Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2017-жылдын 18-декабры № 244
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ипподромдун инфраструктурасынын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө абалын комплекстүү текшерүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобонун 23-пунктуна ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ипподромдун инфраструктурасынын абалына жерине баруу менен комплекстүү текшерүү жүргүзсүн;
- текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бир жумалык мөөнөттө конкреттүү жыйынтыктар жана сунуштар менен маалымкатты даярдашсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле ишке тийиштүү материалдарды талап кылууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н. Момуналиев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Бекбоев Адилет Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Абдуллаев Равшан Бактиярович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Бардинова Нуржан Арзыкуловна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Көкөчаров Урматбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары; |
Монолдоров Дамир Черикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Иманалиев Данир Белекович | - | Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким; |
Мамытов Эламан Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин алдындагы "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Орозобеков Залкар Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору. |