Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-январы № 2-б
Кыргыз Республикасы менен Иордания Хашимит Королдугунун жарандарынын, дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлеринин, өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 10-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтү,
эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү ниетин билдирүү менен, жана
дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн Кыргыз Республикасы менен Иордания Хашимит Королдугунун ортосунда барып-келүү жол-жоболорун жеңилдетүү зарылчылыгын таануу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар бир Тараптардын мамлекеттеринин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына эл аралык каттамдар үчүн ачык болгон өткөрүү пункттары аркылуу визасыз кирүүгө, чыгууга, экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзит менен жүрүүгө, ошондой эле визасыз ар бир Тараптын мыйзамдарына ылайык анда болууга укуктуу.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар, кирген күндөн баштап токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында визасыз болууга укуктуу. Болуу мөөнөтү ар бир Тараптын мыйзамдарына ылайык узартылышы мүмкүн.
3-берене.
1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин мүчөлөрү болуп саналган Тараптардын мамлекеттеринин жарандары, дипломаттык же кызматтык паспорттордун ээлери, ошондой эле алар менен бирге жашаган дипломаттык же кызматтык паспортторго ээ болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга, алардын дайындалган мөөнөтү ичинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу транзит менен жүрүүгө укуктуу.
2. Аккредиттөөчү мамлекеттин элчилиги барган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине, ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын келгендиги, барган мамлекеттин аймагындагы жумуш орду, ошондой эле алардын барган мамлекетинен чыгып кетүүсү тууралуу маалыматты токтоосуз билдирүүсү зарыл.
4-берене.
Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда ушул Макулдашууну колдонгон жактар эл аралык укуктарга ылайык пайдаланган өзүнүн артыкчылыктарын жана иммунитеттерин бузбастан барган мамлекеттин мыйзамдарын жана чет мамлекеттердин жарандары үчүн каралган кирип-чыгуу жана жашап-туруу жол-жоболору менен байланышкан эрежелерин сактоого милдеттүү.
5-берене.
1. Тараптардын ар бири кайсы бир дипломаттык же кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарды, эгерде алар persona non grata деп табылса, өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизүүдөн баш тартууга же анын аймагында болуусун токтотууга укуктуу. Башка Тарап ушундай баш тартуулар тууралуу кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу маалымдайт.
2. Тараптардын ар бири улуттук коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында, ушул Макулдашуунун колдонулушуна убактылуу чектөө киргизүүгө же толугу менен же жарым-жартылай токтото турууга укуктуу. Экинчи Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу мындай чектөөлөрдүн жана толуктоолордун киргизилгендиги же ошондой эле алардын чечилгендиги тууралуу токтоосуз кабардар болуш керек.
6-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу жарактуу дипломаттык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби жөнүндө маалыматты, ушул Макулдашууга кол койгон күндөн тартып отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде алмашышат.
2. Тараптар жаңы дипломаттык жана кызматтык паспорттор тууралуу, дипломаттык жана кызматтык паспортторго карата өзгөртүүлөр жөнүндө мындай өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен бири-бирине маалымдашат.
7-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык кайчы пикирлер же талаш-тартыштар, сүйлөшүүлөрдү же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
9-берене.
1. Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн Тараптар зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу жазуу түрүндө билдирүүгө тийиш. Ушул Макулдашуу акыркы жазуу түрүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Тараптардын ар бири, ушул Макулдашуунун колдонулушун токсон (90) күн мурун дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндөгү кабарлоо менен токтото алат.
Буларды ырастоо менен, өзүнүн Өкмөтү тарабынан ушул максатта тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилгендер бул Макулдашууга кол коюшту.
___________ шаарында 201__-жылдын "__" __________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылык күчүнө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Иордания Хашимит Королдугунун Өкмөтү үчүн |