Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК
2018-жылдын 31-январы № 19
Аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарында аткаруучулук тартиптин жана жарандардын кайрылуулары менен "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштөөнүн 2017-жылдагы абалын изилдөө, ошондой эле бул маселелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кароо үчүн өз убагында даярдоо максатында:
1. Жумушчу топ 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ:
- 2018-жылдын 12-мартына чейинки мөөнөттө аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарында аткаруучулук тартиптин 2017-жылдагы абалын 2-тиркемеге ылайык изилдеп чыксын;
- 2018-жылдын 12-мартына чейинки мөөнөттө аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарында жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн 2017-жылдагы абалын 3-тиркемеге ылайык изилдеп чыксын;
- аткарылган иштердин натыйжалары боюнча конкреттүү жыйынтыктары менен маалымкат даярдасын.
3. Жумушчу топко мамлекеттик органдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыздашсын:
- жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык жетектөөнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынына материалдарды өз убагында даярдоону жана киргизүүнү.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н.Момуналиев |
1-тиркеме
Аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарында аткаруучулук тартиптин жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн 2017-жылдагы абалын изилдөө боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Байгазиева С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун башчысы, аткаруучулук тартиптин абалын изилдөө маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Саралаева Ж.У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары секторунун башчысы, жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалын изилдөө маселелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Молтоева А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун эксперти; |
Сокеев А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары секторунун референти; |
Абдылдаева А.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун референти; |
Рыскулова В.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунун референти; |
Арипова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча топтун башкы адиси; |
Шамбетов Д.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыз кылуу боюнча топтун адиси. |
2-тиркеме
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
3-тиркеме
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕСИ
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду