Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 802-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-сентябры № 396-б
Кумтор кениндеги экологиялык жана кен техникалык маселелерди комплекстүү чечүүгө шарттарды түзуү, Кыргыз Республикасынын жагымдуу инвестициялык климатын жана эл аралык аренадагы позитивдүү беделин сактоо, "Кумтөр" долбоору боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоонун көлөмүн көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык юридикалык консультанттарынын тыянактарын көңүлгө алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 4-сентябрындагы чечимин эске алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестипияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун (мындан ары — Стратегиялык макулдашуу) расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Ж.Исаковго Стратегиялык макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору Стратегиялык макулдашуунун "Териштирүулөрдү токтотуу" 4-бөлүмүн ишке ашыруу бююнча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору Стратегиялык макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти уюштурушсун жана зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
5. Ушул буйрукгун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу (бөлүмүнө жүктөлсүн)
Премьер-министр | С. Ж. Исаков |