Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-майы № 167-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 152-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскаров Замирбек Марипбаевичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги № 153-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскаров Замирбек Марипбаевичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Убактылуу макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |