Редакцияот 17.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 17-ноябры № 528-б

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Терексай кен тобун иштетүүнүн процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардагы калдыктарды экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Терексай кен тобун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардагы калдыктарды заманбап технологияларын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен экинчи ирет иштетүүгө уруксат берилсин.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков