Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 26-декабры № 802-т
"Центерра Голд Инк." компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча маселелерди Кыргыз Республикасынын пайдасына жөнгө салууга, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100%ын жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100%ын Кыргыз Республикасынын контролуна кайтарууну камсыз кылууга, "Центерра Голд Инк." компаниясына карата долбоордук макулдашуулардын колдонулушун токтотууга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 396-б буйругу менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун жана 2019-жылдын 7-августундагы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Бир тараптуу милдеттенмесинин колдонулушун токтотуу жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын расмий тилинде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаровго жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 396-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. "Кумтөр Голд Компани", "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомдору, Кыргыз Республикасынын министрликтери аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишти уюштурсун жана зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |