Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-январы № 9-б
2018-жылдын 22-26-январында Швейцария Конфедерациясынын Давос-Клостерс шаарында болуучу 48-Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
2018-жылдын 22-26-январында Швейцария Конфедерациясынын Давос-Клостерс шаарында болуучу 48-Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Расмий делегация: | ||
Исаков Сапар Жумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Султанов Талант Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Төралиева Гүлнура Тынчтыкбековна | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Солтобаев Азиз Осмонович | - | "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Коштоочу адамдар: | ||
Акимбаева Бегимай Эмилбековна | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы; |
Бабаев Алтынхан Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча бөлүмүнүн референти; |
Айылчиев Сабырбек Сагынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча бөлүмүнүн референти. |
Күзөт: | ||
Иманкожоев Руслан Асангазиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын бөлүмүнүн начальниги; |
Абдыкасымов Тимирлан | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери; |
Бейшекеев Адилет Курманбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - Швейцария Конфедерациясынын Давос-Клостерс шаарына 2018-жылдын 16-26-январында командировкага жиберилет.