Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 29-марты № 106-б
Авиациялык коопсуздукту камсыздоо, формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү жана биргелешкен иштерди координациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу максатында:
1. Аба ташууларындагы авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык комитет (мындан ары - Ведомстволор аралык комитет) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ведомстволор аралык комитетке өз ишине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды зарылдыкка жараша, белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Ведомстволор аралык комитеттин сурамы боюнча керектүү маалыматтарды жана документтерди беришсин;
- Ведомстволор аралык комитеттин ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык комитеттин ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
1-тиркеме
Аба ташууларындагы авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык комитеттин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 154-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Коррупцияга карты күрөшүү кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары, ИКАО менен байланыштар боюнча улуттук координатор;
"Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Абадан коргоо күчтөрүнүн командачысы (макулдашуу боюнча).
Аба ташууларындагы авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык комитет жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Аба ташууларындагы авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык комитет (мындан ары - Ведомстволор аралык комитет) - аба ташууларындагы авиациялык коопсуздукту камсыздоо жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин? административдик ведомстволорунун ишин координациялоо үчүн багытталган коллегиялык орган болуп саналат.
2. Ведомстволор аралык комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин биргелешкен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
II. Ведомстволор аралык комитеттин курамы
3. Ведомстволор аралык комитет Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынан, төрагасынын орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат.
4. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын тескеген вице-премьер-министри саналат. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жок учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
5. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары болот.
6. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары болот.
7. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлеринин ичинен Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары тарабынан дайындалат.
III. Ведомстволор аралык комитеттин функциялары
8. Ведомстволор аралык комитеттин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эл аралык аба ташууларына карата колдонулуучу бажы формалдуулуктары жаатындагы саясаттын маселелерин кароо;
- авиациялык формалдуулуктар боюнча чараларды киргизүүгө карата консультацияларды берүү жана иштерди координациялоо;
- Аба ташууларындагы формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча Өкмөттүк программаны (мындан ары - Программа), Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин - 17 аткаруу боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу;
- Программаны жана Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана макулдашуу;
- программаларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жетекчилеринин биргелешкен буйруктарын иштеп чыгуу жана макулдашуу, алардын аткарылышын контролдоо жана талдоо;
- авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндөгү иш-чараларды макулдашуу;
- авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү уюштуруу;
- авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндөгү жооптуу кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча Ведомстволор аралык комитеттин кабыл алган чечимдерин (сунуштарын) ишке ашыруунун жана башка жетишилген келишимдиктердин жыйынтыктарын кароо (жыйынтыктарын талкуулоо);
- башка өлкөлөрдүн иш тажрыйбасын изилдөө, зарыл болгон учурда эл аралык кызматташууну ж.б. уюштуруу жөнүндө сунуштарды киргизүү.
- Ведомстволор аралык комитеттин чечими Протокол түрүндө ишке ашырылат.
IV. Ведомстволор аралык комитеттин укуктары
9. Ведомстволор аралык комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, жарандык авиация субъектилеринин кароосуна өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары боюнча макулдашылган сунуштарды киргизүүгө;
- Формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча программаны, Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин - 17 ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык авиация субъекттери, коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүүгө;
- өз компетенциясынын чегинде Формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча Өкмөттүк программаны, Кыргыз Республикасынын Авиация эрежелерин - 17 аткарууну камсыздоочу чечимдерди кабыл алууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана жеке мекемелерден жана ишканалардан маалымат суроого.
V. Ведомстволор аралык комитеттин ишин уюштуруу
10. Ведомстволор аралык комитет өз ишин ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын тескеген вице-премьер-министри тарабынан бекитилген жылдык иш планына ылайык жүргүзөт.
11. Ведомстволор аралык комитеттин ишинин негизги формасы болуп жыйындар саналат, алар зарылдыкка жараша өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комитеттин кезексиз жыйыны Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы тарабынан же Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн үчтөн бир бөлүгү колдогон Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча чакыртылат.
12. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү жыл сайын 31-декабрга карата Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басарына Ведомстволор аралык комитеттин келерки жылга иш планынын долбооруна киргизүү үчүн сунуштарын жиберишет.
Келип түшкөн сунуштардын жана Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын тапшырмаларынын негизинде төраганын орун басары аталган жылдык иш пландын долбоорун даярдоону уюштурат жана аны Ведомстволор аралык комитеттин жыйынында кароо үчүн Ведомстволор аралык комитеттин төрагасына берет.
13. Ведомстволор аралык комитеттин ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.
14. Ведомстволор аралык комитеттин жыйыны эреже катары Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде өткөрүлөт.
Ведомстволор аралык комитеттин жыйыны башка мамлекеттик органда өткөрүлгөн учурда, Ведомстволор аралык комитеттин жыйынына даярдык көрүү жана материалдык-техникалык камсыздоо Ведомстволор аралык комитеттин жыйыны өткөрүлүүчү мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен жана анын жетекчиси белгилеген тартипте ишке ашырылат.
15. Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарында кароо үчүн маселелер Ведомстволор аралык комитеттин жылдык иш планынын жана Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы тарабынан сунушталат. Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү тарабынан жыйындын күн тартибине киргизүү үчүн сунушталган маселелер аларды кароонун зарылдыгы тууралуу негиздеме жана тиешелүү чечимдердин (сунуштардын) долбоорлору менен Ведомстволор аралык комитеттин жыйынына чейин бир айдан кечиктирилбестен берилет.
Ведомстволор аралык комитеттин жыйынынын күн тартибине кошумча (кезексиз) сунуштарды Ведомстволор аралык комитеттин жыйынында Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча киргизүүгө болот.
16. Ведомстволор аралык комитеттин ар бир жыйынынын алдын ала күн тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана документтерди Ведомстволор аралык комитеттин жыйынында кароого даярдоо тартибин жана мөөнөтүн Ведомстволор аралык комитеттин катчысынын сунушу боюнча Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы же анын орун басары бекитет.
Алдын ала күн тартибинин долбоору, ошондой эле Ведомстволор аралык комитеттин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн мөөнөтү Комитеттин жыйынында каралат жана бекитилет.
17. Ведомстволор аралык комитеттин ишине эксперттик көмөктөшүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин адистерин жана эксперттерин, ошондой эле макулдашуу боюнча көз карандысыз адистерди жана эксперттерди тартууга болот.
18. Иштелип чыккан документтердин долбоорлорун Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы же анын орун басары Ведомстволор аралык комитеттин кезектеги жыйынын өткөрүү датасына чейин 10 күндөн кечиктирбей Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнө жиберет.
Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрү Ведомстволор аралык комитеттин кезектеги жыйынына даярдалган документтердин долбоорлорун карап чыгышат жана алар боюнча өздөрүнүн сунуштарын жана сын пикирлерин жыйынды өткөрүү датасына чейин 5 күндөн кечиктирбей Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басарына жиберишет.
Документтердин долбоорлорун жеткире иштеп чыгуу тартибин Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы же анын орун басары аныктайт.
19. Ведомстволор аралык комитеттин жыйынында Ведомстволор аралык комитеттин үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышкан учурда жыйын укуктуу болуп эсептелет. Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарын төрага жетектейт. Жыйында Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жок болгон учурда Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары жыйында төрагалык кылат.
Жыйындарда каралуучу маселелер боюнча чечим кабыл алууга министрликтин жана ведомствонун тиешелүү жетекчиси тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ээ болгон башка кызмат адамдары Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнүн ордуна катыша алышат.
Ведомстволор аралык комитет жыйындын башында Ведомстволор аралык комитеттин ар бир жыйынынын регламентин бекитет.
20. Ведомстволор аралык комитеттин жыйыны аяктагандан кийин 7 күндүн ичинде Ведомстволор аралык комитеттин катчысы жыйындын протоколун тариздейт.
21. Ведомстволор аралык комитеттин ар бир мүчөсү же ыйгарым укуктуу кызмат адамы каралуучу маселе боюнча протоколго киргизилүүчү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу.
22. Ведомстволор аралык комитеттин жыйынынын протоколуна Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жана катчысы кол коёт.
23. Ведомстволор аралык комитеттин жыйынында мамлекеттик жана расмий тилдер жумушчу тил болуп эсептелет.
VI. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы жана анын орун басары
25. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасы:
- Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарында төрагалык кылат;
- биргелешкен буйруктардын аткарылышын координациялайт.
26. Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басары:
- төрага жок учурда Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын функцияларын аткарат;
- Ведомстволор аралык комитеттин иш пландарынын долбоорлорун даярдоону уюштурат жана аталган планда каралган иш-чаралардын аткарылышынын контролдойт;
- Ведомстволор аралык комитеттин кароосуна киргизилген документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, жеткире иштеп чыгуу жана макулдашуу үчүн жумушчу жана эксперттик топторду уюштурат, аталган топтордун ишин жетектейт, ошондой эле Ведомстволор аралык комитеттин кароосуна документтерди даярдоону уюштурат жана контролдойт;
- Ведомстволор аралык комитеттин ишине тиешелүү болгон документтерди жана маселелерди макулдашат;
- документтерди даярдоону уюштурат жана Ведомстволор аралык комитеттин чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт;
- Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын көрсөтмөсү боюнча башка милдеттерди аткарат.
VII. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы
27. Ведомстволор аралык комитеттин катчысы:
- Ведомстволор аралык комитеттин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын орун басарына берет;
- Ведомстволор аралык комитеттин жыйынынын күн тартиби боюнча келип түшкөн сунуштарды жана материалдарды жалпылайт, Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун түзөт жана Ведомстволор аралык комитеттин жыйынын өткөрүү мөөнөтү жана орду жөнүндө сунуштарды даярдайт;
- Ведомстволор аралык комитеттин кезектеги жыйынынын күн тартибинин маселелери боюнча документтерди Ведомстволор аралык комитеттин мүчөлөрүнө таратат;
- Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарында кароого документтерди, аналитикалык, маалымдамалык жана башка материалдарды даярдайт;
- мамлекеттик органдар жана кызматтар менен Ведомстволор аралык комитеттин жыйынынын уюштуруучулук-техникалык камсыздоосун уюштурат;
- Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарына катышат жана Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарынын протоколдорун тариздейт;
- Ведомстволор аралык комитеттин жыйындарын өткөрүү мезгилинде өкүлдөр жана эксперттер менен биргеликте документтердин долбоорлорун жеткире иштеп чыгууга катышат;
- Ведомстволор аралык комитеттин документтерин эсепке алууну жана сактоону камсыздайт;
- Ведомстволор аралык комитеттин төрагасынын жана анын орун басарынын башка тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарат.