КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 528-б («Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна Терексай кен тобун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардагы калдыктарды заманбап технологияларын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен экинчи ирет иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 17-ноябры № 528-б
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун Терексай кен тобун иштетүүнүн процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардагы калдыктарды экологиялык реабилитациялоо жана кайра иштетүү максатында, "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна Терексай кен тобун иштетүү процессинде пайда болгон калдык сактоочу жайлардагы калдыктарды заманбап технологияларын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен экинчи ирет иштетүүгө уруксат берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |