Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Распоряжение
РаспоряжениеКүчүндө

КР Президентинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги ПБ № 79 «Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө» буйругу

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ ПБ № 79
Кабыл алынган
2018-жылдын 26-апрели
Чыгарган
Президент

Реестрде

Минюст коду
216184

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция26.04.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2018-жылдын 26-апрели ПБ № 79

Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө

1. Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.

2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда көрсөтүлгөн Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков

 

Долбоор

Кыргыз Республикасы менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ

Кыргыз Республикасы жана Венесуэла Боливар Республикасы,

эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,

Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө жана урматтоо, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алуу менен,

1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган элчилердин деңгээлиндеги дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.

Ушуну ырастоо менен, тийиштүү түрдө тийиштүү ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус, англис жана испан тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ. Каршы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.

 

Нью-Йорк шаарында 2018-жылдын "___" _____________ түзүлдү.

 

Кыргыз Республикасы үчүн

 

Венесуэла Боливар Республикасы үчүн

__________________________

 

__________________________

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.