурда экинчи Тараптын чек ара өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу органдары өз мамлекетинин аймагында чек ара бузуучусун издөө, кармоо жана анын ким экендигин аныктоо аракеттерин жүргүзөт жана бул тууралуу бири-бирин кабарлайт.
2. Эгерде чек ара бузуучусу Тараптардын мамлекеттериндеги жарандардын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч алып келбесе, ага карата курал колдонууга тыюу салынат.
Чек ара бузуучуга карата курал колдонууга Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жол берилет.
Кармоо учурунда жаракат алган чек ара бузуучусуна медициналык тез жардам көрсөтүлөт.
3. Чек ара бузуучусун кармаган Тараптын чек ара өкүлдөрү экинчи Тараптын чек ара өкүлдөрүнө бузуучунун жасаган укук бузуу шарттарын, ага карата көрүлгөн чара жана териштирүүнүн жыйынтыктары тууралуу билдирет.
4. Чек ара өкүлдөрү тарабынан укук бузуучуну өткөрүп берүү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Тараптардын эки мамлекети тең катышкан эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылат.
36-берене.
1. Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде же чек ара сууларында аныкталбаган адамдардын сөөгү табылган учурда Тараптардын чек ара өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу органдары анын таандыгын аныктайт, зарыл учурда таануу иштерин биргеликте жүргүзөт, аны өткөрүп берүү маселелерин же чечүүнүн зарыл ыкмаларын колдонууну макулдашуу аркылуу чечишет.
2. Мамлекеттик чек аранын жанында белгисиз предметтер же малдын өлүгү табылган учурда, Тараптар алардын таандыгын аныктоо чараларын көрөт жана өз ара макулдашуу аркылуу аларды өткөрүп берет (кайтарып берет) же жок кылат.
37-берене.
1. Аба кемеси мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү тууралуу маалымат болгон учурда Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары чек ара өкүлдөрү менен биргеликте аба мейкиндигинде чек араны бузуу фактысын аныктоого чара көрүшөт.
Бир Тараптын чек ара өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу органдары аба кемеси башка Тараптын аба мейкиндигинен чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгүн ырастагандан кийин тез арада экинчи Тараптын чек ара өкүлдөрүнө жана ыйгарым укуктуу органдарына чек араны бузган аба кемесинин болжолдуу түрүн, ошондой эле чек араны бузуу убактысын, жерин (географиялык координаттарын), учуу бийиктигин жана багытын (аба трассасын) билдирет.
2. Аба мейкиндигинен аба кемеси чек араны бузган Тараптын чек ара өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу органдары аба кемеси тарабынан чек ара мыйзамсыз бузулгандыгы тууралуу маалымат алгандан кийин тез арада мыйзамсыз чек ара бузуу фактысын текшеришет жана экинчи Тараптын чек ара өкүлдөрүнө жана ыйгарым укуктуу органдарына чек араны мыйзамсыз бузуунун себептерин кабарлашат.
Аба кемеси аба мейкиндигинде чек араны бузган Тараптын чек ара өкүлдөрүндө жана ыйгарым укуктуу органдарында аба кемеси тууралуу маалыматы болбогон учурда, алар экинчи Тараптын чек ара өкүлдөрүнө жана ыйгарым укуктуу органдарына бул тууралуу билдиришет жана аны издөө боюнча чара көрүшөт.
3. Тараптардын чек ара өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу органдары аба кемеси тарабынан чек араны мыйзамсыз бузуунун себептерин биргеликте териштирет.
Аба кемесинин чек араны мыйзамсыз бузгандыгы боюнча маалымат алмашуу тартиби Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн жана ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы келишимдерге ылайык чечилет.
38-берене.
1. Чек ара чыр-чатактарын бир тараптуу териштирүү (мындан ары - бир тараптуу териштирүү) Тараптардын ортосунда пикир келишпестикти жаратпаган (бир тараптын жарандары тарабынан экинчи тараптын аймагына кокустан өтүп кетүүсү, чек ара аркылуу мал жаюу, талаадагы өрттүн өтүүсү ж.б.) же биргелешкен кошумча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылбаган чек ара чыр-чатактарына карата өткөрүлөт.
2. Бир тараптуу териштирүү чек ара өкүлдөрү тарабынан өз аймагында Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт жана анын жыйынтыктары экинчи Тарапка билдирилет.
3. Мындай учурларда чек ара чыр-чатактарын жөнгө салуу бир тараптуу териштирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты байланыш каражаттары (кызматтык корреспонденция) аркылуу же чек ара өкүлдөрүнүн, алардын орун басарларынын же жардамчыларынын жолугушуусун өткөрүү менен биргелешкен чечим кабыл алуу, ошондой эле аймагында чек ара чыр-чатагы орун алган Тарап жактан чыр-чатактын себептерин жана кесепеттерин жоюу, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу жана мамлекеттик режим эрежелерине ылайык тартипти калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткаруу жолу менен ишке ашырылат.
Бир тараптуу териштирүүнүн материалдары Тараптардын бирдиктүү көз карашын чагылдырган чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда (биргелешкен жыйындарында) биргелешкен чечим кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат, ал материалдар чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун протоколуна тиркеме катары тиркелет.
Тараптардын жалпы пикирин иштеп чыгуу жана биргеликте чечим кабыл алуу үчүн негиздер жетишсиз болгон учурда чек ара өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча биргелешкен териштирүү дайындалат.
4. Чек ара өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча мамлекеттик чек арада жолугушуу пункттары, ошондой эле кызматтык корреспонденция менен алмашуу, техникалык байланыш каражаттарын колдонуу тартиби жана пункттары орнотулат.
39-берене.
1. Чек ара чыр-чатактарын биргелешкен териштирүү (мындан ары - биргелешкен териштирүү) мамлекеттик чек ара режимин бузууга байланыштуу же Тараптардын бир мамлекетине же экөөнө тең материалдык же башка зыян келтирген чек ара чыр-чатактарына карата өткөрүлөт.
2. Биргелешкен териштирүү чек ара өкүлдөрү тарабынан чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуу пункттарында же түздөн-түз чек ара чыр-чатагы болгон жерде өткөрүлөт.
3. Мындай учурларда чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу чек ара өкүлдөрү тарабынан биргелешкен териштирүүнүн жыйынтыктарын кароо, биргеликте чечим кабыл алуу, анын себептерин жана кесепеттерин жоюу боюнча биргеликте чара аныктоо жана көрүү, күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу жана бул Макулдашуунун талаптарына ылайык тартипти калыбына келтирүү аркылуу ишке ашырылат.
Күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Биргелешкен териштирүүнүн жыйынтыктарын кароодо чек ара өкүлдөрүнүн чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча жалпы көз карашын чагылдырган чечим кабыл алынат жана чек ара чыр-чатагын биргелешкен териштирүү акты түзүлөт.
Тараптардын бири жактан көрүлгөн чаранын жетишсиздигине же Тараптардын бир мамлекетинин жарандарынын күнөөсү аныкталгандыгына байланыштуу чек ара чыр-чатагынын себептери белгиленген учурда бул Тарап жактан аныкталган себептер же адамдардын белгиленген күнөөсү моюнга алынат, ошондой эле бул Макулдашуунун талаптарына ылайык тартипти калыбына келтирүү жана күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу боюнча чара көрүлөт. Көрүлгөн чаралар тууралуу экинчи Тараптын чек ара өкүлү кабарланат.
40-берене.
1. Чыр-чатакка алып келген шарттардын баарын аныктоо, анын талабы боюнча биргелешкен териштирүү өткөрүлүп жаткан Тараптын чек ара өкүлүнүн билдирүүсүнүн негиздүүлүгүн текшерүү зарылдыгы болгон учурда биргелешкен териштирүү чек ара чыр-чатагы пайда болгон жерде өткөрүлөт.
2. Биргелешкен териштирүү жана анын жыйынтыктарын кароонун тартиби анын себептерине жана мүнөзүнө жараша ар бир өзүнчө учурда аныкталат. Биргелешкен териштирүүнү анын аймагында өткөрүлүп жаткан Тараптын чек ара өкүлү уюштурат жана жетектейт.
Биргелешкен териштирүүнү өткөрүүнүн убактысы жана жери чек ара өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат.
41-берене.
1. Анын аймагында биргелешкен териштирүү өткөрүлүп жаткан Тараптын чек ара өкүлү белгиленген убакта биргелешкен териштирүү өткөрүүчү районунда экинчи Тараптын чек ара өкүлүн тосуп алат.
Чыр-чатактын мүнөзүн (жерин жана убактысын, келип чыгуу себебин жана түрүн), катышуучуларын (адамдарды, алардын аракеттеринин мүнөзүн жана күнөөсүн) жана күбөлөрдү аныктоо, ошондой эле буюмдук далилдерди чогултуу жана бекемдөө максатында чек ара чыр-чатагы болгон жер, жарадарлар жана өлүктөр, документтер жана куралдар, адамдардын жана жаныбарлардын издери, чыгарылган октор, чек ара аркылуу өткөрүлгөн жүктөр жана башка мүлк, кыйратылган же бузулган чек ара белгилери жана чек аралар аралык курулуштар, мыйзамсыз аракеттердин башка буюмдук далилдери каралат.
Жарадарлар жана өлүктөр медицина эксперттери тарабынан табылган жеринде каралат. Биргелешкен териштирүүгө чейин жарадарларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлөт жапа өлүктөрдү кайтаруу камсыздалат.
Бир Тараптын аймагында болгон күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) сурамжылоо ошол Тараптын чек ара өкүлү тарабынан бир тараптуу тартипте жүргүзүлөт.
Чек ара өкүлдөрү тарабынан аларды биргелешип сурамжылоо улук башчылардын уруксаты менен ишке ашырылат.
Жеринде табылган бардык предметтер, издер алардын бири-бири менен болгон байланышында жана күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) сурамжылоону эске алуу менен каралат.
Документтер, курал жана башка предметтер, башкача айтканда буюмдук далилдер кылдат каралат, зарыл учурда экспертизага берилет. Ошону менен бирге алардын мамлекеттик жана жеке таандыгы, чек ара чыр-чатагындагы орду жана пайдалангандыгы аныкталат.
Чек ара өкүлдөрүнүн эксперттери тарабынан материалдык жана келтирилген башка зыяндын өлчөмү (мамлекетке, уюмдарга, ишканаларга, жарандарга, жабыркагандардын саламаттыгына) аныкталат.
Атмосфералык жаан-чачындан жок болуу коркунучу пайда болгон учурда буюмдук далилдер так көрүнүп турган ориентир болуучу жакын жайгашкан предметтердин фонунда фотосүрөткө/видеого тартылат.
Чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча биргелешкен чечим иштеп чыгуу үчүн чек ара өкүлдөрү тарабынан буюмдук далилдер жана алардын жайгашуусу, күбөлөрдү, жабырланучууларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча чек ара чыр-чатагынын мүнөзү, убактысы жана жери, аны жасоо себептери жана кесепеттери, адамдардын айыптуулугу жана алардын жарандыгы, материалдык жана келтирилген башка зыяндын өлчөмү (мамлекетке, уюмдарга, ишканаларга, жарандарга, жабыркагандардын саламаттыгына), ошондой эле бул Макулдашууга ылайык мамлекеттик чек ара режимин калыбына келтирүү боюнча чаралар аныкталат.
2. Чек ара чыр-чатагынын мүнөзүнө жана шарттарына жараша биргелешкен териштирүүнүн жүрүшүндө төмөнкү документтер түзүлөт:
1) чек ара чыр-чатагы болгон жерди кароо акты;
2) экспертиза актылары;
3) күбөлөрдү, жабырланучууларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) сурамжылоонун (биргелешкен сурамжылоонун) протоколдору;
4) жок кылынган же жабыркаган мүлктү баалоо актылары;
5) чек ара белгилерин биргеликте кароо актылары.
Документтердин баары эки нускада, орус тилинде түзүлүп, чек ара өкүлдөрү жана биргелешкен териштирүүнүн бардык катышуучулары тарабынан кол коюлат (экспертиза актыларынан тышкары, аларга чек ара өкүлдөрүнүн эксперттери кол коёт).
Чек ара чыр-чатагы болгон жерди кароо актында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: документтин аталышы, кароонун башталган жана аякталган убактысы, кароого катышкандардын курамы, жыйынтыктар (табылган издер, адамдардын же жаныбарлардын сөөгү, курал, гильзалар, башка предметтер (буюмдар), алардын таандыгы, чек ара белгилерине карата жайгашуусу, орун алган чек ара чыр-чатагына болгон тиешеси), тыянактар.
Актыга чек ара чыр-чатагынын табылган буюмдук далилдердин жайгашкан ордун так көрсөтүү менен жердин схемасы тиркелет.
Экспертиза актында төмөнкүлөр чагылдырылат: экспертизаны өткөрүү жери, убактысы, күнү жана негизи, чек ара өкүлдөрүнүн эксперттеринин курамы, экспертизанын жүрүшүндө эмне аныкталды, корутунду, түзүлгөн актынын саны, актыны түзгөн эксперттердин коюлган колу.
Чек ара белгилерин биргелешкен кароонун акты эркин түрдө түзүлүп, анда каралган жана түзүлгөн убактысы, күнү, жери, чек ара белгилерин биргелешкен кароонун негизи, кароонун жыйынтыктары, оңдоо, калыбына келтирүү, чек ара белгилерин мурдагы ордуна кайрадан орнотуу же башка жерге орнотуу боюнча сунуштар чагылдырылат.
3. Чек ара чыр-чатагынын бардык шарттары аныкталганда жана аны жоюу боюнча чаралар көрүлгөн учурда биргелешкен кароонун жүрүшүндө чек ара өкүлдөрү тарабынан аны жөнгө салуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алынып, ал чек ара чыр-чатагын биргелешкен териштирүү акты түрүндө таризделет.
Чек ара чыр-чатагын биргелешкен териштирүү акты чыр-чатак болгон жерде (ошол райондо) эркин түрдө түзүлүп, анда биргелешкен териштирүүнүн башталган жана аякталган убактысы, күнү, жери, аны өткөрүүнүн негизи, катышуучулардын курамы, биргелешкен териштирүүнүн жыйынтыктары, чек ара өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү, чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча сунуштар жана чечимдер чагылдырылат.
Чек ара чыр-чатагын биргелешкен териштирүү актына тиркеме катары ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн актылар (протоколдор) тиркелет.
4. Өткөрүлгөн биргелешкен териштирүүнүн жүрүшүндө чек ара чыр-чатагынын аныкталган шарттары жетиштүү болбогон учурда аларды аныктоо үчүн кошумча иш-чаралар өткөрүлөт, алардын жыйынтыгы боюнча чек ара өкүлдөрүнүн чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча биргелешкен жыйыны дайындалат (мындан ары - биргелешкен жыйын).
42-берене.
1. Биргелешкен жыйын өткөрүү жөнүндө сунуш анын башталышына чейин 7 суткадан кеч эмес мөөнөттө жиберилет жана жыйындын өткөрүү күнүн, убактысын, жерин, күн тартибин жана катышуучулардын курамын камтыйт. Сунушка жооп аны алган мезгилден тартып 48 сааттан кеч эмес убакытта берилет.
2. Биргелешкен жыйын зарылдыгы боюнча, чек ара чыр-чатагы болгон жерди кароо, күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) сурамжылоо талап кылынган учурда бир Тараптын аймагынан экинчи Тараптын аймагына которуу менен өткөрүлөт.
Биргелешкен жыйын анын аймагында өткөрүлүп жаткан Тараптын чек ара өкүлүнүн төрагалыгында өткөрүлөт.
Сүйлөшүүлөр чек ара өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт, биргелешкен жыйындын калган катышуучулары чек ара өкүлдөрүнүн уруксаты менен суроолорго жооп берет.
3. Биргелешкен жыйындын күн тартиби бекитилгенден кийин чек ара өкүлдөрү болуп өткөн чек ара чыр-чатагы тууралуу билдирүүлөр менен алмашышат, биргелешкен териштирүүнүн материалдарын жана кошумча аныкталган шарттарды эске алуу менен зарылдыгы боюнча күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) кошумча сурамжылап, жыйынтыгында чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча жаппы көз карашка жана биргелешкен чечим кабыл алууга келишет.
Чек ара чыр-чатагынын мүнөзүнө жана жаңыдан аныкталган шарттарга жараша биргелешкен жыйында төмөнкү документтер таризделет:
1) күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана кармалгандарды (күнөөлүүлөрдү) кошумча сурамжылоо протоколдору;
2) адамдарды жана мүлктү өткөрүп берүү акты;
3) материалдык жана келтирилген башка зыяндар (жабыркаган же жок кылынган мүлк) жөнүндө акт;
4) жабыркагандардын саламаттыгына келтирилген зыян боюнча экспертиза акты;
5) тийиштүү экспертизалардын башка актылары жана документтери.
Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча биргелешкен жыйындын протоколу (мындан ары - биргелешкен протокол) эки нускада, ар бири орус тилинде таризделип, анда катышуучулардын курамы, жыйындын жүрүшү жана чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу жана бул Макулдашууга ылайык мамлекеттик чек ара режимин калыбына келтирүү чараларын аныктоо боюнча кабыл алынган чечимдер чагылдырылат.
Биргелешкен протокол чек ара өкүлдөрүнүн же алардын орун басарларынын коюлган колу, ошондой эле герб түшүрүлгөн мөөр менен бекемделет.
Биргелешкен протоколго чек ара чыр-чатагын биргелешкен териштирүүнүн акты жана бул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн актылар (протоколдор) тиркелет.
43-берене.
Эгерде биргелешкен жыйында чек ара өкүлдөрү тарабынан чек ара чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынбаса, биргелешкен протоколдо бир тараптуу билдирүүлөр жана сунуштар чагылдырылат.
Биргелешкен протоколдордун көчүрмөлөрү аларга тиркелген материалдар менен бирге чек ара чыр-чатагын дипломатиялык каналдар аркылуу чечүү үчүн Тараптардын мамлекеттеринин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарына жиберилет.
44-берене.
1. Чек ара өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган биргелешкен чечимдер аларды аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Чек ара өкүлдөрү биргелешкен чечимдерди аткарат жана Тараптардын мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алардын аткарылышын текшерет.
2. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан биргелешкен чечим өз убагында аткарылбаган учурда экинчи Тараптын чек ара өкүлү анын себептерин Биргелешкен жыйында же маалымат алмашуу жолу менен аныктайт.
45-берене.
1. Адамдарды, мүлктөрдү жана үй жаныбарларын өткөрүп берүү тууралуу биргелешкен чечим кабыл алууда аны аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
2. Адамдарды, мүлктөрдү жана үй жаныбарларын өткөрүп берүү чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары же жардамчылары тарабынан Чек ара өкүлдөрү жөнүндө макулдашуунун 8-беренесинде бекитилген тартипте жүргүзүлөт.
Адамдарды өткөрүп берүү (кабыл алуу) доо арыздарын аныктоо максатында аларды сурамжылоо менен коштолот жана арыздар өткөрүп берүү актында чагылдырылат. Негизсиз даттануулар билдирилген учурда адамдарды өткөрүп берүү башка мөөнөткө жылдырылат жана териштирүү жүргүзүлөт.
46-берене.
Тараптар улуттук мыйзамдарга ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча чыгымдарды өз алдынча көтөрөт.
8-глава. Ишке ашыруу механизми
47-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар Чек ара режими боюнча биргелешкен комиссияны түзөт, ал өз ишин ушул Макулдашуунун 6-тиркемесине ылайык жүргүзөт.
9-глава. Корутунду жоболор
48-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболору эки Тараптын тең мамлекеттери мүчө болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
49-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 51-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууда айтылган бардык тиркемелер анын ажырагыс бөлүгүн түзөт.
50-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө же колдонуу боюнча пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү аркылуу чечишет.
Ушул Макулдашууну аткарууда чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосунда пайда болгон маселелер алардын өкүлдөрүнүн жеринде же дипломатиялык каналдар аркылуу консультацияларды жүргүзүүсү аркылуу чечилет.
51-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Тараптардын акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алгандан кийин отузунчу күнү күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлаганга чейин күчүндө болот. Бул учурда Макулдашуу мындай кабарлоону алган датадан тартып үч ай өткөндө өзүнүн колдонулушун токтотот.
___________________ шаарында 201___-жылдын ____- _____________________, эки түп нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Тексттердин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
___________________________ |
| ___________________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууга 1-тиркеме |
Форма
№ _________ чек ара белгисин оңдоо, калыбына келтирүү же кайрадан орнотуу АКТЫСЫНЫН ҮЛГҮСҮ
20__-жылдын ___-_______________дагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын режими
жөнүндө макулдашуунун 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык
______________________________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы) (участоктун аталышы)
чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары, чек ара өкүлүнүн жардамчысы)
______________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы), (өкүлдүн аты-жөнү)
өкүлү менен биргеликте
20__-жылдын "___" _________________ тартып _____ ___________________ чейин
______________________________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы) (участоктун аталышы)
чек ара өкүлүнүн (чек ара өкүлүнүн орун басарынын, чек ара өкүлүнүн жардамчысынын) катышуусунда
______________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы), (өкүлдүн фамилиясы, аты, атасынын аты)
өкүлү менен
№ ___________ чек ара белгисин _________________________________________________________
_____________________________________________________________________ иштери жүргүзүлдү.
(оңдоо, калыбына келтирүү же кайрадан орнотуу)
№ ____________ чек ара белгиси _________________________________________________________
(андан ары чек ара белгисин ондоо, калыбына келтирүү же
кайрадан орнотуу себеби жана процесси баяндалат)
Жогоруда көрсөтүлгөн иштер 20___-жылдын "___" _______________ кол коюлган
______________________________________________________________________________________
(демаркациялоо жөнүндө же биргелешкен текшерүү документтеринин аталышы)
ылайык аткарылды.
Бул акт эки нускада орус тилинде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын |
| Казакстан Республикасынын |
___________________________________ |
| ___________________________________ |
(участоктун аталышы) |
| (участоктун аталышы) |
боюнча чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары, чек ара өкүлүнүн жардамчысы) | боюнча чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары, чек ара өкүлүнүн жардамчысы) | |
_____________________________________ (колу) |
| _____________________________________ (колу) |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын |
| Кыргыз Республикасынын |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы) |
| (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) |
өкүлү |
| өкүлү |
_____________________________________ (колу) |
| _____________________________________ (колу) |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууга 2-тиркеме |
Форма
№ ___________ чек ара белгисин бузулгандан (жылдыргандан, кыйрагандан же жоголгондон) кийин калыбына келтирүүгө же баштапкы ордуна кайрадан орнотууга мүмкүн эместиги жөнүндө АКТЫНЫН ҮЛГҮСҮ
20___-жылдын ___-______________дагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын режими
жөнүндө макулдашуунун 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык
______________________________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы) (участоктун аталышы)
чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары, чек ара өкүлүнүн жардамчысы)
______________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы), (өкүлдүн аты-жөнү)
өкүлү менен
20__-жылдын "___" _________________ тартып _____ ___________________ чейин
______________________________________________________________________________________
(өлкөнүн аталышы) (участоктун аталышы)
чек ара өкүлүнүн (чек ара өкүлүнүн орун басарынын, чек ара өкүлүнүн жардамчысынын) катышуусунда
______________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы), (өкүлдүн аты-жөнү) өкүлү менен
№ _______ чек ара белгиси _____________________________________________________ жана анын
(жабыркаган, жылдырылган, кыйраган же жоголгон)
______________________________________________________________________________________
20___-жылдын "___" __________________ кол коюлган
______________________________________________________________________________________
(демаркациялоо же биргелешкен текшерүү документинин аталышы)
жоболоруна ылайык аныкталган алгачкы ордуна коюу
______________________________________________________________________________________
(калыбына келтирүү же кайрадан орнотуу)
мүмкүн эмес ___________________________________________________________________________,
(себеби)
бул тууралуу Тараптар өз жолу аркылуу Мамлекеттик чек ара режими боюнча биргелешкен
комиссиясына билдирүүгө макулдашты.
Бул акт эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү.
Тексттердин ортосунда айырмачылыктар болгон учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын |
| Казакстан Республикасынын |
___________________________________ |
| ___________________________________ |
(участоктун аталышы) |
| (участоктун аталышы) |
боюнча чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары, чек ара өкүлүнүн жардамчысы) | боюнча чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары, чек ара өкүлүнүн жардамчысы) | |
_____________________________________ (колу) |
| _____________________________________ (колу) |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын |
| Кыргыз Республикасынын |
______________________________________ |
| ______________________________________ |
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы) |
| (ыйгарым укуктуу органдын аталышы) |
өкүлү | өкүлү | |
_____________________________________ (колу) |
| _____________________________________ (колу) |
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууга 3-тиркеме |
Форма
№ _______________ чек ара белгисин бузулгандан (жылдыргандан, кыйрагандан же жоголгондон) кийин жаңы жерге орнотуу жөнүндө АКТЫНЫН ҮЛГҮСҮ
20___-жылдын "____" __________________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара режими
жөнүндө макулдашуунун 7-беренесинин 2-пунктуна ылайык жана Мамлекеттик чек ара режими
боюнча биргелешкен кыргыз-казак комиссиясынын 20___-жылдын "___" ______________
чечими менен Биргелешкен эксперттер тобунун (кыргыз/казак бөлүгүнүн) өкүлү
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_____________________________________________ 20___-жылдын "____" ______________________
Биргелешкен эксперттер тобунун (кыргыз/казак бөлүгүнүн) өкүлү менен
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
бирге бузулган (жылдырылган, кыйраган же жоголгон) № _______________________________ чек ара
белгисин жаңы жерге орноттук.
№ ________________ чек ара белгисинин протоколу, чек ара белгилеринин мамыларынын жайгашуу
схемасы жана чек ара белгилеринин координаттарынын жана бийиктигинин каталогунун
фрагменттери, бул участокто мамлекеттик чек аранын өтүүсүнүн сүрөттөмө протоколу жана жаңы
орнотулган чек ара белгисинин (тиркелет) жайгашуусуна тийиштүү мамлекеттик чек ара картасы
(тиркелет) 20___-жылдын "___" ___________________ кол коюлган
_________________________________________________________________________ ылайык түзүлдү.
(демаркациялоо жана биргелешкен текшерүү документтеринин аталышы)
Бул акт эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ.
Тексттердин ортосунда айырмачылыктар кездешсе, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Биргелешкен эксперттер тобунун кыргыз бөлүгүнүн өкүлү |
| Биргелешкен эксперттер тобунун казак бөлүгүнүн өкүлү |
_____________________________________ (колу) | ______________________________________ (колу) |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууга 4-тиркеме |
Форма
Чек ара тилкесинин чегинде өз аймагында аба кемесинин учуусу тууралуу КАБАРЛАМАНЫН ҮЛГҮСҮ
______________________________________________________________________________________
(тараптын мамлекети)
___________________________________________________________________ тилкеси боюнча өкүлү
(иш участогу)
______________________________________________________________________________________
(тараптын мамлекети)
_________________________________________________________________ тилкеси боюнча өкүлүнө
(иш участогу)
өзүнүн урматтоосун билдирип, 20___-жылдын "____" ______________ Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик
чек ара режими жөнүндө макулдашуунун 21-беренесине ылайык чек ара тилкесинин чегинде өз
аймагында аба кемесинин учуусу жөнүндө кабарлайт:
1. Учуу максаты.
2. Учуу тууралуу маалыматтар:
1) учуу мезгили, конкреттүү учуу күндөрү жана учуу узактыгы;
2) учуу району, чек ара тилкесине кирүү жана андан чыгуу чекитинин географиялык координаттары, учуу багыты;
3) учуу бийиктиги.
3. Учуучу аппарат тууралуу маалымат:
1) ээси;
2) түрү жана модификациясы;
3) түсү;
4) таанып-билүү белгилери;
5) борт номери;
6) чакыруу сигналдары;
7) радар орнотмосунун болушу.
4. Фотоаппаратура тууралуу маалымат:
1) түрү жана модификациясы;
2) фокустук аралыгы.
______________________________________________________________________________________
(тараптын мамлекети)
___________________________________________________________________ тилкеси боюнча өкүлү
(иш участогу)
учурдан пайдаланып,
______________________________________________________________________________________
(тараптын мамлекети)
_________________________________________________________________ тилкеси боюнча өкүлүнө
(иш участогу)
терең урматтоосун билдирет.
Кыргыз Республикасынын |
|
|
___________________________________ |
|
|
(тилкенин аталышы) |
|
|
боюнча чек ара өкүлү |
|
|
___________________________________ |
|
|
(аскердик наамы, аты-жөнү) |
|
|
___________________________________ |
|
|
(колу) |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууга 5-тиркеме |
Форма
Чек арага жакын райондорду административдик бөлүштүрүү ТИЗМЕГИ
20___-жылдын "____" ________________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык Чек арага жакын райондорду административдик бөлүштүрүү тизмеги төмөнкүдөй аныкталат:
1. Кыргыз Республикасы тарабынан:
Ысык-Көл облусу:
Ак-Суу району;
Түп району;
Ысык-Көл району;
Чүй облусу:
Кемин району;
Чүй району;
Ысык-Ата району;
Аламүдүн району;
Сокулук району;
Москва району;
Панфилов району;
Жайыл району;
Талас облусу:
Талас району;
Манас району;
Кара-Буура району.
2. Казакстан Республикасы тарабынан:
Алматы облусу:
Райымбек району;
Талгар району;
Карасай району;
Жамбыл району;
Жамбыл облусу:
Кордай району;
Мерке району;
Жамбыл району;
Шу району;
Турар Рыскулов району;
Жуалын району.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууга 6-тиркеме |
Мамлекеттик чек ара режими боюнча биргелешкен кыргыз-казак комиссиясы жөнүндө ЖОБО
20___-жылдын "___" ___________________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 47-беренесине ылайык ушул Мамлекеттик чек ара режими боюнча биргелешкен кыргыз-казак комиссиясы (мындан ары - Комиссия) жөнүндө жобо кабыл алынат.
1-бөлүм. Комиссиянын курамы
Комиссия Тараптардын тиешелүү деңгээлдеги бөлүктөрүнүн төрагаларынан турат, алар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык дайындалат, ошондой эле Тараптар макулдашкан сандагы өкүлдөрдөн турат. Зарылдыкка жараша Комиссиянын курамына геодезиялык, жер бөлүштүрүү кызматтарынын эксперттери жана адистери, Тараптардын мамлекеттеринин башка ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү киргизилет.
Тараптар бири-бирин Комиссиянын өзү жактан болгон бөлүгүнүн курамы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин 3 айдын ичинде кабарлайт.
2-бөлүм. Комиссиянын функциялары
Комиссия Макулдашууга ылайык иш жүргүзөт жана төмөнкү функцияларды аткарат:
Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо;
зарылдыкка жараша мамлекеттик чек ара режими маселелерин ишке ашыруу үчүн жооптуу өкүлдөрдү дайындоо;
Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө анын жоболорун чечмелөөдө пайда болуучу пикир келишпестиктерди чечүү;
алгачкы орнотулган ордуна кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбогон чек ара белгилерин орнотууга байланыштуу маселелерди кароо жана чечүү;
кыргыз-казак мамлекеттик чек ара режимин сактоого байланыштуу башка маанилүү маселелерди макулдашуу жана чечүү.
3-бөлүм. Комиссиянын иштөө формалары
1. Комиссия ишин жыйындарды өткөрүү аркылуу жүргүзөт, алар эки нускадагы протокол менен, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде таризделет жана ага Комиссиянын бөлүктөрүнүн төрагалары кол коюшат. Комиссиянын бөлүктөрүнүн төрагаларынын бири жыйынга катышпаган учурда анын тапшырмасы боюнча протоколго Комиссиянын өзү жактагы бөлүгүнүн мүчөлөрүнүн бири кол коёт.
Тексттерде айырмачылыктар кездешсе, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Жыйындарда кабыл алынган Комиссиянын чечимдери милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
2. Комиссия ошондой эле ишин кат алышуу жолу менен же аны менен макулдашылган башка ыкмалар аркылуу жүргүзө алат.
4-бөлүм. Комиссиянын иштөө механизмдери
1. Комиссиянын жыйындары жылына бирден кем эмес жолу Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин аймагында кезек боюнча өткөрүлөт. Зарылдыкка жараша кезексиз жыйын өткөрүлөт.
Жыйынды өткөрүү күнү, жери, убактысы, күн тартиби жана катышуучулардын курамы дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.
2. Жыйын өткөрүлүп жаткан мамлекеттин аймагындагы Комиссиянын бөлүгүнүн төрагасы жыйынга төрагалык кылат.
5-бөлүм. Комиссиянын чыгымдары
Комиссиянын функцияларын аткарууга байланышкан чыгымдар Тараптар тарабынан өз алдынча төлөнөт.
Комиссиянын жыйыны өткөрүлүп жаткан мамлекеттин аймагындагы Тарап аны өткөрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзөт (имарат, автотранспорт).